БШК диний ишмерди талапкер катары каттоодон баш тартты

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Боршайком Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышуу ниетин билдирген Мирлан Нурбаевди талапкер катары каттоодон баш тартты. УКМК Нурбаевдин документтерин текшере келгенде, ал кезинде "Араван Зекет" диний кайрымдуулук уюмун жетектегени, ошондой эле дагы бир "Ас-Сафа" аттуу диний кайрымдуулук фондунун өкүлү болгону аныкталган.

"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзам боюнча диний ишмерлер шайлоого кое берилбейт. Жарандар динге байланыштуу ишмердигин токтоткондон кийин беш жыл өткөн соң гана парламенттик шайлоого катыша алат.

Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоого 30 көп мандаттуу округдан жалпы 589 адам талапкер болуу ниетин билдирди. Алардын 365и эркек, 224ү аял экени такталды. Бардык округдар боюнча 13төн 25ке чейин талапкер болуп, өлкө боюнча ар бир округга орточо эсеп менен 19 талапкерден туура келүүдө.

Диний ишмерлер, коррупциялык иштерге аралашкандар, уюшкан кылмышкерлер менен байланышы барлар, соңку беш жыл ичинде өлкө аймагында туруктуу жашабагандар шайлоого кое берилбейт.

10-ноябрдан тарта өлкөдө шайлоо кампаниясынын экинчи этабы - үгүт өнөктүгү башталат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот.

БШКнын соңку маалыматы боюнча 5-ноябрга карата чет элдик кыргызстандыктар үчүн сыртта дагы үч шайлоо тилкеси ачылды. Алар Казакстандын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында жайгашты.

Шайлоого карата Боршайком чет жакта баш-аягы жүзгө жакын шайлоо участкасын уюштуруп жатат.