"Күйөөңдү кантип өлтүрүш керек" деген эссенин автору күйөөсүн өлтүргөнү үчүн соттолду

Сүрөттүн булагы, AP
АКШнын Орегон штатында “Күйөөңдү кантип өлтүрүш керек” деген эссе жазган жазуучу аял чынында эле күйөөсүн өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Төрт жылга созулган иликтөөдөн кийин арачы соттор 71 жаштагы жазуучу Нэнси Крэмптон-Брофи өзүнүн 20 жаштагы күйөөсүн атып өлтүргөнүн аныкташты. Ал өмүрдүн камсыздалганынан төлөнчү бир жарым миллион долларды алыш үчүн ушундай кылмышка барганы айтылууда.
Шеф-повар жана Орегон кулинардык институтунун окутуучусу Даниел Брофи 2018-жылы коллеждин кухнясында атылып өлтүрүлгөн жагдайда табылган. Башында анын аялы Нэнси Крэмтон-Брофиге шек деле түшкөн эмес экен. Бирок бара-бара кылмышты ашкере кылган далилдер табылган сайын анын бул киши өлтүрүүнүн артында турганы билинип калды.
Крэмптон-Брофи Америкада «Жаман күйөө» жана "Күйөөңдү кантип өлтүрүш керек" деген эссе чыгармалары менен таанылган жазуучу. Анын бир топ жыл мурда жазган эссесинде аялдарга жаман күйөөнү кантип өлтүрүү жөнүндө кеңештер берилген экен. Анда күйөөнү өлтүрүүнүн пистолеттен тартып бычак, уу, киши өлтүргүч жалдоо сыяктуу ыкмалары баары көрсөтүлгөн. Андан сырткары, бул кылмышты эч бир сыр алдырбай кантип акылдуу жасаш керектигин да кеңеш берген.
"Абдан тыкан, ырайымсыз жана акылдуу болуш керек. Киши өлтүрүү, акыры, мени өмүр бою түрмөгө салбай, бардык муктаждыктан куткарып чыгышы керек", - деп жазган убагында Нэнси Кремптон-Брофи.
Орегондогу судья бул жазуучунун көп жыл мурда жазган эссеси сотто кылмыш жасалганына далил болуп бере албайт деп чечим чыгарды. Бирок арачы соттор прокуратуранын бул аял күйөөсүнүн өмүрүнүн камсыздалганына төлөнчү акчаны алып, финансылык кыйынчылыктарын чечкиси келген деген жүйөсүнө ынанышты.
Ал күйөөсү өлгөндөн кийин камсыздандыруучу уюмдардан бир жарым миллион долларга жакын акча алып, жашоосу оңолуп, жыргап калган экен.
Ошондой эле автор киши өлтүрүү кылмышы болгон жерге баратканы тартылган видео жазуулар да далил болуп каралды. Киши өлтүрүү кылмышында колдонулган куралдын өзү табылбаса да, ал ошого окшош маркадагы жана моделдеги пистолет сатып алганы сотто эске алынды.
Мобилдүү телефондон алынган маалыматтарга караганда, жаман ойдо жүргөн жазуучу каттоосу жана текшерүүсү жок мылтык аткан жайларга барып, акырын машыгуудан өткөн.
Сотто Крэмптон-Брофи өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган жок, бирок далилдердин баары анын айыбын кашкайта көрсөтүп турду. (КС)































