Абайланыз! Аз кандуулук кош бойлуу аялдарга чоң коркунуч
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Балдардын жана энелердин тамактануусу боюнча изилдөөдө эң негизги көйгөй - аз кандуулук өнөкөтү болуп чыкты. Атайын жүргүзүлгөн изилдөөгө жалпы өлкө боюнча жети облус жана эки чоң шаардан 3452 үй-бүлө катышкан.
Организмде темир, гемоглобин же эритроциттердин жетишсиздиги аз кандуулукту пайда кылат. Изилдөө көрсөткөндөй, аз кандуулук же темирдин жетишсиздиги 6 айдан 69 айга чейинки жаш балдардын арасында 20,9% көрсөтүлгөн, 5-9 жаштагы балдардын арасында 7,8%, 10-14 жаштагылардын арасында 14%, 15 жаштан 49 жашка чейинки репродуктивдүү аялдардан 25,3 % чыккан. Адистер бул жөн гана карап койчу статистика эмес дейт. Аз кандуулук деп эле айтылганы менен анын артында толгон токой оорууга, организмдин өксүктөрүнө өбөлгө түзүп коё турган кооптуу тобокел турат. Алдын алуу эң жакшы жолу. Эми кенен чечмелеп берели.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Коркунучтуу көрсөткүч”
“Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, эң курч маселе - боюнда бар аялдардын арасындагы аз кандуулук болуп чыкты. Пайыздык көрсөткүч менен алсак, 49,3% аялдарда аз кандуулук далилденген. Бул өтө коркунучтуу. Анткени кош бойлуулуктун биринчи семестринде энеде аз кандуулук болсо, ал түйүлдүккө түздөн-түз өтүп, кайсы бир деңгээлде анын өрчүшүн толук токтотуп, жайлатып коюшу мүмкүн. Же мөөнөтүнөн мурда төрөлүп калышы ыктымал. Ал тургай баланын өлүмүнө да алып келүү коркунучу менен коштолгон мисалдар бар. Ошондой эле аз кандуулук төрөт учурунда эле эмес, төрөттөн кийин дагы залакасын тийгизиши мүмкүн. Мисалы, төрөгөндөн кийин кан кетип, эмчектен сүттүн чыкпай калышына да алып келген учурлар болот”,- деди Ресупбликалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Марина Дүйшөнкулова.
Жаш балдарды “акылсыздыкка” алып келиши мүмкүн

Илимде жаш балдардагы аз кандуулук да абдан олуттуу көйгөй экени далилденген. Себеби, аз кандуулук түздөн-түз иммундук системага таасирин тийгизет. Анын кесепетинен ымыркай кезинен тарта эле жугуштуу ооруларга тез чалдыгат. Себеби дени-сак деген жаш балада деле иммунитет ансыз да толук калыптанып бүтө элек мезгили. Ага аз кандуулук кошулган шартта бала биринчиден жугуштуу оорууларды тез кабыл алат, сакайып кетүүсү кечеңдейт. дегеле аз кандуулукта адам алсырап, тез чарчайт. Ишке болгон жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.
Ичеги-карын, ашказан ооруларын да козгойт. Андан тышкары жүрөк-кан тамыр ооруларына да таасирин берет. Анткени, кан басымы төмөндөөнүн үстундө болот. Жаш балдар мунун айынан башы ооруп, башы айланып, эсин дагы жоготот. Аябай күчөп кетсе, нерв системасына чейин таасирин берип, “акылсыздыкка” же болбосо окууда, иште артта калуусуна алып келет. Анткени, кан аз болгондо, кычкылтектин жетишсиздиги келип чыгат дагы, кычкылтек эң керектүү орган болгон нерв системасына залакасын тийгизип баштайт. Кандын эң негизги аткарган ишинин бири адамдын бүтүндөй дене боюна кычкылтекти, азыкты, жылуулукту ташуу. Кан аз болгон шартта бул функция толук кандуу аткарылбайт. Демек, кандын айлануусунда маселе жаралса организмде жогорудагы көрсөтүлгөндөр жетпей баштайт.
Туура тамактануу маанилүү...
Айгерим Арыкова бир топ жылдан бери аз кандуулук менен күрөшүп келет. Анын үч баласы бар. Төрөт маалында кан кетип, дайыма кошумча кан куйдурууга аргасыз. Темирдин жетишсиздигинин азабын көп тарттым дейт ал.
“Отуруп-турганда, көз тумандап, башым айланат. Тез эле чарчап, жаным жер тартып, жаткым эле келе берет. Анан тамакка табит да жоголот, эч нерсе жегим келбей калат”,- деди Айгерим.
Бирок азыр балдарынын канын көзөмөлдөп турат. Ал үчүн алдын алуу иретинде кызылча, жаңгак жеп, анардын ширесин жана бозону дасторкондон өксүтпөгөнгө аракет кылат.
“Дарыгерге барып көрүнүп, аз кандуу экенин угуп туруп деле дарыгердин айткандарын жасабагандар бар. Мен дарыгер жазып берген дарылардан тышкары дагы тамактанууга көңүл бурам. Себеби, биздин организмдеги бардык оорулар ошондон келип чыгат. Анан организмди “уга” билгенди үйрөнүш керек экен. Мисалы, мен аябай курут жегим келчү кээде. Ал убакта демек, менде кан азайып кеткен болот. Же тан ичким келет. Мындай туздуу, анан ак нерселерди жегиң келсе, каның азайып кеткенин билдирет деп түшүнүп калдым. бул менин жеке байкоом. балким ар кимде ар башка белги береттир. Андайда дароо канымды текшертип, дарыланып баштайм. Антпесе, балдарың да, өзүң да толук кандуу окуй албай, жумуш кыла албай кыйналасың. Бара-бара оор ооруларга дагы алып келет”,- деди Айгерим.
Аз кандуулукту дарыласа болот
Онкогемотология бөлүмүндө бөлүм башчы, Шербет Жусупова дагы аз кандуулук көбүнчө энелерде жана жаш балдарда кездешет дейт.
“Аялдарда, кыздарда 12 жаштан болжолдуу 50 жашка чейин айыздык цикл (менструация) бар. Ар бир аялдын гормоналдык фонуна жараша кан кээ биринде аз кетет, кээ биринде көп кетет. Ошол норманы кантип аныктай алабыз? Мисалы бир айдын ичинде кеткен кандын көлөмү 50 мл болсо, ал кайра күнүмдүк жеген тамак-аш менен компенсация болушу керек деп эсептелинет. Эгер андан көп болсо, акырындан темирдин жетишсиздиги келип чыгат. Бара-бара ал гемоглоабиндин азайышына жана аз кандуулукка алып келет. Демек, азыктануу аркылуу канга түшкөн темир менен чыгып кеткен темирдин балансы бузулганда, анын жетишсиздиги келип чыгат”,- деди Онкогемотология бөлүмүндө бөлүм башчы Шербет Жусупова.

Кан ооруларынын дарыгери ошондой эле темирдин жетишсиздигин убагында дарылоо маанилүү экенин айтты. Анын билдиришинче, толук дарылоо мүмкүн, болгону доктур жазып берген дарылоо схемасын сактап, туура тамактануу зарыл.
“Аз кандуулукту дарыласа болот. Пациенттер тутумунда темири бар дарыларды узакка ичиш керек. Бир жума, же он күн эмес. Мисалы, гемоглабини 80 болгон аял 40 күн дарылоо дозасын ичиш керек. Андан кийин 50% ченем менен дагы эки ай ичиш керек, бул ферритиндин запасы үчүн. Анан албетте, туура тамактануу маанилүү”,- деди Жусупова.
Өлкөдө соңку мезгилде энелердин төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болуп калышы токтобой келе жаткан көйгөй. Адистер мунун башкы себеби катары аялдар арасындагы аз кандуулуктан көрүшөт.
Жогоруда аталган изилдөөнүн жыйынтыгында Саламаттыкты сактого министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлүп, анемияны алдын алуу боюнча атайын план иштелип жатат. Ошондой эле туура тамактануу боюнча улуттук колдонмо да жасалып жатканы айтылды.































