Трамп Украинага кайрадан курал-жарак бериле турганын айтты. Пентагон жеткирүүнү баштаганын жарыялады

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Украинага курал-жарактын жаңы партияларын жөнөтөөрүн айтты. Көп өтпөй эле Пентагон курал-жарактар жөнөтүлө баштаганын расмий жарыялады.

"Биз аларга көбүрөөк курал-жарак жөнөтөбүз. Алар өздөрүн коргошу үчүн, биз муну аткарышыбыз керек. Согуштун оор учуруна жетти, алар азыр абдан катуу соккуларга туш болууда. Биз дагы курал-жарак жөнөтүшүбүз керек, негизинен коргоно турган кошумча куралдар. Бирок кыйратуучу соккулар көбөйдү. Бул баш аламандыкта канча адамдын өмүрлөрү кыйылып жатат", – деп Дональд Трамп журналисттерге билдирди. Дүйнөлүк басылмалар кабарлагандай, ал Путиндин жүрүм-турумуна нааразы экенин дагы бир ирет кайталады.

Жаңы курал жеткирүү боюнча Трамп кенен маалымат берген жок. Бул тууралуу болгону Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кечки тамактын алдында учкай сөз кылды.

"Биз тынчтыкты бекем орнотуу иштерин жүргүзүп жатканда украиналыктар өздөрүн коргош үчүн президент Трамптын буйругу менен Коргоо министрлиги Киевге коргоно турган кошумча куралдарды жиберет", – деп айтылган Пентагондун расмий өкүлү Шон Парнеллдин билдирүүсүндө.

Парнелл курал-жарактын кандай түрлөрү жөнөтүлөөрүн ачыктаган жок.

Аталган министрликтин расмий өкүлүнүн айтымында, АКШ дүйнө жүзү боюнча аскердик жардамды кайра карап чыгууну улантат. Буга чейин Украинага аскердик жардамдын токтотулушун америкалык расмий өкүлдөр ушул ревизия менен байланыштырган эле.

Өткөн аптада – адегенде прессадан, андан кийин расмий булактардан – Пентагон Киевге курал-жарак берүүсүн токтоткону белгилүү болгон.

Алгач Батыш медиаларында Вашингтон Киевге делген зениттик ракеталардын жана жогорку тактыктагы курал-жарактардын айрым түрлөрүн чектегени кабарланган.

Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт бул "тыныгуу" АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыгуу, Американын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу чечими кабыл алынганына байланыштуу экенин маалымдаган.

"Бул Пентагондун стандарттык текшерүүсү. АКШ бийлиги Украинага гана эмес, бардык өлкөлөргө көрсөткөн аскердик жардамдын жана жөнөтүлгөн курал-жарактардын ревизиясын өткөрөт", – деп Левитт брифингде билдирип, текшерүү Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин буйругу менен жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

"Пентагон жөнөтүп жаткан аскердик ок-дарылардын баары биздин армиянын кызыкчылыктарына дал келээрин тастыктоо максатында тыныгуу алынган", – деген Левитт.

Дүйшөмбүдө Politico басылмасы анонимдүү булактарына таянып, АКШ бийлиги курал-жарактардын айрым түрлөрүн жөнөтүүнү Трамптын атайын өкүлү Кит Келлог менен Украинанын коргоо министри Рустем Умеровдун бир нече жолугушууларынан кийин жанданткан болушу ыктымал экенин жазып чыккан. Алардын сүйлөшүүлөрү ушул жана кийинки аптага пландалган эле.

Басылмага маек бергендер АКШ Украинага жакын арада инженердик техникаларды жана "айрым брондолгон унааларды" жиберээрин айткан, бирок так мөөнөтүн белгилеген эмес.

Кит Келлог менен Рустем Умеров ушул жумада Римде, кийинки аптада Киевде эки жолу жолугушаары күтүлүүдө.

Украинанын мамлекет башчысы Володимир Зеленский жума күнү Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн "өтө маанилүү жана пайдалуу" деп сыпаттады.

АКШ президенти менен Орусиянын ракета жана дрон чабуулдарын, ошондой эле "абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдорун" сүйлөшкөнүн Зеленский өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган.

Мындан тышкары ал Трамп менен аскердик продукцияны биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулаганын билдирген.

Анын алдында, тагыраагы бир күн мурун Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө ичи чыкпаганын билдирген.

"Согушту токтотууга кызыкчылыгы жоктой, өмүрлөрдүн кыйылышын көздөгөндөй", – деди өкүнүү менен Трамп. Буга чейин ал нечен жолу Путин тынчтыкты каалайт деп ишенимдүү айтып келген.

Бул ирээт Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнүн натыйжалуу деп атады. Ал журналисттердин Украинага Patriot абадан коргонуу системасына ракеталарды жиберүү боюнча суроолоруна "ооба, балким" деп жооп берди. (КВ)