You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Ислам мамлекетинин" лидери жок кылынды, "Семетейчилердин" сынагы өтөт
"Ислам мамлекетинин" Чоң Сахарадагы лидери жок кылынды
Франциянын куралдуу күчтөрү "Ислам мамлекетинин" Чоң Сахарадагы лидерин жок кылышканын шаршембиде Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдирди.
Аднан Абу Валид ас-Сахрави Батыш Африкадагы Сахель аймагында "ИМ" лидери катары таанымал эле. Анын кол астындагы куралдуу топтор 2017-жылы америкалык аскерлерге кол салышканы белгилүү.
2020-жылы Сахрави алты француз кайрымдуулук кызматкерин жана алардын нигериялык айдоочусун өлтүрүүгө жеке өзү буйрук берген деп айтылат француз президентинин кеңсесинин кабарында. (КС)
Кыргызстанда алгачкы жолу «Семетейчилердин» Республикалык сынагы өтөт
202-жылдын 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык VI фестивалынын алкагында алгачкы жолу "Мыкты Семетейчи" Республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Сынактын негизги максаты - семетейчиликти аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу жана жаш семетейчилерди жалпы коомчулукка тааныштыруу, калың элди руханий агартуу маселесин колго алуу.
Катышууну каалагандар кененирээк маалыматты Маданият министрлигинен алса болот. (MD)
Коронавирустан дагы үч адам каза тапты
Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку суткада Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы үч киши каза тапканын тактады. Алардын экөөсү Бишкектин, бири Нарындын тургуну.
Ошону менен 2020-жылдын март айында пандемия башталгандан бери 2 миң 581 киши коронавирустан каза тапты.
Оорунун жайылуу темпи басаңдап, 16-сентябрга карата ковид жана пневмония белгилери менен 95 адам аныкталды.
Вирус Бишкек менен Ош шаарларында кенен жайылып жатат. Оору соңку суткада Таласта катталган жок. (EK)