Кыргызстан: Эгемендикке 30 жыл

Published

Кыргызстанда эгемендиктин 30 жылдыгына арналган майрамдык иш чаралар өтүүдө. Бишкекте “Ала-Тоо” аянтында аскердик парад болду. Баш калаанын эмгек жамааттары дагы параддан өтүштү. Президент Садыр Жапаров калкына куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Албетте, отуз жыл ичинде өнүгүүнүн улуттук табиятка төп келген, оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, биз ар кандай сыноолорго кабылдык. Олку-солку жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизди.  Натыйжада, эки президенттин өлкөдөн безе качып, бирөөсү камакта жатканы, бир нече премьер-министрдин коррупцияга байланыштуу айыпталышы - улуттук оор, кайгылуу тажрыйба болду”,-деди президент.

Кыргызстанда өткөн жылы октябрда шайлоо чырга айланып, массалык толкундоолор бийлик алмашууга алып келди. Бийликке келген жаңы күчтөр өлкөгө президенттик башкарууну кайрадан орнотушту. Алдыда кезектеги парламенттик шайлоо турат.

Пандемиянын шартында чек аралар жабык болуп турган шартта экономикада кыйынчылыктар болду. 2020-жылы экономикалык өсүү темпи 8,6%га төмөндөдү. Бирок президент 2021-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча кээ бир тармактарда өсүш бар экенин айтууда:

“Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык. Соода-сатык жокко эсе. Албетте, мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн түшүшү төмөндөйт. Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда. Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык”.

Президенттин айтымында, 17 миллиард сом стабилизациялык фонд түзүлөт, ошондой эле чакан жана орто бизнеске үстөгү жок 6 миллиард сом бөлүнмөкчү. (КС)