АКШ: Сенатта Украинага жардам жөнүндө мыйзам долбоору өтпөй калды

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШнын Сенатында республикачылдар Украинага жардам жөнүндө мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшту.
Негизги себеби, мурда күтүлгөндөй эле, Мексика менен чек араны бекемдөө жана иммиграциялык саясатты күчөтүү маселесинде демократтар менен тил табыша албагандыгы болду.
110 миллиард доллар наркындагы пакеттин 61 миллиард доллары Украинага каралган, калганы Израилге, Газага жана чек араны бекемдөө чараларына жумшалмак.
Республикачылдар Украинага ар бир жардам иммиграция чөйрөсүндөгү масштабдуу реформалар менен бир бүтүндүктө чечилип, АКШдан баш калка берүү саясаты кайра каралышы керек деп жатышат.
Пакетте чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары каралган, бирок республикачылдар баш калка берүү жана иммиграцияны көзөмөлдөө эрежелеринде чечкиндүү реформаларды талап кылууда, ошол себептүү демократтар менен сүйлөшүүлөр кыйындап кетти.
Натыйжада процедуралык добуш берүүдө 51 сенатор каршы добуш берди, 49 сенатор мыйзам долбоорун талкуулоону улантууга макул болду. Талкууну баштоо үчүн 100 добуштун ичинен 60 кем эмес керек болчу.
Бардык сенатор-республикаылдар каршы добуш берди, аларга көз каранды эмес сенатор Берни Сандерс да кошулду. Ал солчул көз караштагы саясатчы, ошондуктан Израилге аскердик жардамга миллиарддаган доллар каралган пакет ага жаккан жок.
"Нетаняухунун оңчул экстремисттик өкмөтү азыркы аскердик жолоюн улантсын үчүн ага он миллиард доллардан ашык бөлүш керек деп эсептебейм",-деди Сандерс Газа тилкесиндеги ЦАХАЛ жүргүзүп жаткан, көп сандаган жайкын адамдар курман болгон согуштук операцияга токтолуп.
Ак үй АКШнын Украинага каралган каражаттар жакында түгөнөт деп эскертүүдө. Сенатта добуш берүүнүн алдында АКШнын президенти Жо Байден жардам жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн чек ара маселесинде олуттуу компромисске барууга даяр экенин билдирди.
Жо Байдендин айтымында, сенаторлор жардам жөнүндө мыйзам долбоорун токтоосуз кабыл алышы керек.
“Конгресстеги республикачылдар Путинге анын тилегин кабыл кылып, абдан зор белек тартуу кылганга даяр”,-деди президент Байден.
Шаршембиде Байдендин администрациясы бекиген каржылоонун эсебинен Украинага 175 миллион доллар суммасындагы жаңы жардам бөлүү жөнүндө жарыя кылды. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Бирок сенаторлор АКШнын чек арасынын коопсуздугуна эмне чара көрүү керектигин кыжылдашып баштап, натыйжада республикачылдардын он чактысы демократтар менен тил табыша албай жыйындан чыгып кетишти.

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшембиде америкалык мыйзамчылардын алдында видеобайланыш менен чыгып сүйлөмөк, бирок “соңку мүнөттөрдө чыга калган суроодон” улам аны токтотту, деп Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер билдирди. Сенатор аны чечмелеп айтып отурган жок.
Капитолийдеги эрегиш фронттогу абалды коркунучка кептеши мүмкүн, ошондуктан Киевдин маанайы түшүүдө.
Жардам пакетин кароо маселеси добуш берүүдө өтпөй калгандан кийин Чак Шумер “Украинадагы демократияны коргоого” Сенаттагы кесиптештерин чакырып чыкты.
“Силер бөркүңдөрдөй көргүлө, Владимир Путин кунт коюп карап турат”,-деди Шумер.
Сенатта мыйзам долбоорун алып өтүү үчүн республикачылдардын тогуз добушу керек эле, бул бир топ татаал болуп чыкты.
Бирок Украинага жардам берүүнү улантууну жактагандар чечкиндүү турушат. “Украиндер демократия үчүн күрөштө алдыңкы катарда турат”,-деди журналисттерге Массачусетстен демократ Элизабет Уоррен. – “Сөз эркиндик жөнүндө болуп жатат”.
Айрым сенаторлордун айтымында, эгер сүйлөшүүлөр улантыла турган болсо, Конгресс каникулга кеткенге чейин макулдашууга жетишеби деген да суроо бар.
Мыйзам долбоору Сенаттан өткөн күндө да республикачылдар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасында олуттуу каршылыкка учурашы мүмкүн.
Палатанын спикери Майк Жонсон шейшембиде Сенатка эскертип айтты: чек аранын коопсуздугун камсыздоо чаралары каралбай туруп, Украинага кандайдыр бир жардам маселеси колдоого алынбайт. (КС)































