Диний бала-бакчаларга уруксатпы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Билим берүү министрлиги Айдаркен шаарындагы жеке менчик бала-бакчадагы окуя боюнча УКМК жана Башкы прокуратурага кайрылды.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
“Сумая Айдаркен” бала бакчасында Каабанын макетин айланып баскан балдардын видеосу тарап, бул коомдо катуу резонанска алып келген.
Окуя боюнча жергиликтүү милиция да териштирүү жүргүзүп жатат.
Билим берүү министрлиги “Сумая Айдаркен” бала бакчасынын жетекчилиги билим берүү жана дин тутуу жөнүндөгү мыйзамдарына каршы иш алып барган деген бүтүмгө келди.
Нурзида Касымова, Билим министрлигинин өкүлү:
“Жашы жете элек балдарды диний багытка мажбурлап билим бергенге эч кимдин укугу жок болчу. Бул окуя байланыштуу тийиштүү администрация жана кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кат жолдонду”.
Кадамжай районундагы жеке менчик бала бакчанын билим берүүгө уруксаты болгон эмес. Билим берүү министрлиги бул бакчага лицензия берүүдөн үч жолу баш тарткан экен.
Өз алдынча иш баштаган бул бала бакча диний багытта да билим берүүгө аракет кылып, эми туш-тараптан иликтөөлөргө дуушар болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Орозо айт майрамына карата балдарга ажылык сапарында жана Умра сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берүү максатында ачык саат уюштурулуп, ачык саат учурунда балдар бакчасынын ичине жасалган Каабаны айланып келме айтышкан учурду тарбиячысы видео тасмага тартып, ата-энелерге отчет иретинде ватсапп группасына жөнөткөн”, -деди Баткен ОИБдин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова.
Бул окуя өлкөдө барган сайын популярдуу болуп бара жаткан диний бала бакчалары тууралуу маселени көтөрдү.
Бишкек шаарында ушу тапта диний тарбия берген ондогон балдар бакчасы иш алып барууда. Коомдук сайттардагы алардын жарнамаларында бул ачык айтылат.
Педагог Асылбек Жооданбеков коомдо азыр ата-энелер тарабынан диний билим берүүгө суроо-талап күчөп жатканын айтат:

“Кээ бир билим берүү мекемелерине келип ата-энелер сурап калган учурлар бар. Ислам баалуулуктарын сиңиришбиз керек, арабча окутасыңарбы деп. Бул багытта талаптын бар экенин көрүп жатабыз. А бирок мен ата-эне, педагог катары айтат элем: баланын жалпы өнүгүүсүнө, дүйнө таануусуна, турмуштагы компетенцияларына багыт жасасак, ал эми дин таануусун өзүнүн ыктыярына койсок”.
Кыргызстанда жети жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 118 миң. Анын бештен бири гана бала бакчага барат.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жеткинчектерге өзүнчө диний билим берүү каралган эмес.































