АКШнын эң катаал санкциясы Орусиянын мунай рыногун муунтабы?

Сүрөттүн булагы, Rizwan Tabassum/AFP
Орусиянын мунайын ташыган ондогон танкерлери Кытайдын, Сингапурдун жана Орусиянын жээктерин айланчыктап же порттордон алыс жерлерде якорын таштап коюп токтоп туруп калды. Бул көйгөй 10-январь күнү АКШ Украинадагы согуш башталгандан бери карай орус мунай секторуна каршы эң катаал санкциясын салганынан улам келип чыкты. Бул Орусиянын "көмүскө флотуна чейин" көйгөй жаратып, ошондой эле алардын иштеп турушун камсыздаган компанияларга чейин катуу таасирсин берди.
Reuters агенттигинин байкоо сала турган MarineTraffic жана LSEG уюмунун маалыматтарына таянып даярдаган анализине караганда, ар кайсы жерде кеминде 65 танкер якорын чөктүрүп туруп калды. Алардын көпчүлүгү Орусиянын жээктеринде турат. Балтика деңизинде жана Ыраакы Чыгышта туруп калышты. Кытай портторуна катарлаша беш танкер токтосо, дагы жети танкер Сингапурдун жээктерин бойлой кыймылын токтотту.
Токтоп калган кемелердин ичинен жыйырма беши буга чейин Ирандын портторунда жана Суец каналынан алыс эмес аймактарда жүрүшкөн эле.
АКШнын соңку катаал санкцияларынан улам АКШ менен Индия Орусиянын мунайын албай турушканы белгилүү болду. 10-январь күнү Кошмо Штаттары Орусиянын нефть компанияларына жана "көмүскө флотуна" каршы киргизген санкциялары 180ден ашуун кемеге таасирин тийгизди.
Bloomberg басылмасынын маалыматтарына караганда, Olia, Mermar жана Huihai Pacific Кытайдын Шаньдун провинциясындагы портторго кирээрде токтоп туруп калды. Алар Орусиянын тынч океандагы Находкиден алыс эмес аймагында жайгашкан Кузьмино портунан эки миллион баррелден ашуун нефтини ташып бара жатышкан. Бул Кытайдын Shandong Port Group операторунун санкцияга кабылган кемелер портко кабыл алынбайт деген тыюусунан кийин болуп олтурат.

Сүрөттүн булагы, Roni Rekomaa/Bloomberg
Ошол эле учурда Индияда дагы Орусиянын мунайын ташыган кемелерге порттор жабык боло турганы маалым болду. Bloomberg басылмасы 10-январга чейин зафрахтовкаланган (жүк ташуу эрежелериндеги уруксат иштерин камтыган түшүнүк) кемелер 12-мартка чейин жүгүн бошотушу керек. Мындан сырткары Индия банктары нефтинин кайдан чыкканын тастыктаган сертификаттарды талап кыла турган болду. Бул аракеттер санкцияга кабылган кемелердин кирип кетишин токтотуу максатында кабыл алынган чара.
Орусиянын жана Азия өлкөлөрүнүн жээктерин бойлой орусиялык кемелер чөктүрмөктөрүн таштап, акыйып туруп калган чакта Испанияда дагы ушундай эле көрүнүш болду. Газ ташыган Cool Rover "Газпром" заводдорунан алынган жүгү менен туруп калды. Бул тууралуу The Bell (Орусияда "чет өлкөлүк агент" деп таанылган) жазып чыкты. Газ ташуучу компания дагы АКШнын 10-январдагы сакциясына кабылган.
Рыноктун реакциясы: Кытай менен Индия жаңы сатуучуну издейт

Сүрөттүн булагы, Carsten Snejbjerg/Bloomberg
Чектөөлөрдү киргизүү деңиз бетиндеги коллапс менен эле чектелген жок. Ал рыноктун өтө тез реакциясы менен дагы коштолду. Москва биржасында орусиялык нефть компанияларынын акциялары өткөн аптанын жума күнүнөн тарта эле түшө баштады. Ал учурда санкция тууралуу имиш-имиштер тарай баштаган эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Санкция киргизилген алгачкы эки күндө эле орусиялык нефть компаниялар ("Сургутнефтегаз", "Газпром нефть" жана "Роснефть") 3.5 млрд долларга арзандап, баасын жоготту.
Ошол эле учурда 13-январь күнү кечинде нефтинин баасы соңку төрт айдагы максимумуна жетти. 8-январдан бери карай дароо 8 пайызга кымбаттады. Бул мурда орус мунайын сатып алып жүргөндөр эми санкциялардан улам башка сатуучуларды издейт деп күтүлүп жаткан учурга туш келди.
Мында биринчи кезекте Кытай жана Индия тууралуу сөз болуп жатат. Европа өлкөлөрүнө мунай ташууга эмбарго киргизилгенден кийин аталган эки өлкө орус мунайынын эң негизги кардарлары болуп калган эле.
Санкцияга кабылган айрым бир кемелер Ирандан дагы нефть ташып жүрүшкөн.
Индия — орус нефтисинин эң чон импортеру. Орусиянын деңиз аркылуу экспортунун 60% Индиянын үлүшүнө туура келет.
Индиянын мунайды кайра иштете турган заводдору санкцияга кабылган компаниялар жана танкерлер менен кызматташпай калгандарына карабай жакынкы эки айда Орусидан ташуулардан өксүбөй турушкандыгын Reuters агенттиги жазып чыкты.
Bloomberg Индиянын мунайды кайра иштетүүчү мамлекеттик ишканалары АКШнын орус мунайына тиешелүү соңку санкциялары убактылуу деп эсептей турганын жазды. Себеби алар Трамптын командасынын Орусияга карата мамилеси лоялдуу деп санашат.
Мындан сырткары алар Москва мунай жеткирүү үчүн санкцияларды айланып өтө турган жолдорду ойлоп таап чыгышат. Жалпылап келгенде бул мүмкүн боло турган иш. Аналитиктер Орусиянын "көмүскө флотунун" чыныгы саны 600 кеме деп баалап жатышат. Ошол эле учурда Индия мунай жеткире турган башка булактарды да издеп жаткан чагы.
Кытай дагы альтернативдүү булактарды издештирип жатат. Bloomberg басылмасынын жазганына караганда, Пекин жакынкы Чыгыштан, Африкадан ошондой эле Түндүк жана Түштүк Америкадан караштырып жатканы талашсыз.
Эки өлкөнүн бийлиги тең түзүлүп калган кырдаал боюнча үн каткан жери жок.
Анткен менен индиялык жана кытайлык компаниялардын жаңы шарттарга ылайыкташуу аркеттери танкерлердин жүк ташуу төлөмдөрүнүн кескин көтөрүлүшүнө алып келди. Жакынкы Чыгыш – Кытай маршрутунда мунай жеткирүү саналуу күндө эле 40 пайызга жогорулап кетти.
"Көмүскө флотко" каршы санкциялар
1-январда АКШ Орусиянын мунай тармагына салган санкциялары коллапсты курчутуп жиберди. Санкцияга "Газпром нефть", "Сургутнефтегаз", алардын туунду компаниялары жана Украинада согуш башталгандан бери карай Орусия өз мунайын дүйнөнүн булуң-бурчуна ташытып жаткан 180ден ашуун кемеси кабылды.
Санкциялардын бул топтому Орусия үчүн соңку жылдардагы эң олуттуу санкциялардан болуп калды. Vortexa аналиткалык компаниясынын талдоолоруна караганда, санкцияга кабылган кемелер 2024-жылы суткасына 1,5 миллион баррель мунай ташып турган. Бул дүйнөлүк суроо-талаптын 1,4 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт.































