БУУ: Израил АКШнын Газага гумжардамды көбөйтүү талабын аткарбай жатат

Газанын Бурейж качкындар лагеринде тамак аш алууга келген палестиналык балдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газанын Бурейж качкындар лагеринде тамак аш алууга келген палестиналык балдар
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиндерге жардам берген UNRWA агенттиги Израил Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү боюнча АКШнын талабын толук аткарбай жатканын айтып чыкты.

АКШ буга чейин коюлган талаптар аткарылбаса, Израилге аскердик жардам азайтыларын эскерткен.

Мамлекеттик катчы Антони Блинкендин 13-октябрдагы катында, АКШ Израилден 12-ноябрга чейин Газага күн сайын кеминде 350 жүк ташуучу унааны киргизип турууну суранган.

Аймакта согуш башталганга чейин күн сайын 500-600 унаа Газа тилкесине гумжардам жеткирип турган.

"Израил белгиленген мөөнөттө жетиштүү иш жасадыбы?" деген суроого Газанын борборунда жайгашкан UNRWA агенттигинин өзгөчө кырдаал боюнча улук координатору Луиза Уотерридж "жок" деп жооп берди.

"Бизге колдоо жетишсиз, азык-түлүк жетишсиз, – деди ал Би-Би-Сиге. – Кээ бир аймактарда ачарчылык болуп жатат. Эл кесерип калды. Аларга тамак-аш жетишпейт. Бир кап унду талашып, мушташып жатышат".

Газада ун талашкан эл, 3-ноябрь, 2024-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газада ун талашкан эл, 3-ноябрь, 2024-жыл

БУУнун маалыматы боюнча, Газага келген жардамдын көлөмү азыр бир жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге жетти. Улуттар Уюмунун колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн отчетунда, акыркы бир айда Газанын түндүгүнө өтө эле аз жүк ташылып келгени жана ачарчылык коркунучу жакындап калганы эскертилди.

Уюмдун жардам агенттиктеринин жетекчилери Газанын түндүгүндө болуп жаткан окуяларды акыр заманга теңеди.

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган башкармалыгынын (OCHA) эсеби боюнча, акыркы бир айда Газага күнүнө орто эсеп менен 40тан бир аз ашык жүк ташуучу унаа кирген.

Израил өсүш бар экенин ырастоодо

Буга жооп катары Израил Газага кирип жаткан жардамдын көлөмү кыйла өскөнүн ырастоодо.

Алар OCHA агенттигинин жүк ташуучу унаалардын саны боюнча маалыматтары так эмес деп эсептейт. Израил БУУнун агенттигин келген гумжардамды өз убагында бөлүштүрбөй жатат деп айыптады.

Израил мунун айынан жүк ташыган жүздөгөн унаа чек аранын Газа тарабына топтолуп, жардам агенттиктери аларды алып кетишин күтүп жатканын билдирүүдө.

Газага кирүү үчүн кезек күтүп жаткан  гум жардам жүктөлгөн унаалар. Эрез өткөрмө посту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газага кирүү үчүн кезек күтүп жаткан гум жардам жүктөлгөн унаалар. Эрез өткөрмө посту
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израил гуманитардык жардам ташыган жүк ташуучу унаалардын айрымдары куралчан адамдар тарабынан тонолгон учурлар да болгонун айтууда.

Бирок Бириккен Улуттар Уюму муну четке кагып жатат. Газага аскердик кыргын салып, элди ачык асман алдындагы абакка камап турган Израил, тилкедеги жай тургундарга гумжардамдын коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирилишине жооптуу болушу керек.

Эгер Израилдин аскердик аракеттери кырдаалды коркунучка кептесе, жардам бөлүштүрүлбөй турганы эскертилди.

Бир жылдан ашык убакыттан бери Израил АКШ белгилеген “кызыл сызыктардын” көбүн басып өттү.

Бирок акыркы бир айдын ичинде алар Американын Газа тилкесине көбүрөөк көзөмөл пункттарын ачуу талабына аз-аздан орундатып жатат.

Израилдин Газадагы гуманитардык иштерди көзөмөлдөгөн уюму (COGAT) 12-ноябрь күнү эртең менен жаңы Кисфим көзөмөл пункту ачылганын жарыялады.

"Анын [Блинкендин] талаптарынын көбү аткарылды, аткарыла элек талаптардын айрымдары чечилип калган маселелердин катарында", - деди уюмдун өкүлү.

Газадагы тамак-аш үчүн кезекте тургандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газадагы тамак-аш үчүн кезекте тургандар

АКШ ХАМАС тобу менен күрөшүү үчүн Израилге курал-жарак берүүнү улантып жатат. Газадагы өлүмдөрдүн жана кыйроолордун көбү Американын үзгүлтүксүз жардамынын арты менен болуп жатат.

2009-2013-жылдары Би-Би-Синин Газа сектору боюнча кабарчысы болуп иштеген Жон Доннисондун айтымында, Байдендин президенттик мөөнөтү бүтүп жатса да, 43,000ден ашуун палестиналыктардын өмүрүн алган согушка Ак үй курал-жарак берүүсүн токтотушу күмөн. (SA)