Жогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Ким кайсы топко кирди?

Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңеш
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын ишин жаңыдан баштаган депутаттары 17-декабрда түштөн кийин парламентте 5 депутаттык топ түзүлгөнүн жарыялашты.

Алсак, Нурланбек Азыгалиев башына турган "Ата-Журт" депутаттык тобунда 18 депутат бар.

Ал эми "Мекенчил" тобуна 19 депутат кирген жана алардын лидери Кундузбек Сулайманов.

Акылбек Түмөнбаев башында турган "Элдик" тобунда 18 эл өкүлү бар.

"Адилет Кыргызстан" тобуна 14 депутат кирген жана алардын лидери Нурбек Сыдыгалиев.

Жанар Акаев башында турган "Ала-Тоо"депутаттык тобунда болсо, 15 депутат бар.

Ал эми Эрулан Көкүлов, Элвира Сурабалдиева жана Болот Ибрагимов эч кайсы топко кирбегенин жарыялашты.

"Ата-Журт" депутаттык тобу 18 депутаттан турат:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Нурланбек Азыгалиев

Нурланбек Тургунбек уулу

Куванычбек Конгантиев

Камила Талиева

Дастанбек Жумабеков

Жылдыз Садырбаева

Улан Бакасов

Алишер Козуев

Медербек Алиев

Гүлнара Баатырова

Салтанат Аманова

Дастан Бекешев

Табылды Муратбеков

Гүлай Машрапова

Жылдыз Эгембердиева

Алтынбек Кылычбаев

Илимбек Кубанычбеков

Бурун Аманова.

"Мекенчил" депутаттык тобу (19 депутат):

Кундузбек Сулайманов

Жамиля Исаева

Айсаракан Абдибаева

Абдылдабек Эгембердиев

Эркеайым Сейитказиева

Бекмурза Эргешов

Ырысбек Атажанов

Шайырбек Ташиев

Советбек Рустамбек уулу

Гүлсункан Жунушалиева

Венера Салямова

Жаныбек Абиров

Курманкул Зулушев

Үмбөталы Кыдыралиев

Махабат Мавлянова

Бекмырза Чолпонбай уулу

Токтобүбү Ашимбаева

Темирлан Айтиев

Карим Ханджеза.

"Элдик" депутаттык тобу (18 депутат):

Акылбек Түмөнбаев

Уланбек Жаанбаев

Гүля Кожокулова

Улан Примов

Алтынбек Кудайбердиев

Улукбек Карыбек уулу

Улукбек Узакбаев

Эркинбек Эсеналиев

Медина Кайрылбекова

Чыңгыз Ажибаев

Марлен Маматалиев

Эдита Тайгараева

Болот Сагынаев

Данияр Төлөнов

Адилет Белеков

Жаныбек Аматов

Бакыт Чопоев

Айгүл Ахмедова.

"Адилет Кыргызстан" депутаттык тобу (14 депутат):

Нурбек Сыдыгалиев

Исманали Жороев

Равшанбек Рысбаев

Элдар Сулайманов

Нуржамал Төрөбаева

Сүйүнбек Өмүрзаков

Жылдыз Курманалиева

Гүлшаркан Култаева

Гүлнара Акимбаева

Бахридин Шавазов

Бакыт Тентишев

Рахат Жунушбаева

Кубанычбек Самаков

Жылдыз Таалайбек кызы.

"Ала-Тоо" депутаттык тобу (15 депутат):

Жанар Акаев

Нилуфар Алимжанова

Сейидбек Атамбаев

Болотбек Борбиев

Азамжан Жалилов

Азамат Исраилов

Бактыяр Калпаев

Таалайбек Масабиров

Гүлкан Молдобекова

Медербек Саккараев

Жумабек Салымбеков

Гүлжан Сатиева

Азизбек Турсунбаев

Медер Чотонов

Чолпон Эсенаманова.

Парламентте сегиз комитет түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи жумуш күнүндө комитеттерди да түзүп, алардын башчыларын да шайлашты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп Курманкул Зулушев,

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрогасы болуп Элдар Сулайманов,

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрөгасы болуп Бакыт Тентишев,

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрөгасы болуп Токтобүбү Ашымбаева,

Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрөгасы болуп Кубанычбек Конгантиев,

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрөгасы болуп Алтынбек Кудайбердиев,

Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп Болотбек Борбиев,

Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрөгасы болуп Гүлсүнкан Жунушалиева шайланды.

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын шайланган депутаттары парламентте биринчи сессияга чогулду. Спикерликке Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кайра шайланды.

Депутаттардын ант берүү иш-чарасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышты.