"Кызы апасын сагынды". Жогорку сот Каныкей Аранованын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 3-августта Жогорку Сотто Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн үч жарым жылга соттолгон Каныкей Аранованын өтүнүчү каралды. Аранова жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароону суранган. Ал арызында соттук актылар негизсиз чыкканын, экспертизалардын жыйынтыгына макул эместигин жүйө келтирген.

Мамлекеттик айыптоочу Каныкей Аранова жаңы ачылган жагдайларды так көрсөтпөгөнүн айтып, соттон өтүнүчтү четке кагууну сурады.

Нурланбек Атаназаров төрагалык кылган соттук коллегия Каныкей Аранованын ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

"Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган Каныкей Аранованын ушул тапта туруктуу жеке адовкаты жок. Ага мамлекеттик жактоочу бекитилип берилген. Бирок ал келген эмес. Би-Би-Си жактоочу менен байланышканда ал кеңеш берип туруу үчүн гана сунушталганын, соттук отурумдарга катышууга милдеттүү эмес экенин айтты.

Соттолуучунун эжеси Ырыскүл Аранова ушул тапта үй-бүлөнүн абалы оор экенин, атасы ооруп, кызы кыйналып жүргөнүн айтты.

"Кызы ушунчалык сагынды. Канчалык убагында жолуктурсак дагы, кусалыгы тараган жок. Негизи Каныкейдин айыбын эч ким мойнуна кое алган жок. Анык далил көрсөтө алган жок. Ак жеринен эле каралап отургузуп коюшту. Сотпу, прокурорбу акыретте кудайдын сотунан өтөбүз. Акыретин ойлобогон инсандарга эч нерсе дей албаймын. Бүгүн дагы Каныкейдин кезектеги эле соту. Буга чейин төрт-беш жолу кызы 14кө чыкканга чейин жаза мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен арыз бергенбиз. Эң биринчи кайрылганда кызы эне мээримине муктаж деген кортунду жок деп арызды карабай коюшкан. Он жаштагы кыз кантип эне мээримине муктаж болбосун. Мен беш баланын энеси болсом да, азыр өзүм да эне мээримине муктажмын. Кийинки сотто кортундуну даярдадык. Бирок бул кагаздар деле жардам берген жок. Каныкейдин жүрүм-турумун жүйө келтирип эле арызды артка кайтарып коюшат. Каныкей "суук түшүп калды, жылыткыч сайып бересиздерби" деп айтып койсо деле, тартипти бузган киши болуп калат экен. Билбейм, кандай заманда жашап жатабыз. Каныкейдин бийлиги, байлыгы, артында адамдарды болбосо, бийликти кантип басып алат?! Он жылдан бери мигрант болуп эле жүргөн. Мына, Кемпир-Абад боюнча пикирин билдиргени үчүн түрмөдө отурат десек, бул иш боюнча айыпталгандар акталды. Менин бир тууганым эмне үчүн отурат? Мына, Камчыбек Ташиевди деле бийликти басып алууга айыпташты эле, ал деле эркиндикте жүрөт? Менин бир тууганым эмне үчүн камакта? Адилетсиздикти биздин үй-бүлө көтөрө албай баратат. Бир үмүтүм кудайдан".

Ырыскүл Аранованын айтымында, сиңдиси өзүн күнөөсүзмүн деп эсептегендиктен ырайым берүүнү сураган эмес.

Эжеси кимдир бирөөлөр сиңдисинин атын колдонуп, фейк аккаунттар менен аны жаман көрсөтүп, укук коргоо органдарынын көңүлүн бурдурууну максат кылышкан деп эсептейт.

Коомдук сайттарда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп, бийликти сындап жүргөн Каныкей Аранова 2024-жылы 1-февралда Москвадан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Каныкей Аранова Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыптуу деп табылган.

Биринчи май райондук соту 2024-жылы апрелде ага жалпысынан 120 миң сом айып пул салып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. Прокурор чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, 28-июнда шаардык сот аны 3 жыл 6 айга кескен. Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

39 жаштагы жалгыз бой эне ушул тапта Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында жазасын өтөп жатат.