"Элге ыңгайсыздык жаратышты": Ысык-Көлдөгү кайыктар жарышы мүмкүнчүлүкпү же коркунучпу?

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ысык-Көлдүн Бает айылында Formula-1 H2O кайыктар жарышына соңку даярдыктар жүрүп жатат. Көл жээгине дүйнөдөгү эң ылдам деген спорттук кайыктар тизилип, техникалар текшерилип, машыгуулар өтүүдө.

Жээкте 10 миңдей көрүүчүгө ылайык аянтча курулуп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери жана атту-баштуу коноктор чакырылган. Социалдык тармактарда белгилүү кино жылдыздары Жеки Чан менен Жан-Клод Ван Даммдын келери тууралуу маалыматтар дагы тарап кетти. Бирок уюштуруучулар аларга чакыруу жөнөтүлгөнүн, келе турганы азырынча так эмес экенин айтышты.

Жарыш өтө деген маалымат тарагандан бери анын айланасындагы талкуу да токтой элек. Айрымдар мындай деңгээлдеги мелдеш Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, туризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошот дешүүдө. Башкалары кайыктар көлдүн экологиясына зыян келтириши мүмкүн деген кооптонуусун билдирүүдө. Айрым активисттер жарышты токтотууга бийликти чакырып келди. Чемпионатка башынан бери каршы чыгып келген эколог Самат Кушбек да кезектеги видео кайрылуусун жарыялады:

"Эки айдан бери ушуну какшадым. Ысык-Көлдү уулайт дедим. Азыр аны өз көзүңөр менен көрүп жатасыздар . Бир кайыктан эле ушундай көк түтүн чыгып жатат, ары жагында дагы 17 кайык бар. Булардын көбү эки тактуу кыймылдаткычтуу кайыктар. Төрт тактуу кыймылдаткычы бары болгону үч-төрт эле кайык болушу мүмкүн. Кыргыз элим, тыгында туруп көлгө бара жатасыңар. Үч күндүн ичинде көлгө канча тонна уу чыгат. Анан бала-чакаңар менен ошону жутасыңар".

Мурдагы журналист, блогер Азиза Бердибаева дагы уюштурууга байланыштуу нааразычылыгын билдирди.

"Ысык-Көлдө Formula 1 чемпионатын өткөрүүнү чечишти. Аз келгенсип, элге бир топ ыңгайсыздык жаратышты. Эми "Ушул күндөрү мүмкүн болсо Ысык-Көлгө барбай эле коюңуздар. Барсаңыздар түштүк жээк менен айланып өтүңүздөр" деп жатышат.Өздөрүңөр түштүк жээк менен акыркы жолу көлгө качан бардынар эле? Ал жолдун көп бөлүгү дагы эле бүтө элек. "Ысык-Көлгө барбагыла, бизге тоскоол болосуңар" дешет. Анан жакында ШКУнун саммити болот. Ошондо "Бишкектен чыгып, Ысык-Көлгө кеткиле, Бишкекте да тоскоол болосуңар" дешеби? Чынында эле өзүбүздү бул өлкөдө ашыкча адамдай сезе баштадык".

Formula-1 H2O чемпионаты Борбор Азияда алгачкы жолу Кыргызстанда өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулар бардык даярдыктар эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлгөнүн айтып, экология боюнча айтылган сын-пикирлерге дагы жооп беришти. Маалыматына ылайык, мелдешке чейин көлдөн жана абадан атайын үлгүлөр алынат. Чемпионат аяктагандан кийин дагы кайрадан изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланат.

"Мен 100 пайыз кепилдик бере албайм. Бирок жетекчи катары бул мелдешти эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылабыз деп айта алам. Жарыштан кийин экологияга байланыштуу эч кандай маселе жаралбайт деп ишенебиз. Бул долбоорду мындан ары да улантабыз. Formula 1 H2O сыяктуу жогорку технологиялуу спорт биздин экологияга эч кандай зыян алып келбей турганына күбө болосуздар",- деди Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов.

Кайыктардын жарышы 1-августта старт алып, 2-августта жеңүүчүлөр аныкталат. Расмийлер Formula-1сыяктуу ири мелдештер дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө кырк жылдан ашуун убакыттан бери өтүп келе жатканын жана экологияга зыян келтиргени боюнча факт катталбаганын айтып келет.