Казакстанда шахтадагы кырсыктан алты адам каза тапты

Абай шахтасы

Сүрөттүн булагы, Турар Казангапов©️Tengrinews.kz

Published

Караганда областындагы “Абай” шахтасында метан газынын чыгып кеткенинен алты адамдын өмүрү кыйылды. Бул жөнүндө жекшембиде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин билдирди.

"Адамдардын каза табышына метандын жапырт чыгышы себеп болду”,-деди министр. Анын айтымында, өзгөчө кырдаал шахтада тез өнүккөн: “Диспетчердик кызматтагы датчиктерди карап көрдүк, газдын концентрациясы көп эсе көбөйүп кеткен. Шахта калган алты адам өзүн сактоо каражаттарын колдонууга үлгүрбөй, ошол жерден каза болду”.

Шахтага кире бериштеги топто болгон эки адам жеке коргонуу каражаттарын колдонууга үлгүрүп калышкан. Ошондо да алардын абалы оорлоп, ооруканага жеткирилди.

Кырсык болгон учурда жер алдында 64 жумушчу болгон, газ чыгып баштаганда 56 адам сыртка ыкчам чыгып кеткенге жетишкен.

Шахтада метандын эмне үчүн чыгып кеткен себебин эми өкмөттүк комиссия териштирет. Азыркы убакта шахтадагы иш токтотулду. Полиция департаменти “Тоо жана курулуш иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздук эрежелеринин бузулушу” деген берене боюнча иликтөө иштерин баштады. Президент Касым-Жомарт Токаев кырсыкта каза болгон жана жабыркаган шахтерлорго жамдам көрсөтүүнү өкмөткө буйруду. (КС)

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч киши каза тапты

Бишкек, 2020

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ошону менен былтыр марттан бери коронавирустан 2 миң 689 кыргызстандык каза тапты

Кыргызстанда соңку суткада Бишкек, Талас жана Ысык-Көл облусунда коронавирустан жакшы боло албай үч бейтап көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлиги каза тапкан жарандар эмдөөдөн өтпөгөнүн тактады.

Ушу тапта COVID-19 илдети менен 1 миң 420 адам алышууда. Үй шартында 816, ал эми оорукааналарда 604 адам дарыланып жатат.

Соңку суткада ооруну жаңы жугузуп алган адамдардын саны 52 болду. Коронавирус менен ооругандар өзгөчө Бишкек шаарында көп катталууда.

6-ноябрга карата Кыргызстанда 1 миллиондон ашык адам вакцинанын биринчи дозасы менен эмделишти. (EK)