Паразитолог: Мите курттар көбүнчө жаш балдарга жабышат
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Иса Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу Курсанбек Раимкулов Кыргызстандагы мите курт оорулары боюнча Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
К. Раимкулов: Дүйнө жүзүндө медициналык мааниге ээ болгон 370тен ашык мите курт түрлөрү бар. Мына ошол мите курттардын ичинен биздин Кыргызстанда жыйырма түрү кездешет. Ошол жыйырма митенин 12-13ү бизде ар дайым кездешкен курттар. Калган беш-алтысы чет мамлекетке барып, ал жактан жуктуруп келген мителер. Биз аларды сейрек кездешкен мителер деп коёбуз.
Кыргызстанда эң кеңири жайылган мите курт бул чүчөк. Муну жалпылап эле аскарида деп жүрушөт. Чындап келгенде чүчөк курттары – острицалар. Алар энтеребиоз оорусун чыкырат. Андан кийинки эле орунда лямблиялар, алар лямблиоз оорусун козгошот. Аскаридалар дагы кенен жайылган мите курттар. Эхиноккоз, альвакоккоз, гименолепидоз, тениаринхоз, описторхоз жана башкалар. Бирок алардын саны мен айткан биринчи мителерге караганда азыраак.
Би-Би-Си: Кыргызстанда мите курттардан көбүрөөк балдар жабыркайт дебеңизби. Алдын алуу чараларын айта кетсеңиз
К. Раимкулов: Мите курттар менен көбүнчө 14 жашка чейинки балдар оорушат. Андыктан ар бир ата-эненин жоопкерчилигин көтөрүү керек. Анткени бала деген бала да. Мите курту барлардын 75-80% балдар болуп атат, ата-энелер муну көзөмөлгө алышы керек. Кайдан жуктуруп атат, ойногон жери кайсы жерлер же малдан жуктубу? Колун самындап жууп атабы текшерип туруу керек. Айыл жеринде үй менен дааратканын ортосунда кол жуучу жайды, шарты менен уюштуруп беришсе. Балдар кол жуугандан зеригет, самындабай колунун учун суулап коюп деле жуудум деп коё берет. Көзөмөл керек. Бала колун күнүнө, жок дегенде, беш жолу самындап жууп атабы текшерип туруу - ата-энесинин милдети.
Таза суу элетте маселе, андыктан апалар сууну кайнатып, атайы идишке дайым муздатып коюшса болот. Балдар ошого көнүп, банкадан суу ичиши керек.

Сүрөттүн булагы, КГМА
Алма, жемишти элетте балдар эмес чоң кишилер деле аарчып туруп жей беришет. Эч качан андай кылбаш керек. Буларды жакшылап жууп туруп, андан кийин кайнак суу менен бир чайкап алып, анан жешти сунуш кылат элем.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Апалар тамакка көк аш-чөптөрүн көп колдонот эмеспи. Тамагы даяр болуп бышкандан кийин, аларды туурап, жытын буркуратып себелеп алып келебиз. Бирок ошол убакта байкабай мите курттарды жеп алуу мүмкүн. Доктор катары кеңешим ал чөптөрдү тамак менен кошо кеминде 10-15 мүнөт кайнатуу зарыл. Анан аны колдонуудан мурун, таза суу менен үч-төрт жолуу жууп, андан кийин жылуу сууга кичине туздан салып аралаштырып, аш-көк чөптөрүн жарым саат салып коюушуюбуз керек. Андан кийин кайра муздак сууга салып чайкаш керек. Болбосо, мите курттардын жумурткалары ошол чөптөрдө көп болот.
Би-Би-Си: Кыргызстанда мите курт ооруларына каршы масштабуу изилдөө буга чейин Баткенде жүргөнүн билебиз. Азыр бул жаатта жаңы кандай изилдөөлөр болуп жатат?
К. Раимкулов: Жаңы статистикалык отчеттерго таяна турган болсок, жер-жерлерде миң адамды текшергенде отуз-кыркында курт чыкты деп бизге отчет беришет. Бирок 2008-2009-жылдары Баткенди барып өзүбүз текшере келгенде ошол эле санда адамдардан 80% мите курттарды таап чыкканбыз. Ошол изилдөөдөн кийин биз республика боюнча жалпы калкка дегельминтация жүргүзгөнбүз. 2 жаштан 80 жашка чейинки адамды даарылап, андан кийин текшере келгенде мите курттар аз болгон. Азыр дагы ошондой чаранын үстүндөбүз. Биз жылда жергиликтүү лабараториялардан барып сырткары изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эгерде мите курту бар калктын саны жалпы калктын 30% ашса жалпы дарылоо иш-чаралары жүрүш керек. Бирок бизде мите-курттар боюнча абал азыр жакшы эле. Ар бир област, райондордо мектептерде жүргүзүлгөн текшерүүлөр балдардын 5%, ашып кетсе 15% мите курту бар экенин аныктап жатышат. Көрсөткүчтөрү 15% жеткен мектептерди толугу менен даарылап жатабыз. Пайыздык көрсөткүчтөр аз болсо, элди даарылап кереги жок.
Негизи калктын санитардык маданиятын көтөрүү керек. Ошондо гана мите курттар оорусу азаят. Коронавирус пандемиясы маалында эл кол жууганды үйрөндү, ушуну белгилеп кетким келет. Андан бери мите курт оорулары бир аз азайганы байкалууда.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:



























