Путин Байденге: “Жаңы санкцияларды киргизүү чоң ката болот”

Published

АКШ менен Орусиянын президенттери Украинага байланыштуу мамилелер чыңалып жаткан шартта телефон аркылуу бир сааттан ашык сүйлөштү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы кырдаалга байланыштуу жаңы санкцияларды киргизүү мамилелердин толугу менен бузулушуна алып барат деп өзүнүн америкалык кесиптеши Жо Байденге эскертти.

Бейшемби күнү кечкисин болгон телефондук сүйлөшүүдө Орусиянын президенти мындай санкциялар “эбегейсиз чоң ката” болорун айтты.

Байден болсо АКШ менен шериктери Украинаны кандай гана болбосун басып алууга чечкиндүү түрдө жооп кайтарарын Путинге айтты.

Орусия демилгелеген телефондук сүйлөшүү ушул айда экинчи жолу болууда жана ал дээрлик бир саатка созулду.

Бул сүйлөшүү Украинанын чыгышындагы Орусия менен чек арага байланыштуу чыңалууну басаңдатуу үчүн болгон соңку аракет. Украинанын расмийлеринин айтымында, аталган аймакка 100 миңден ашуун орус күчтөрү жиберилген.

Аскерлердин келип жайгашуусу Батыштын тынчын алып, эгерде Украинага кол сала турган болсо, АКШ Путинди “жашоосунда эч көрбөгөн санкциялар” менен коркуткан болчу.

Бирок Орусия өлкөнү басып алуу планы жок экенин айтып, аскерлерди машыгуу иш-аракеттери үчүн алып келгенин билдирди. Москва өз аскерлеринин кыймыл-аракети өз аймагында каалагандай болорун да айткан.

Сүйлөшүү учурунда эки тарап тең бири-бирине эскертүүлөрүн айтса да, Орусиянын президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков кабарчыларга Путин маектешүүдөн “ыраазы” болгонун билдирди. Ушаков бул байланыш келечектеги сүйлөшүүлөр үчүн “жакшы өбөлгө” болуп бергенин кошумчалады.

Анонимдүүлүк шарты менен интервью берүүгө макул болгон АКШнын жогорку мансаптуу өкүлүнүн айтымында, сүйлөшүүнүн тону “олуттуу жана маңыздуу” болгон.

“Президент Байден бул диалогдордогу олуттуу жылыш чыңалуу басаңдаганда гана болорун кайталады”, — деди Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.

“Ал Орусия андан ары Украинага кирип бара турган болсо, АКШ шериктери жана өнөктөштөрү менен чечкиндүү түрдө жооп кайтара турганын ачык айтты”, — деп кошумчалады ал.

АКШ менен Орусиянын расмийлери кийинки айда Женевада бетме-бет жолугушмакчы. Ак Үйдөн айтышкандай, Байден өзүнүн орус кесиптешине дипломатиялык жол табууга чакырган.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Москва “сүйлөшө турган маанайда”.

“Ортобузда турган көп көйгөйлөрдү чечүүнүн бир эле жолу сүйлөшүү аркылуу болоруна ишенебиз”, — деген Песков.

Украинанын коргоо министри декабрь айынын башында парламентте сүйлөп жатып, Орусия чек арага жакын аймакта он миңдеген аскерлерин жайгаштырганын жана январдын аягында чоң масштабдагы аскердик чабуулга даярданып жаткан болушу ыктымал экенин билдирген.

Орусия чек арага аскерлерди жайгаштыруу НАТОго каршы коргонуу чаралары болгонун айткан. Кремль НАТОнун чыгышты көздөй кулач жайбай турганына мыйзамдуу түрдө кепилдиктерди алгысы келет. Ошондой эле, ал Украина менен кошуна өлкөлөргө белгилүү бир курал-жарактар берилбешин каалайт.

Украина НАТОго мүчө өлкө эмес, бирок блок менен жакын байланышы бар.

Орусия менен Украинанын ортосундагы мамиле жаңыдан чыңалып жаткан жок. 2014-жылы Орусия Украинадагы Крым жарым аралын аннексиялап, андан көп өтпөй Украинанын чыгышындагы сепаратист топторго колдоо көрсөткөн. Анын натыйжасында узак убакка созулган согушта 14 миңдей киши набыт болгон.

Вашингтон менен анын Европадагы шериктери Орусияны эгерде аскерлери Украинага кайра кире турган болсо, анда катаал экономикалык санкциялар киргизилерин айтып эскертип келет. (EA)