Израил Иранды ракета менен аткылады. Жакынкы Чыгышта чоң согуш чыгып кетпейби?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Израил аскерлери ишембиге караган түнү Тегерандын түштүк-батышындагы борборго канатташ жайгашкан ирандык аскер базаларга "таамай жана атайын" соккуларды урушканын билдиришти.
Израил командачылыгынын өкүлдөрү билдиргендей, түнкү аба соккуларынын жыйынтыгында ирандын ракета чыгарган өндүрүшү жок кылынып, ошондой эле "жер-аба" классындагы даяр снаряддарынын арсеналы жана башка курал-жарактары жок кылынды.
Израил лидерлери, израилдин бул аба чабуулдары Тегеран тараптан "чабуулдар тыйылбаган айга" карата жөөт мамлекетинин жообу болду жана өзгөчө Иран тарабынан 1-октябрда Израилдин аймагына ракета менен урулган массалык аткылоого кайтарылган жооп деп билдиришти.
Иран бийлигине ыктаган ММКлар "сионисттик кылмыштуу режимдин" чабуулдарынын мизин майтарууда эки аскер (кийин көз жумган ирандык аскерлердин саны төрткө жетти) кызматкери курман болуп, бирок израилдик Аскер аба күчтөрүнүн чабуулу реалдуу кыйроого учурата алган жок деп жазышты.
Бул кабарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоого мүмкүн эмес, бирок Ислам Республикасы мындай учурларда өз жоготууларын азайтып көрсөтөөрү турган иш экенин дипломаттар жакшы билишет.
Жарым-жартылай расмий деп саналган "Тасним" маалымат агенттиги, Израилдин чабуулдарына Тегерандын "теңме-тең" жообу болот деп билдирди.
Баардык негизги араб өлкөлөрү түнкү чабуулдарды кескин айыптап билдирүү таратышты, бирок алардын биринде да өч алуу чакырыгы айтылган жок.
Негизинен Бириккен Араб Эмираттары "конфликттин масштабынын кеңейип кетүүсүнө жол бербей жана тобокелчиликтерди азайтуу үчүн" эки тарап тең "болушунча сабырдуулукту жана кылдаттыкты" көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.
Сауд Арабиясы жана Катар эки тарапты тең "эскалацияны курчутуудан карманууга" чакырды, Египеттин Тышкы иштер министирлиги дагы ушуга үндөш чакырык таштады.
Мунун баары эксперттердин, Тегеран эми Израилдин аткылоолоруна жооп кайтарбай, ушуну менен аягы жок "өч алмай чынжырын" үзөт деп үмүттөнүүсүнө өбөлгө түздү.
Батыш лидерлери дагы ушуга чакырууда.
Британ премьер-министринин иш башкармалыгынын билдирүүсүндө, "мындан аркы эскалация эч кимге пайда алып келбейт" деп белгиленген, Кир Стармер өзү болсо "Иран жооп кайтарбашы керек" деп ачык жазып чыкты.
Би-Би-Синин кабарчылары Ирандын жооп кайтаруу ыктымалы канчалык жана Жакынкы Чыгыштагы жагдай жакын арада кандай өнүгүшү мүмкүн, кайсы тарабына өзгөрөт деп талдап көрүштү.
Перс булуңундагы мамлекеттер Вашингтонго кооптонуу менен карап турушат
Фрэнк Гарднер, коопсуздук маселелери боюнча Би-Би-Си кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жакынкы Чыгыштагылардын баары Израилдин жообу [Ирандын 1-октябрдагы аткылоосуна] көп күттүрбөй турганын беш колдой билишкен. Бирок айрым мамлекеттердин өкмөттөрү, АКШдагы президенттик шайлоо кампаниясы жыйынтыкталганча Израил сокку урбайт деп үмүттөнүшкөн сыяктанат.
Бүгүн эрте менен Тегерандын реакциясын күтүп, Вашингтондун Перс булуңундагы союздаштары тынчы кетип калды. Булуңдун арабиялык тарабында америкалыктардын аскердик базасы бар, а АКШнын Деңиз аскер күчтөрү болсо Бахрейндин портуна стратегиялык максат менен жайгашкан.
АКШ Иранга түнкүсүн урулган соккуларга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, бирок Израилдеги аба чабуулдарынан коргоочу Thaad түзүмүнүн ишин жүзгө жакын америкалык аскерлер камсыздайт. Ошондуктан Иран тараптын кандай гана өч алуусу болбосун Вашингтондун четте калышы мүмкүн эместей.
Ошол эле учурда конфликттен обочо турууну каалаган Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, өз аймактарын Израилдин Ислам Республикасына кол салуусу үчүн пайдалануусуна жол бербей турушканына Тегеранды ишендиришти.
Сауд Арабиясында 2019-жылы Иран кантип ирактык кошуундардын күчүнүн көмөгү, Тегерандын колдоосу менен саудиялык өндүрүштөргө ракеталар менен чабуул коюп, алардын нефтихимиялык тармагына олуттуу зыян алып келгенин эсинен чыгара элек.
Өч алмайдын айлампасын бузуу оңой-олтоң эле ишке ашпайт
Жереми Боуэн, Би-Би-Синин эл аралык талдоочусу (Иерусалим):

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилдин соккуларын күтүшкөн. Израил мунун турулуу иш экенин 1-октябрда Иран Израилдин аймагын үстөккө-босток аткылаган учурда эле айткан.
Эми Иран жооп береби деген суроо кабыргасынан турат.
АКШ президенти Жо Байден Ирандын өзөктүк, мунай жана газ обьектилерине сокку урбагыла деп көшөрүп кеңеш берип келди жана израилдик өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху анын кенешине кулак салды.
Вашингтон, Тегерандын аскер обьектилерине сокку урулган учурда гана Иранды Израилге жаңы чабуулдар менен "жооп" кайтарбагыла деп ынандырууга болот деп үмүт кылат.
Жаңжалдашып жаткан тараптар чабуулдарга жооп кайтарбай коюу алсыздыкты туюндурат жана жооп берүүдөн коркту деп кабыл алынат деп эсептешкендиктен чабуулдардын жана контрчабуулдардын үзүлбөс чынжырын токтотуу өтө эле оор.
Дал ушинтип баскыч-баскычы менен эсколациялар күчөп олтуруп, согуштар чыгат.
Иран өз союздаштарына жана өзгөчө ливандык "Хезболла" кыймылынын лидерине чабуулдар үчүн жооп кайтарып, 1-октябрда Израилди аткылаган эле.
Эми Израил Иран тараптан бир нече айдан бери уланып келе жаткан кол салууларына жооп кайтардык деп ишендиришүүдө. Алар Иран тикелей өзү эле баллистикалык ракеталар менен аткылабай, союздаштарынын жана үчүнчү тараптын колу менен койгулап келди дейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошол эле учурда израилдик армия Газа секторунун түндүгүндө масштабдуу басып кирүүсүн улантууда. Муну БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комисары Фолькер Тюрк бул согуштун "эң эле ырайымсыз учуру" деп атады. Анткени израилдик аскерлер "жөн-жай тургундарды буктурмага жана ачарчылыктын өлүмүнө кептеп бомбалап жатат".
Ошол эле учурда Израил эл аралык коомчулуктун көңүлүн Газадагы басып алуулардан оолактатып, атайын ушул убакытты тандап туруп, Ирандын аймагына сокку урду деп ишенимдүү айтууга мүмкүн эмес. Бирок ошол эле учурда мындай ыктымалды толугу менен четке какканга да болбойт.































