Бир нече мамлекет AstraZeneca вакцинасынан убактылуу баш тартты

Published

Оксфорд университетинин AstraZeneca компаниясы менен биргеликте чыгарган вакцина айрым бейтаптардын канын уютуп, тромб пайда болгону айтылды.

Мындан улам Ирландия, Голландия, Дания, Норвегия менен Исландия сыяктуу бир нече мамлекет эмдөө жараянында бул вакцинаны убактылуу колдонбой турууну чечти. Эмдөөдөн өткөн бир киши каза тапкан.

Европанын дары-дармекти тескеген агенттиги AstraZeneca, Pfizer, Moderna жана жакында эле Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасын каттоодон өткөрдү.

Данияда AstraZeneca  вакцинасы менен эмделген бир нече бейтапта тромб пайда болуп, бир киши каза болду. Европанын дары-дармекти тескеген агенттиги вакцинанын кыйыр таасирлер арасында тромб жок экенин белгиледи. Бирок бул бейтаптарда тромб вакцина үчүн пайда болгону так аныктала элек.

Алгач Даниянын бийлиги канча киши арызданганын жарыялаган жок. Бирок эмдөө  жараянында бул вакцинаны убактылуу колдонбой туруу чечимин кабыл алды.

“Дания тарыхындагы эң масштабдуу эмдөө жараяны жүрүп жатканда ар бир вакцина керек эле. Ошондуктан каттоодон өткөн вакциналардын бирин колдонбой туруу чечимин кабыл алуу оңой болгон жок,”-деди Даниянын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Сёрен Бромстрём.

Бромстрём мырза вакцинадан баш тартпаганын, бир гана изилдөөлөр жыйынтыкталгыча убактылуу колдонбой туруу чечими болгонун белгиледи.

Британиянын дары-дармекти тескеген мекемеси болсо AstraZeneca вакцинасы дыкат текшерилгенин, буга чейин тромб көгөйү жаралбаганын билдирди.

“Тромб көп маселелерден улам пайда болушу мүмкүн. Британияда 11 миллиондон ашуун доза бейтаптарга берилди, мындай маселе жаралган жок”,-деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы Oxford-AstraZeneca вакцинасынын тромб менен байланышы жок экенин айтууда. Европанын дары-дармекти тескеген агенттиги болсо коронавирус түзгөн коркунучтан улам вакцинаны колдонууга үндөп жатат.

Ага карабастан бир катар мамлекеттер AstraZeneca вакцинасы боюнча ар түрдүү чечим кабыл алып жатат. Мисалы, 117 миңден ашуун дозаны сатып алган Таиланд вакцинаны колдонбой турууну чечти. Ал эми 300 миң доза сатып алган Австралия эмдөө жараянын  AstraZeneca вакцинасы менен уланта бермекчи. Түштүк Корея менен Филиппин мамлекети дагы жетиштүү далил  жок деген жүйөө меен вакцинаны колдоно бермекчи.