Гүлзада Билбаева: Илимдин экономикага салымы болушу керек

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Билим берүү министрлигинин чечимдерди аткарылышын көзөмөлдөө секторунун башчысы Гүлзада Билбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Билим берүү министрлигинин чечимдерди аткарылышын көзөмөлдөө секторунун башчысы Гүлзада Билбаева

Кыргызстанда илим эң аз каржыланган тармактардын бири. Ошондой эле илим тармагындагы бирдиктүү координациянын жоктугу да, илим үчүн жооп берүүчү уюмдардын чачкын иш алып баруусун шарттап жатат.  

Би-Би-Си Билим берүү министрлигинин Чечимдерди аткарылышын көзөмөлдөө секторунун башчысы, Илим башкармалыгынын мурунку жетекчиси Гүлзада Билбаеваны кепке тартып, Кыргызстандагы илимдин бүгүнкү абалы тууралуу сурады.  

Г.Билбаева: Илим тууралуу мыйзамда илимий ишмердүүлүккө бюджеттен 1% кем эмес каражат каралсын деп айтылат. Бирок ал иш жүзүндө аткарылбайт. Мисалы, республикалык бюджеттен 360 миллион сомдон жогору каражат Улуттук илимдер академиясына бөлүнөт. 158 миллион сом Билим берүү министрлиги жылда өткөрүүчү илимий долбоорлор боюнча конкурска бөлүнөт.

Кошуна өлкөлөр менен салыштырсак, бул өтө эле аз.

 Жалпак тил менен түшүндүрөйүнчү, эгер Өзбекстан илимге 70 тыйын бөлүп атат десек, Казакстан 1 сом чыгарат экен, Россияда илимге деп 80 тыйын, ал эми Кыргызстан бөлүп аткан каражат ушулардыкына салыштармалуу 7 эле тыйын болуп калат экен. Элестетип көрүңүз эми илимий тармакка канчалык аз акча бөлүнүн жатканын. Бизде илим эмнеге өнүкпөйт дегенде ушунун үстүндө ойлонуп көрүш керек.

Мындан тышкары дагы бир олуттуу фактор – илим тармагындагы  бирдиктүү саясаттын жоктугу. Улуттук илимдер академиясы өзүнчө мыйзам менен башкарылат. Алар өздөрүн өкмөттүк илимий мекемебиз, биз министрлер кабинетине карайбыз дешет. Улуттук аттестациялык комиссия болсо президенттик апппараттын алдында. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча Кыргызпатент дагы бар, алар дагы биз өкмөткө карайбыз дешет.

Билим берүү, илим тармагында саясатты жүргүзүчүү орган Билим берүү министрлиги болуш керек эле, баардыгы ага баш-ийип,  координация ушул жерден башталыш керек эле да.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

 Илим, инновация кеңешинин соңку жыйынында ушул маселе каралып, резолюция кабыл алынды. Анда мындан ары илим жаатындагы бирдиктүү саясатты Билим министрлиги алып барат деп айтылат. Бул абдан жакшы саамалык болуп жатат.

Би-Би-Си: Кыргызстанда жылына орточо 30 доктордук, 200 кандидаттык диссертация жазылат экен. Бирок текшерүүлөрдө адардын 10% өтпөй калып жатат. Бул чоң көрсөткүчпү же кадыресе эле көрүнүшпү?

Г.Билбаева: Бул боло турчу эле көрүнүш, алардын көбү анти-плагиат системасынан өтпөй калып жатышпайбы. Мурда болсо текшерүү күчтүү болбой, орто заар илимий эмгектер деле жакталып, өтүп келе берген да. Улуттук аттестациялык комиссия бүгүнкү күнү ошол текшерүүлөр жагынан жакшы иш алып барып жатат.

 Анан дагы белгилей кетчү бир жакшы статистика бар, мурда илимий изилдөөлөрдө  гуманитардык илимдер басымдуулук кылса, азыр техникалык, табигый илимдер дагы алдыга жылып атат. Ушу тапта 5 миңден ашуун илим кандидаты бар деп жатабыз, 2 миңге жакын илим доктору бар. Муну өтө эле көп деп атышат, бирок калктын киши башына эсептей келгенде бул өтө деле көп эмес.

Маселе башкада. Алардын илимий ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы эмнеге экономикага салымын кошпой жатат?

Жөн эле диссертация жазылып,ал жарыкка чыгып, ошо тейден калып кетип атат. Ал эми илим деген элге, экономикага иштеш керек. Бизде ошол жок болгондуктан илим жөн эле калып кетип атат. Өндүрүш, бизнес өзүнчө, илим өзүнчө кетип жатат. Негизи илим үч форматта өнүгөт да, академиялык илим, ЖОЖдордун илими жана тармактык илим. Үчөөнүн тең өнүгүүсүндө кемчиликтер болуп жатат. Академиялык илимди 2015-жылы оптимизациялоо кылабыз дешти, бирок бүгүнкү күнгө чейин экономикага салымын көрө элекпиз. Бул жааттагы илимий ишмердүүлүктүн жыйынтыгын көрбөй жатабыз. Ошондуктан ушул академиялык илимдин тегерегинде сын-пикир көп болуп жатат.

Ал эми ЖОЖдордо илим эмнеге өнүкпөй калган. Себеби, биздин укуктук-нормативдик базабыз жок. Мыйзамдарда дагы ЖОЖдордогу илимий ишмердик туурасында конкреттүү механизмдер жок. ЖОЖдордогу билим берүү тууралуу мыйзамда илимий ишмердүүлүктү каржылоо туурасында эч нерсе айтылган эмес. Эч бир берене жок, элестетиңиз. Бүгүнкү күндө эл аралык алдыңкы универстеттердин модели 4.0 дейбиз. Анын негизги компоненти бул илим жана инновация. Ал эми бизде акыбал кандай?

Баш-аягы 76 ЖОЖ бар, ушул отуз жылдан бери биздики 1.0 же 2.0 модели деп коебуз, баягы билим берүүнү коммерциалаштыруу менен эле кеткен. Илим менен инновация калып калган. Негизги илимий ачылыштар жана инновациялар алдыңкы өлкөлөрдө университеттерде жазалат.

Эми тармактык билимге өтөлү, тармактык дегенибиз бул – илимий изилдөө мекемелери. Кыргызстанда ушу тапта 17 илимий тармактык изилдөө институттары бар. Анын төртөө бул - Айыл чарба министрлигине, бирөө Энергетика министрлигине карайт, калган 12 медициналык академияга карайт. Булардын бардыгы камкордукка зар. Аларды караган эч ким болбой жатат. 2011-жылы булардын айлыгы бир аз көтөрүлгөн, андан кийин быйыл эле апрелде алардын айлыктарын 50% жогорулатып бердик. Бирок ал деле аз, мурда эң көп алганы беш-тогуз миң сом алып жүрушчө, эми 14 миң алып калышты. Анан кантип илимди өнүктүрө алабыз?

Би-Би-Си: Билим министрлигинин алдындагы Билим департаменти 2015-жылы түзүлдү эле. Андан бери кандай алгылыктуу иштер жүрдү?

Г.Билбаева: 2015-жылы илим чөйрөсүн реформалоо жүрүп, Илим департаменти тузүлгөн. Ошону менен бул департамент алты жыл эле иштеди.  Бул убакыт аралагында департамент илимий иштерди көтөрүү жана алардын натыйжалуулугун арттырып, анын экономикага салым кошуусу боюнча иш алып барды. Мындан тышкары, иш башында Улуттук илимдер академиясын оптимизациялоо каралган. Анда анын төрт вице-президенти кыскарган эле. Ошондой эле академия курамындагы 36 институттан 20сы эле калган. Мындан тышкары, дагы бир илимий фонд түзүлүшү керек эле, бирок ал ишке ашпады. Бирок ишке ашырууга жетишип калган нерселерибиз да болду.

Мисалы, Министрлер кабинетинин алдындагы Илим, технологиялар жана инновациялар кеңеши түзүлдү. Азыр анын ишмердигинин узүрүн көрүп жатабыз. Алалы, соңку жылдары үч-төрт жолу отурум болду, эң соңкусунда ЖОЖдордун макамы боюнча маселе каралды. Улуттук илимдер академиясын ЖОЖдор менен интеграциялоо демилгеси көтөрүлүп жатат.

2015-жылы түзүлгөн департамент кайра эле 2021-жылы жоюлуп кетти. Демек, алдыга койгон максаттарды бир эле департаментти түзүү менен жетишүү мүмкүн эмес экен.

Соңку реформаларындын арты менен биздин департамент Илим жана илимий иштер башкармалыгы деп азыр  Билим министрлигинин ички структурасына кирип калды.