"Тебелеп-тепсеп, кордоп жатышат": Жол курулушу, дыйкандардын көйгөйү
"Тебелеп-тепсеп, кордоп жатышат": Жол курулушу, дыйкандардын көйгөйү
Published
Бишкек мэриясы шаардын чыгыш тарабындагы 160-контур деп аталган айдоо аянтын этап-этабы менен турак-жай конушуна айландырууну көздөп жатат. Учурда айрым тилкелерге белгилер коюлуп, жол куруу иштери башталганы турат. Бирок маселенин экинчи тарабы да бар. Айдоо аянтында гектарлаган жерге кулпунай, малина өстүрүп күн көргөн дыйкандар мөмөлөрү бышып калган маалда сүрдүрүлгөнү жатканын айтып кабатыр.



