"Үч жашыруун күбө бар экен". Ташиевдин соту уланууда
"Үч жашыруун күбө бар экен". Ташиевдин соту уланууда
Published
"75чилердин катына" байланышкан кылмыш ишине тергөө органдары тарабынан "жашыруун" деген купуялык белгиси коюлгандыктан, соттук отурумдар башынан бери коомчулукка жана жалпы ЖМК өкүлдөрүнө жабык тартипте өткөрүлүп келет.
Бул иш боюнча айыпталуучулардын бири болгон экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев 4-июндагы сотко келген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип, соттук жараяндын коомчулук үчүн ачык болушун колдой турганын билдирди.
"Сот ачык өтсө жакшы болмок. Бирок тергөөдө ушинтип чечилиптир. Сот колдогон экен. Ачык сот болуп, коомчулук билгени жакшы да", - деди Зулушев.



