"Биометрикалык каттоо тартип орнотмок". Депутаттардын жыйынга катышпай жатканы айтылды

Сүрөттүн булагы, Courtesy
24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрүнүн жумушка катышуусу жана парламенттеги тартип маселеси көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев кесиптештеринин жыйындарга толук катышпай жатканына нааразы болуп, биометрикалык каттоону тезирээк киргизүүнү талап кылды.
"Негизи бул жерде биометрикалык катоо болушу керек. Биз, мына, үчүнчү жолу чогулуп жатабыз. Жогорку Кеңеште депутаттар толук эмес, кээ бир депутаттар жок. Эгер азыр биометрикалык каттоо болгондо 79 депутат эмес, андан азыраак болмок. Кичине тартип болушу керек да. Биометрикалык каттоо тартипке алып келмек. Уррматтуу төрага, ушуну тездетип бериңиз. Ар бир депутат айлык акысын алып жатат. Депутат жумушка келип, каттоодон өтүп, ар бир мыйзамга өзү добуш бериши керек", — деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул маселеге карата катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, биометрикалык системаны орнотуу Кореянын эл аралык кызматташтык уюмунун (KOICA) өтүнүчү менен техникалык себептерден улам жылдырылган. Бирок бул депутаттарды көзөмөлдөөгө тоскоол болбойт.
"Биометрикалык каттоонун мөөнөтүн жылдырып жатканыбыздын себеби, биздин бул жааттагы өнөктөшүбүз болгон Кореянын эл аралык кызматташтык уюму орнотууга жетишпей калдык деп суранып жатат. Ошол зарылчылыктан улам биз жылдырып жатабыз. Албетте, бул бизге керек. Бирок ага карабастан биз катышты толук көзөмөлдөп жатабыз. Айрымдар мени көрбөй калды, билбей калды деп ойлошу мүмкүн. Бирок 87 депутаттын кимиси катышып же катышпай жатканын сегиз секундда эле санап коёбуз. Ким жыйынга себепсиз катышпаса, анын аты-жөнүн маалымат каражаттарына жарыялайбыз жана эмгек акысын кыркабыз деп биз айтканбыз", — деп эскертти төрага.
Жогорку Кеңештин спикери 18-декабрда да жыйындарга катышпаган депутаттардын маянасы кыркылып, тизмеси коомго ачыкталарын айткан.
Буга чейин парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңеште добуш берүү жана каттоо толугу менен биометрикалык тутумга 2026-жылдан тартып өтөрүн кабарлаган.
Парламенттин 8-чакырылышынын депутаттары 17-декабрда ант берип, жумуштарына киришкен.
























