You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Талибанга” ультиматум: Тажикстанды күчтөндүргөн тактика
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУнун кезексиз саммитинде лидерлер Афганистандын аймагынан келе турган коркунучка каршы туруш үчүн аскердик даярдыкты чыңдоо жөнүндө макулдашты. Анын ичинде чек арада кырдаал курчуп кетсе, Тажикстанга жардам берүү боюнча биргелешкен практикалык чаралар да каралды.
Бир айдан кийин тажик-афган чек арасына жакын жерде ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн масштабдуу машыгууларынын сериясы өткөрүлмөй болду. Мындан башка дагы протоколдо ачык айтылган-айтылбаган башка дагы чаралар көрүлө турганы шек туудурбайт.
Афганистанда "Талибан" бийликке келип жатканда августта Орусия Өзбекстан жана Тажикстан менен биргелешкен эки аскердик машыгууларды өткөргөн. Анда миңдеген аскер, авиация, артиллерия жана бронтехника катышкан.
Тажикстандагы машыгууларга Кыргызстандын Канттагы аскердик аба базасында жайгашкан Су-25 согуштук учактары жиберилген.
Тажикстанда Орусиянын 201-аскердик базасы бар. Ал Орусиянын өзүнүн чегинен тышкары турган эң ири аскердик объект.
Кыргызстанда Кант шаарында жайгашкан аскердик аба базасы ЖККУнун ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрүнүн авиациялык компоненти болуп саналат.
Афганистанда “Талибан” бийликке келгени Борбор Азияда дүйнөлүк жана регионалдык державалардын өзүнчө жаңы геосаясий оюну башталды. АКШ менен Улуу Британия аскерин алып чыгып кеткен менен бул жактагы кызыкчылыгын жоготуп албаштын башка жолдорун карап жаткан чагы. Кытай Пакистан аркылуу Афганистанга саясатын активдештирип жатканы байкалат. Орусия "Талибанды" тааныбаса дагы кенен маневрда ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү караштырууда. Биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аскердик саясатын жана потенциалын күчөтүүгө өттү.
“Акыркы үч айда Афганистанга байланыштуу Орусиянын таасири эбегейсиз чоң болуп кетти. Борбордук Азияга таасири күндөн күнгө күчөп атат. Ошон үчүн көп маселе Кремлдин макулдугу менен эле чечилет”,-дейт Бишкектен дипломат Аскар Бешимов.
Кремл баарын чечет
Борбордук Азиядагы өлкөлөр Афганистан багытында негизинен Кремл менен кеңешип чечим кабыл жатканы калетсиз. Бирок ошентсе да алардын ар бири кайсы бир деңгээлде өзүнүн кызыкчылыгын коргоонун аракетин көрүүдө.
Мисалы, ЖККУга кирбеген Өзбекстандын бул жагынан кол-жолу бош, ошондуктан "Талибанды" таанып, алар менен активдүү байланышта болууда. Ал эми Тажикстан бул кырдаалдан саясий, аскердик жана экономикалык пайда табуу үчүн союздаштарынын колдоосуна таянып, "Талибанга" ультиматум коюп баштады.
“Тажикстандын өзүнүн ичинде кырдаал абдан оор. Социалдык абалы оор, элдин бийликке болгон көз карашы да жаман. Көпчүлүк эл Рахмондун бүгүнкү режимин жек көрөт. Анын максаты бийликти атасынан баласына өткөзүп сактап калуу. Ага Россиянын колдоосу керек. Бирок тышкы оюнчулар, ошол эле Кремл да жакшы түшүнүп турат андагы кырдаалды, анын күчүн. Ошондуктан Рахмон бир жолду тандады. Өзүнүн күчүн көрсөтүп, тажиктердин баарынын башчысымын деп талибдерге талап коюуда. Афганистандын ичиндеги элдин 46% тажиктер деп. Чынында статистика боюнча ага жетпейт, бирок ошонун баарынын лидери менмин деп террористтик топтор менен жылуу-жумшак ой калчоодо. Анын ичинде бизге Кыргызстанга да коркунуч бар. Ошол эле террордук топтор менен Баткен менен Чоң-Алайда ызы чууну көтөрүп, ошого жамынып тажик элин бириктирүүгө аракет кылып, кырдаалды мен кармап турам дегенди тышкы оюнчуларга көрсөткүсү келүүдө”,-дейт Аскар Бешимов.
Тажикстан өзүнүн башкы стратегиялык өнөктөшү Орусияга таянат, анын айтканынан чыкпайт. Демек, анын "Талибанга" коюп жаткан талаптары Москва менен макулдашылган, анын кызыкчылыгына жооп берген жүрүш деп айтуунун жүйөсү бар.
“Бул Орусиянын саясатына мүнөздүү гибриддик кадам. Орусия ар кайсы жылкыларга байге сайып жатат. Бул “бөлүп жар да, башкара бер” деген саясат сыяктуу. Бир жагынан, басым жасап, шарт түзүү менен талибдерди ортомчу катары Москвага кайрылууга мажбурлоо. Орусия өзүн ортомчу катары көрсөткөндөн башка эч кандай сунушу жок. Ошону менен Тажикстан тараптан катуу билдирүүлөр айтылып, экинчи жагынан сүйлөшүү жүргүзүү процессинде Өзбекстандай эле саясат жүргүзүп жатат”, - деп эсептейт Алишер Илхамов.
Коркконго кош көрүнөбү?
Талибдер Афганистандын бийлигин басып алгандан кийин Борбор Азиядагы коңшуларына коопсуздукту, алардын ички иштерине кийлигишпесин жана террористтер менен кызматташуудан баш тартаарын убада кылды.
Дагы бир дипломат Мелис Байсымаковдун айтымында, "Талибандын" азыр ЖККУнун түштүк чектерине тийишейин ниети жок, анын ансыз деле башка көйгөйү толтура. Бирок, Орусия Афганистандагы кырдаалга жамынып, Борбордук Азияда аскердик саясатын күчөтүүнүн үстүндө:
“Алар Афганистанды адамдын эсин чыгарган мокочо кылып көрсөтө берет. Кирип келет, басып алат деген билдирүүлөр менен. Булардын андай ою жок. Андай болбой турганын алар деле түшүнөт. ЖККУ - бул Варшава келишими уюмун кайра калыбына келтирүү максатында эле түзүлгөн уюм”.
Ошол эле убакта Афганистандын түндүгүндө Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен чек арага жакын аймакта он миңдеген талиб аскери топтолгонун маалымат агенттиктери билдирип жатышат. Афгандардын кырк жыл бою согуштан башканы көрбөгөн, согушуудан башка өнөр билбеген жаңы муун тынч жашоого көнүп кетеби же коңшу өлкөлөргө колун кезеп, булчуңун сынап көргүсү келеби деген суроо актуалдуу болуп турат.
“Талибанга” азыр эл аралык коомчулук ишенбейт, ал кайрадан эл аралык террордук топтор, уюмдар менен коюн колтук алышып, канатына калкалап албайбы деген суроо негиздүү түрдө коюлууда.