"АКШ Орусияны түшүнөт". Путиндин чабарманы Вашингтондогу жолугушуу жөнүндө эмне деди?

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Орусиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комментарий берип, Дональд Трамптын администрациясынын негизги мүчөлөрү менен жолукканын билдирди. Анын айтымында, АКШ Орусиянын позициясын түшүнүп турат жана диалогго даяр.

Ал ким менен жолукканын так айткан жок. Мурдараак Дмитриев Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугары жөнүндө бейрасмий маалымат тараган.

Ал журналисттерге: "Трамптын администрациясы 46-президент Жо Байдендикинен айырмаланып, маселелерди чечүүгө ниети бар экенин так көрүп жатабыз. Алар сый-урмат менен мамиле кылып, Орусиянын позициясын түшүнүп, көптөгөн суроолорду берип, компромисстерди табышууда", – деди.

Дмитриевдин айтымында, орус-америка мамилелерин калыбына келтирүү – сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болгон.

"Президент Трамптын администрациясы орус-америка мамилелериндеги бардык маселелерди чечүүгө даяр. Албетте, алар геосаясий маселелерди чечүүнү каалашат жана көптөгөн суроолор боюнча Орусиянын позициясын түшүнүшөт" – деп кошумчалады ал.

Дмитриев ковид пандемиясы башталганда үзгүлтүккө учураган жана Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден кийин андан ары калыбына келбей калган Орусия менен АКШнын ортосундагы түз аба каттамдарын жандандыруу мүмкүндүгүн да белгиледи.

"Чындыгында түз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат жана биз бул маселеде илгери жылууга үмүттөнөбүз", — деди ал.

Дмитриев Арктикадагы кызматташтык жана сейрек кездешүүчү металлдарды казуу маселеси дагы талкууланганын айтты.

"Бардык пикир келишпестиктерди чечүү үчүн дагы бир катар жолугушуулар талап кылынат", — деди орус президентинин атайын чабарманы.

Кирилл Дмитриев Украинада согуш башталгандан бери Вашингтонго барган эң жогорку даражалуу биринчи орус чиновниги болуп калды.

Ак үй сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комментарий бере элек.

Бейшембиде Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, Орусия Дональд Трамптын Украинада алгылыктуу тынчтык келишимин камсыз кыларына үмүт артып жатканын, бирок сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган учурда согушту улантууга даяр экенин жазган.

Басылманын булактарынын айтымында, Кремль Трамптын ок атышууну токтотуу маселесинде жылыш болбосо, орус мунайын сатып алгандарга кошумча санкция киргизүү жөнүндөгү опузасына кабатыр деле болбойт.

Трамптын жардамчылары, анын ичинде Стив Уиткофф Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн келечегине оптимизм менен карашат. Бирок акыркы күндөрү тынчтыкты чыңдоо багытында кандайдыр бир конкреттүү кадамдар жасалганы жөнүндө кабар жок.

"Ак үй 20-апрелге чейин ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууга жетүүнү көздөгөн, бирок азыркы учурда бул максатка жетүү мүмкүн эместей. Трамп менен Путиндин ортосунда саммит өтөт деген сөздөр да акыркы күндөрдө басаңдап калды", — деп жазат Bloomberg.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков агенттикке Орусия маселелерди чечүү үчүн өз ара кызматташууну улантууну эп көрөрүн айткан.

"Баары урушкандан көрө сүйлөшүүнү, жөн гана сүйлөшүү эмес, пикирлеринин эске алынышын каалайт. Азыркы америкалык администрация менен дал ушундай карым-катнаштабыз", — деген Песков.

Bloomberg басылмасы белгилегендей, Орусия согуш талаасында алдыга жылып, аскер жана курал-жарак боюнча Украинага караганда артыкчылыкка ээ болгону менен Батыштагы талдоочулар Кремль чоң жоготууларга учурап жатканын айтып жатышат.

NBC News Ак үйдөгү булактарына таянып билдиргендей, Дональд Трамптын жакын кеңешчилери ага Орусия ок атышууну толук токтотуу жөнүндө милдеттенме алганга чейин Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн баш тарта турууну сунушташууда.

Reuters жекшемби күнү Трамп NBC News телеканалына маек куруп, ушул аптада Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын айтканын эске салды.

Европа кол куушуруп олтуруп калбайт

Март айынын соңунда Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер тарабынан уюшулган "каалоочулардын коалициясынын" саммити болуп өткөн. Жолугушуу эгерде Орусия менен тынчтык келишими түзүлө турган болсо Украинага кепилидиктер жана башка суроолорду талкуулоо үчүн уюуштурулган.

Саммит жыйынтыкталганда Эммануэль Макрон жалпы катышуучулар Украинаны жана анын армиясын мындан ары дагы колдой берүүнү жана Орусияга, анын көмүскөдөгү танкерлеринин флотуна басымды улантууну макулдашышканын билдирген.

"Эң жакшысына үмүт кылабыз жана эң жаманына камынабыз",- деп кошумчалаган Макрон.

Анын сөзүнө караганда, Европа өз демилгелери Америка Кошмо Штаттары тарабынан дагы колдоого алынышын каалайт, бирок андай болбой турган болсо, Европа алакан жайып эле олтуруп калат деп айтууга болбойт деп эскерткен эле.