АКШ менен Украинанын президенттери жолугушууда эмнени сүйлөштү?

Сүрөттүн булагы, @V_Zelenskiy_official
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусу болжол менен бир саатка созулду.
Украинанын президентинин айтымында, алар овалдык кабинетте Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды чыгарууга лицензия берүү маселесин жана "жардам бере ала турган дагы айрым идеяларды" талкуулашты.
Бул акыркы эки ай ичиндеги эки президенттин үчүнчү жолку бетме-бет жолугушуусу болду. Зеленский сүйлөшүүнү "жакшы өттү" деп мүнөздөдү. Трамп да өзүнүн Truth социалдык тармагында "жолугушуу абдан жакшы өттү" деп жазды.
Эки лидердин жолугушуусу жабык форматта өтүп, ага журналисттер катышкан жок.
"Президент Трамп менен Овалдык кабинетте жакшы жолугушуу болду. Украиналыктардын өмүрүн коргоо жана тынчтыкка жетишүү үчүн биргелешип жасап жаткан иштерибиздин бардыгы үчүн ыраазычылык билдирем", - деп жазды Украинанын президенти Ак үйдөн чыккандан көп өтпөй социалдык тармактарга.
Бир аздан кийин АКШ президентинин маалымат катчысы Кэролайн Левитт Трамптын Зеленский жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху (ал Украина президенти кеткенден кийин дароо Ак үйгө келген) менен жолугушууларын "оң жана жемиштүү" деп мүнөздөдү.
"Украинанын президенти Зеленский менен жолукканыма сыймыктанам. Биз көптөгөн маселелерди талкууладык. Жолугушуу абдан жакшы өттү!" - деп жазды АКШ президенти шаршембиге караган түнү.
Зеленскийдин айтымында, ал АКШ президенти менен болгон жолугушууда Patriot системалары үчүн кармоочу ракеталарды чыгарууга лицензия берүү маселесин жана "жардам бере ала турган дагы айрым идеяларды" талкуулады. Бирок ал кайсы идеялар жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жолугушууга аз калганда Reuters агенттиги өз булактарына таянып, украиналык жана америкалык расмий өкүлдөр Орусия менен аба мейкиндигинде жарашуу мүмкүнчүлүгүн, башкача айтканда эки тарап тең абадан сокку урууну токтотуу сунушун талкуулап жатканын жазган. Агенттиктин маектештеринин маалыматына ылайык, бул демилгелер кийин Москвага сунушталмак.
"Ошондой эле дипломатия тууралуу сүйлөштүк. Дипломатиялык процессти жандандыруу маанилүү", - деп жазды Зеленский.
Анын айтымында, эки өлкөнүн сүйлөшүү топтору "мындан аркы байланыштын деталдарын макулдашат".
Зеленский Ак үйдөн жарыялаган сүрөттөрдө анын кеңсесинин жетекчиси Кирилл Буданов, орун басары Павел Палиса, Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Сибига, анын орун басары Сергей Кислица, ошондой эле АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн негизги өкүлдөрдүн бири Рустем Умеров да көрүнөт.
Өткөн жумада Зеленский АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.
Lockheed Martin компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу
Шейшемби күнү кечирээк Украинанын президенти социалдык тармактар аркылуу Patriot жана башка курал системалары үчүн ракета чыгарган Lockheed Martin концернинин өкүлдөрү менен да жолукканын билдирди.
Украинанын карамагында Орусия акыркы айларда украин шаарларына активдүү колдонуп жаткан баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алган бир нече Patriot комплекси бар. Бирок соңку айларда Украина бул системалар үчүн кармоочу ракеталардын олуттуу тартыштыгына туш болуп жатат.
"Биз Patriot жана башка системалар боюнча биргелешкен мүмкүнчүлүктөрүбүздү талкууладык. Биздин командалар мүмкүн болушунча тезирээк биргелешкен өндүрүшкө өтүү жана адамдардын өмүрүн коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн конкреттүү чечимдердин үстүндө иштеп жатышат", - деди Зеленский.
Украинанын президенти сөз технология алмашуу жөнүндө болуп жатканын белгилеп, "Украинанын да биздин өмүрдү коргоого жардам берип жаткан өнөктөштөр менен бөлүшө турган тажрыйбасы бар" деди.
Аскердик эксперттердин айтымында, украиналык адистер акыркы мезгилде учкучсуз учуучу аппараттар тармагында батыштык өндүрүүчүлөр кызыккан бир катар алдыңкы технологияларды иштеп чыгышкан.
Зеленский эске салгандай, Lockheed Martin компаниясы Patriot үчүн ракеталардан тышкары Украина колдонуп жаткан ATACMS баллистикалык ракеталарын, HIMARS реактивдүү ок атуу системаларын жана F-16 истребителдерин да чыгарат.
Линдси Грэмди акыркы сапарга узатуу жана сенаторлор менен жолугушуу
Зеленский ошондой эле президент Трампка сенатор Линдси Грэмдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Анын белгилешинче, Грэм Украинанын чыныгы досу болгон.
АКШ менен Украинанын президенттеринин жолугушуусу сенаторду акыркы сапарга узатуу аземинин алдында өттү. Грэм Украинага бир нече жолу барып келген. Акыркы жолу ал 11-июлда Вашингтондогу үйүндө каза болорунан бир күн мурда Украинада барып кеткен. Трамп да, Зеленский да Вашингтондогу Улуттук кафедралдык чиркөөдө өткөн коштошуу аземине катышты.
Андан кийин Украинанын президенти америкалык сенаторлор менен жолугуп, алардын процедуралык добуш берүүдө Линдси Грэм демилгелеген Орусияга каршы санкциялар жөнүндө мыйзам долбоорун колдогонун билдирди.
"Линдси Грэм менен коштошуп жаткан дал ушул күнү Сенатта ал көп эмгек жумшаган Орусияга каршы санкциялар тууралуу мыйзам долбоору боюнча процедуралык добуш берүү өткөнү символикалуу болду. Добуштарды саноого катышуу мен үчүн чоң сыймык болду. Документти 86 сенатор колдоду. Бул — Линдсинин пландарын ишке ашыруудагы биринчи кадам жана, албетте, тынчтыкка карай дагы бир кадам. Бул механизмдин иштеши абдан маанилүү", - деп жазды Зеленский социалдык тармактарга.
Буга чейин Би-Би-Синин Вашингтондогу кабарчылары билдиргендей, Владимир Зеленский менен жолугушууга АКШнын бардык сенаторлору чакырылган.
































