Саясий бейне: Абакта ачкачылык кармаган Жеңиш Молдокматов ким?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Акыйкатчы институту абакта ачкачылык жарыялаган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун абалы менен таанышып чыкты. 26-июлдан бери кургак ачкачылык кармап жаткан саясатчынын ден соолугу күн сайын начарлап баратканы айтылууда.

Октябрь окуялары боюнча камалган Молдокматов 6-майдан бери абакта жатат. Ал өзүнө коюлуп жаткан "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" жана "октябрь окуяларында массалык баш аламандык уюштурган" деген айыптарды четке кагууда. 

Жеңиш Молдокматов ким жана анын кыргыз саясатындагы орду кандай?

Жеңиш Молдокматов 38 жашта. Эмгек жолун 2000-жылдары англис тил мугалими катары Нарындагы №7 орто мектептен баштаган.

Ага чейин Венгриядагы OSI LGI Ачык коом институтунан билим алганы айтылат. Ошондой эле Нарын мамлекеттик институтун бүтүрүп, “экономика жана мамлекеттик башкаруу” адистигин алган.

2010-жылга чейин Нарын ниверситетинин медиа борборунда, андан кийин Борбор Азия универститети алдындагы бизнести башкаруу, туризм жана айыл-чарбаны өнүктүрүү программаларында иштеген.

Евробиримдиктин билим берүү жаатындагы Erasmus программасында, кийин Fushion Mobile House co. LTD аттуу жоопкерчилиги чектелген уюмда иштегендиги тууралуу да айтылат.

Саясий жолу

Саясатка Жеңиш Молдокматов 2010-жылы “Кыргызстан жаштар кеңишинин” лидери катары биринчи жолу кадам таштаган.  Кандуу Апрель  окуялары анын саясатка аралашуу чечимине чоң таасир бергени, кийин анын шайлоо алдындагы жарнамалык кампаниясында далай жолу айтылган.  

Ал жылдары “Жетим-Тоо” жана “Сандык” аттуу Нарындагы жер кендерин иштетүүгө каршы чыгып, жергиликтүү элдин колдоосун тапкан.

2013-2015-жылдары  жаштардык коомдук-саясий “Калыс” кыймылын негиздеген.

Саясий карьерасынын алгачкы жылдары радикал улутчул ураандары менен таанымал эле. Мисалы, 2014-жылы Молдокматов АКШ элчилиги алдына митинге чыгып, ЛГБТ же сексуалдык азчылыктардын пропагандасын тыюуну талап кылып, болбосо “радикалдуу” чараларга барарын эскерткени бар.

2015-жылы педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүнүү да демилгелеген.

2016-жылы “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы болуп, 2018-жылы бул партиянын лидери болуп шайланат. Ошол жылдан тартып Молдокматов жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып, бир топ саясий тажрыйба топтогонго жетишкен.

Мигранттардын абалын жакшыртуу боюнча бир катар сунуш-долбоорлору менен белгилүү.

2020-жылы “Замандаш” партиясын Жогорку Кеңешке карата шайлоого баштап, тегерегине мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев, депутаттар Уметалы Кыдыралиев, Айсулуу Мамашева, экс-генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев өңдүү бир топ саясатчыларды да топтой алган.

Шайлоодон кийин чыккан нааразылык митингдеринде башка саясатчылардай эле алдыңкы сапта болуп, добуш берүү бурмаланганын айтып чыккан.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген жаңы күчтөргө ачуу сын айтып, быйыл январда “Замандаш” партиясынан кетип жатканын жар салган: “Мен “Замандаш” партиясын жетектөө менен чоң саясий мектептен өттүм. Кагылдым, чалындым, партиянын желеги астында быштым. “Замандаш” мен үчүн алгачкы саясий мектебим”, - деген эле Молдокматов анда.

Саясатчы андагы чечимин мындай деп негиздеген: "саясатчынын саясатта өз багыты болушу абзел. Андыктан азыркы саясий кырдаалда утурумдуу бийликке болгон менин көз-карашым жана багытым, эл алдындагы билдирүүлөрүм партияга терс таасирин тийгизбеши үчүн лидерликти өткөрүп берүүнү чечтим".

2021-жылы апрелде азыркы бийликке каршы оппозициялык  “Туран” партиясын түптөлгөнүн билдирген. Партия лидери катары Молдокматов Садыр Жапаров демилгелеген конституциялык реформаны, кадрдык дайындоолорду жана өкмөттүн чек ара саясатын кескин сындап келди.

Көп өптпөй быйыл 6-майда октябрь окуялары боюнча суракка чакырылганда, ага карата саясий куугунтук орун алып жатканын айткан эле: “Октябрь окуялары боюнча Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да сурак бериши керек. Мына ошондо гана адилетүү тергөө болот. Ал эми бул окуяга эң негизиги күнөөлүүлөр Кашкарбаев, Опумбаев жана Кошалиевдер чакырылган жок”.

Адвокаты Кантемир Турдалиев 6-октябрь күнү Молдокматов таңкыга чейин калып УКМКны көздөй жөнөгөн сүрмө топтон атайын кызмат имаратын аман алып калганын айтууда. Митингчилер анда Атамбаев менен Садыр Жапаровдун абактан бошотулушун талап кылып барышканы айтылат.

Буга чейин бир катар саясатчылар Молдокматовдун негизсиз кармалып жатканын айтышкан."Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы Жеңиш Молдокматовдун камакка алынышын "саясий куугунтук" деп атаган: "Жеңиш Молдокматов "бийлик органдарынын имаратын басып алууга аракет кылды" деген жүйө эч кимди ынандырбайт. Бул күлкү келерлик. Акыл-эси жайында элдин баары Молдокматов өз позициясынын курмандыгы болду, бул - саясий куугунтук деп кабыл алышты. Мен да ушуну баса белгилейм, Жеңиш Молдокматовду камакка алуу - саясий куугунтук".

Жеңиш Молдокматов үй-бүлөлү, эки баланын атасы экени маалым. Буга чейин ал жогорку кызматтарды ээлеген эмес, бир да жолу Жогорку Кеңеш депутаты да боло элек. (ЭК)