Кыргызстан канткенде глобалдуу базардан инвестиция тарта алат?

Published

Назгүл Конурбаева, Бишкек

Өлкөнүн инвестициялык климаты олуттуу кооптонууларды жаратууда. Буга сандар дагы далил: акыркы маалыматтарга караганда 2021-жылдын биринчи кварталында өлкөгө түз инвестициялардын кирүүсү болгону $112 млн түзсө, ушул эле убакытта өлкөдөн чыгарылып кеткен капиталдын көлөмү - $480 млн.  Бизнес коомчулук Кыргызстанга инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн реалдуу реформалар керек экенин, болбосо инвесторлорду да жоготуп алуу коркунучу бар экендигин эскертүүдө. Аны менен кошо бизнес көйгөйдү чечүү жолдорун да сунуштайт.

Астана борбору

Бир нече күн мурун Кыргызстандын жеке жана финансалык секторунун, тармактык бизнес ассоциация жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү “Астана” эл аралык каржы борбору менен таанышып келди. Ал жерде Бишкекте дагы ушундай каржы борборун ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Кыргызстан рынок катары чоң потенциалга ээ, бирок маселе мамлекет ошол потенциалды колдонууга даярбы деген суроодо турат.

Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков:

“Астана” эл аралык каржы борборунун түзүлүүсү Казакстандын экономикасынын өнүгүүсү үчүн чоң түрткү болгон. Алар тажрыйба бөлүшүүгө даяр. Биздин алдыбызда кыргыз ишкерлеринин каржылоо булактарына жетүүсүн камсыздай турган кенен мүмкүнчүлүктөр, жаңы эшик ачылууда. Бизде шыктуу, дымактуу ишкерлер аябай көп, аларга өлкө ичинде өнүгүүгө шарттарды түзүү керек. Биз прогрессивдүү калкты кармап калууга жана Кыргызстандын чет элдик инвестицияларды тартууга жагымдуу өлкө катары репутация түзүүгө аракеттенишибиз керек”.

 

 Кыргыз бизнеси глобалдуу базарга чыгууга даяр

Жеке ишкерлердин жана финансылык сектордун АЭКБ болгон сапары, Кыргызстандык бизнестин аймактык жана глобалдык инвестициялык базар менен иштешүүгө даярдыгын жана буга жетиштүү потенциалы бар экендигин көрсөтөт.  Астана эл аралык каржы борборунун резиденти катар катталган кыргызстандык Namba Group компаниясы казакстандык MOST Ventures инвестициялык фондунан бир миллион доллар венчурдук капитал тартканы буга далил. Айтмакчы, бул инвестициялык келишимге дал ушул иш-сапардын алкагында кол коюлган.

 Компаниянын негиздөөчүсү Аман Тентиевдин айтымында, кыргыз ишкерлери, айрыкча IT тармагындагы ишкерлердин дүйнөлүк базардан акча тартып келүү дарамети жетиштүү. Бирок кыргыз юридикциясы алдында венчурдук капитал тартуу дээрлик мүмкүн эмес, анткени финансалык базарды тескей турган заманбап механизмдер жок жана эко-система өнүккөн эмес.

Астана борбору

Англис укук системасы - инвестициянын кепилдиги

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Казакстан Астана каржы борборунун алкагында, жеке менчикти жана инвестицияны короого кепилдик берген англис укук системасын киргизүү менен дүйнөлүк базардан $14 млрд инвестицияны тарта алды. Бул бүткүл Борбордук Азиядагы уникалдуу аянтча жана Кыргызстан бул тажрыйбаны колдонуусу керек дейт ишкер Эмил Үмөталиев:

“АЭКБ негизги уникалдуулугу - бул көз карандысыз англис укук системасын колдонуусу. Анлгис укугунун негизги постулаты - мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык нерсеге уруксат берилгени. Муну менен алар дүйнөлук ири экономикалардан инвесторлорду тартып жатат. Азыркы убакта АЭКБнын резиденттеринин жалпы капитализациясы $40 млрд жетти. Кыргызстандыктар үчүн бул Лондон же Сингапур сыяктуу дүйнөлүк каржы борборлоруна караганда жакыныраак жана арзан.  Алар бардык регионго багытталган. Ошондуктан бул эки тарап үчүн тең жемиштүү өнөктөштүк болмок”, - дейт ишкер.

"Биздин өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин “телефондук укук системасы” иштейт, башкача айтканда бардык маселелер коррупциялык жол менен чечилип келет,- дейт бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев. -Инвесторлор биздин коңшулар ишкерлерди кантип коргоп жатканын көргөндө алар инвестицияларды ошол жакка салышат. Бизде капитал качып турганда, эч кандай экономикалык өсүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Миллиарддаган долларлар экономикага жумшалса, бул мамлекеттин өнүгүүсүнө жол салат”.

Борбор Азия дүйнөнүн инвестициялык картасында бирдиктүү базар

«Астана» эл аралык каржы борбору  аймактык инвестициялык хабка айланууну көздөйт. Негизинен Борбор Азия өлкөлөрү өз өзүнчө базар катары эл аралык акторлордо кызыгууну жаратпайт. Бирок Борбор Азиянын биргелешкен аймагы 75,3 миллион жашоочусу менен келечеги бар рынокту түзөт. Бизнес коомчулук Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык алакаларды жакшыртуу маселесин көптөн бери эле көтөрүп келет. Андыктан каржы-инвестициялык тармактагы байланыштарды жолго салуу эң актуалдуу суроолордун бири.

Анын үстүнө алдынан көтөрүлгөн бул сыяктуу демилгелер бат жана үзүрлүү жыйынтыктарды берет. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык тармактагы байланыштарын жакшыртууга өбөлгө түзмөк.