Игорь Шестаков: Россия бул региондун кожоюну деген сөз конспирология  

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Алматы акиматынын имараты кол салуудан кийин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматы акиматынын имараты кол салуудан кийин

Казакстандын бийликтери массалык каршылык акцияларын басууга сырттан аскер киргизип, сырттан келген террористтердин, бандалардын кол салуусу жөнүндө айтканы менен, анын далилдүү, ишенимдүү фактылары элге көрсөтүлбөй жатат. Геосаясий иштер боюнча бишкектик эксперт Игорь Шестаков менен Казакстандагы окуяларда сырткы күчтөрдүн таасири, ролу жөнүндө сүйлөштүк.

Игорь Шестаков

Би-Би-Си: Казакстандагы окуялар, Москва башкарган блоктун аскеринин кириши бул үйдө, бул региондо ким кожоюн экенин көрсөтүп койгондой болду. Ал эми терроризм жана башка көрүнүштөр көбүнчө декорацияга окшобойбу?

 

И.Шестаков: Мен конспиролог эмесмин. Россия Казакстандын да, Кыргызстандын да, Тажикстандын да стратегиялык өнөктөшү. Жөнөкөй мисал: Евразиялык интеграцияны, ЕАЭБ долбоорун ким ойлоп тапты эле? Аны Москва, Путин менен байланыштырып келишет, а чынында бул идеянын автору Нурсултан Назарбаев. Демек, бул жерде Россия менен региондогу өлкөлөрдүн өнөктөштүк союздаштык мамилеси жөнүндө айтыш керек. Ошондой эле бул жерде прагматизм жана консерватизм жөнүндө айтыш керек.

Ал эми Казакстандын экономикасын карап көрсөңүз, "Шелл" жана башка Батыш компанияларынын чийки зат тармагындагы салымы жакында эле 300 миллиард доллардан көп деп айтылбадыбы. Ошол эле Газпром, Роснефтини алсаңыз, суммалар Батышка салыштырганда символикалуу эле.

Кытай Республикасын карап көрсөк, долбоорлор алда канча көп жана башка сумма. Биз “Бир кур, бир жол” долбоору боюнча иш чара өткөргөндө, Кытай Казакстандын инфраструктуралык долбоорлоруна жумшаган 40 миллиард доллар жөнүндө айтылган.

Россия бул региондун кожоюну деген сөз көбүнчө конспирология деп ойлойм. Россия тарыхый жактан алганда Советтер союзунун мураскору, тарыхый байланыштар сакталып өнүгүп жатат, бирок кандайдыр бир таңууланган саясат болуп жатат деп айтпайт элем.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

 

Би-Би-Си:  Токаев менен Путиндин Борбор Азиядан, Афганистандан барган террористтер жөнүндө билдирүүлөрү канчалык негиздүү деп ойлосуз, анын далилдери көрүнбөй жатпайбы?

 

И. Шестаков:  Тилеккке каршы, радикалдуу коркунуч бар. Соңку 20 жылды карап көрсөк, Казакстанда бир нече жолу локалдуу деңгээлде окуялар болгон, диний радикал уюмдар аскер бөлүктөрүнө кол салып, аскерлер өлгөн фактылар бар. Андан сырткары, Жана-Өзөндөгү 2011-жылы болгон окуяларды карап көрсөк, ушундагы окуяларга окшош болбоду беле. Ошондо дагы Казакстандын Батышында, чийки зат өндүргөн ишканалардын жумушчулары чыккан, азыр кеп газ жөнүндө болду.

Ырас, анда митинг бир жылга чейин созулган, акыры Жаңы-Өзөндөгү дүкөндөр менен банктардын талап-тонолушу менен аяктаган. Бул локалдуу түрдө болгон, бирок ошондо эле казак бийликтери бул окуяларга бейжайкын жумушчулар эмес,  кылмыштуу радикал топтор катышканын көрсөткөн болчу.

Мен ал жакта террористтер жок, бул элиталардын гана ички оюндары деп айтпайт элем. Алар болду, канча санда катышты, кеп ошондо. Биз ушул суроого жооп күтүп атабыз.

20 миң террорист деген азырынча чоң угулуп атат, жабык режимдеги өлкөгө ушунча сандагы согушкер келди деп айтыш кыйын. Бирок Масимовдун кармалышынан Улуттук коопсуздук кызматынын кандай иштегенин көрдүк. Иш жүзүндө алардын башкармалыгы эч кандай коргоого алынбай, таланып тонолуп кетти. Болгон окуялардын өзөгү бийликти өткөрүп берүү менен байланыштуу, эгер бизде чакан деңгээлдеги Кой-Таш чатагы болсо, бул жакта элиталардын кармашы эң негизги нерсе, бирок кылмыштуу топтордун аралашып кеткени, радикалдуу топтордун бар экендиги, мунун баары реалдуу.

Дагы бир өзгөчөлүктү айтпай кетпесек болбойт, бул дагы өзүнчө бир ноу-хау – лидерлер жок болду. Каршылык митингиси, козголоң өлкөнүн батышынан түндүгүнө чейин каптады. Ошол эле учурда сыртта жүргөн айрым оппозициялык лидерлердин, анын ичинде Аблязовдун, билдирүүлөрүнөн башка эчтеке жок.  Мына ушул ботконун баарын Аблязов жасады дегенде күлкү гана келет да. Балким, ал кайсы бир локалдуу деңгээлде катышкандыр, анын жактоочулары баргандыр, акча жибергендир, бирок аны бул окуялардын лидери деп айтууга болбойт. Бул дагы өзүнчө ой калчоого жем таштайт, анда ким мунун баарын уюштурду?

Биз ошондо булар саясий элита топтору, криминал жана радикал уюмдар деген корутундуга келебиз. Жыйырма миң террорист болдубу, жокпу, кеп ошондо гана. Ага жооптуу Казакстандагы бийлик бериши керек. Токаевдин операциясы, УККнын башчысынын камалышы, ишене турган киши жок, ошондуктан тышкы саясий колдоо алуу үчүн ЖККУга кайрылуу болду.

 

ЖККУ аскери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Казакстан отуз жыл бою Москва менен Батыштын, Кытайдын ортосунда көп векторлуу саясат жүргүзүүгө умтулуп келди. Эми орус аскеринин кириши менен анын көп векторлуу саясаты бүттү, керек болсо эгемендигинин кыскарышына алып келет деген кабатыр пикирлер айтылып жатпайбы?

 

И. Шестаков: Менимче Казакстандын эгемендигинин кыскарышына алып келбейт, анткени ал финансылык жагынан көз каранды эмес, постсоветтик мейкиндиктеги абдан ийгиликтүү өлкөлөрдүн бири. КМШ менен Казакстандагы эмгек акыны салыштырып көрсөк, Казакстан лидер экени кашкайып көрүнөт. Инвестиция тартып жаткан өлкө катары Казакстандын Европа Биримдиги жана Евразия Биримдигинин долбоорлору менен кызматташтыгы , “Бир кур, бир жол” долбоору менен кызматташтыгы кала берет.

Эгер прецедент жөнүндө айтсак, бул башка кеп. Мен ЖККУга жардам сурап кайрылганын айтып атам. Бул менин оюмча, символикалуу мүнөздө гана болду. Токаев элитадагы оппоненттерине өзүн өлкөнүн ичинде гана эмес, тышкы чөйрөдө да колдоосу бар саясатчы экенин көргөзүп койду.

Токаев постсоветтик мейкиндиктеги эң тажрыйбалуу дипломаттардын бири, бул талашсыз. Тышкы саясаттагы негизги өнөктөштөр үчүн белгилүү фигура, ошондуктан көп векторлуу саясат фактору кандай болсо, ошондой эле кала берет деп ойлойм. ЖККУнун аскери киргенде Казакстан эгемендигин жоготуп алды деген сөз маалымат согушунун теориясына жакын көп. 

Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, Reuters

Би-Би-Си: Россиянын ЖМКлары далилдүү фактылары чыга электе эле,  жапырт түрдө кыргыздарды тополоңчу, террорист деп атап, жаманатты кылууда. Бул жерде бир тууган эки элди уруштуруу, бири-бирине жек көрсөтүү максатында атайын бир көрүлгөн аракеттей да сезилип кетип жаткандай?

 

И. Шестаков: Мен россиялык ЖМКларды кунт коюп окуп аттым. Эң оболу айтарым, кыргыздар талап-тоноого катышты, радикал уюмдардын арасында болду деген көз карашты казакстандык эксперттер айтып чыгышты. Медиа популярдуулугу бар айрым эксперттерден биринчи кетти бул сөз. Биздин белгилүү музыкант Рузахуновдун кармалышынан жаңжал чыкканда, россиялык ЖМКлар биздин коомчулуктун, саясатчылардын, бийликтин өкүлдөрүнүн, ошол эле Ташиев менен Жапаровдун айткандарын беришти. Бул жерде кимдир бирөөнү ашкерелеген атайын уюштурулган материалдар болгон жок.

Россиялык ЖМКлар Казакстан сегментинен да маалымат алып жатышпадыбы, анын үстүнө Интернеттин өчүп калган учурун да эске алыш керек. Социалдык тармакта өзүнүн пикирин жазгандар, россиялык эле эмес, башка өлкөлөрдүн журналисттери кимге байланыша алса, ошолор кырдаалды моделдештирип жатты.

Бирок мен оңго-солго таратылып келген биздин паспорттордун таржымакалын айта кетейин. Абдан кейиштүү маселе, дүйнөдө кайсы бир террористтер, радикалдар кармалганда,  алардын жанынан биздин республиканын паспорту чыгып келбедиби. Ошондуктан Казакстанда кимдир бирөөлөр мыйзамсыз иштер менен кармалып, алардын паспорту Кыргызстандыкы болуп чыкса, мен таң калбайм. Балким, алардын Кыргызстанга эч тиешеси жок. Ошондуктан бул кыргыз бийликтери ойлоно турган маселе, документ берүү жагын тартипке салыш керек, дал ушул паспорттор аркылуу биздин өлкөнүн кадыр-баркы түзүлүп жатпайбы.