Баткен: Төрт-Көчөдө ок атышуу болуп жатканы кабарланды

Published

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды салыштырмалуу чыңалган абалда экенин маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларыны атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда.

Тажик тарап минамет жана гранатомётторду колдонуп жатканын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунунан кийин саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок көп өтпөй, маалыматка караганда, саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Мурдараак Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосушканын кабарлаган.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы Рустам Миршакиров окуя болгон жерге барышкан.

Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү.