Германиялык прокурор университетте иштеген россиялыкты тыңчылык кылды деген шек менен камакка алды

Published

Германиялык прокурор университетте иштеген россиялык кишини тыңчылык кылды деген шек менен камакка алды. Илнур деп гана аталган бул кишинин жашы жыйырма тогузда экени айтылууда. Ал маалыматтарды Орусияга берген деген айып боюнча өткөн жума күнү кармалды.

Берлиндеги Би-Би-Си кабарчысы Дэмиен Макгинес жиберген кабарга караганда, шектүү адам Германиядагы университете илимий изилдөөчүнүн жардамчысы болуп иштеген. Соңку 8 ай ичинде ал орусиялык чалгындоо агенти менен бери дегенде үч жолу жолугушкан. Ал акча үчүн университет тууралуу маалыматтарды берип турган деп айыпталды.

Кайсы университет экенин прокурорлор тастыктаган жок. Бирок интернеттеги маалыматка караганда, айыпталган киши Бавариядагы Аугсбург университетинин механикалык инженердик бөлүмүндө иштеген. Шектүүнүн үйү жана жумуш орду тинтүүгө алынып, өзүн полиция суракка алууда. Эгер тыңчылык кылды деп табылса ал беш жыл абакка кесилиши ыктымал.

Соңку жылдары Орусия Германияда мыйзамсыз иштерди жүргүзүүдө деген айыптоолордон улам, Москва менен Берлиндин ортосундагы алакалар начарлап кетти. 2005-жылы Германиянын парламентине кибер чабуул жасалып, аны орусиялык хакерлер аткарды деп божомолдошкон.

2019-жылы орус киши Москванын буйругу боюнча Берлинде бир грузинди өлтүргөнү айтылган эле.