"Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандынын табылышын талап кылышууда

Published

"Сапат" окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү бүгүн өкмөт үйүнүн алдына үнсүз акцияга чыгышты.

Теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандынын жоголгонуна бир апта өттү, бирок анын ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгы болбой жатат.

"Акциябыз эки саатка созулуп, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер катышты. Агайыбыз табылып, ал тууралуу толук маалымат алганга чейин биз бул иш-чараларыбызды уланта беребиз", - деди Би-Би-Сиге акция катышуучусу Амир Султанмуратов.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды кечээ кыргыз бийлигине кайрылуу менен чыкты. Ал жолдошу "Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турат" деген кабары бар экенин айтууда. Түрк элчилиги мындай билдирүүлөргө жооп кайтара элек.

Өлкөдө бир аптадан бери "табылсын" урааны менен акциялары өтүп, Орхан Инандыны издөө иштерин ыкчамдатуу талап кылынууда.

Президент Садыр Жапаров Инанды жоголгон күндүн эртеси эле издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Бул маселе 3-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында да каралган.

Ал арада бул аптада кыргыз президентинин Түркияга расмий иш-сапары башталганы турат.