You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкектеги митингди милиция кууп таркатты
Бишкекте Садыр Жапаровго боштондук талап кылып митингге чогулгандар Ак үйдү карай жөнөшкөндө милиция күчтөрү алардын алдын тосуп, кууп тарката баштады. Иттерди айдактап, суу менен аткылап кубалашты.
Борбордук аянтка эл эртең менен эле чогула баштаган. Митинг өзү түшкү саат бирде башталып, каш карайганда араң бүттү. Бирок митинг бүтүп-бүтпөй эле топураган эл Ак үйдү көздөй бет алды. Алардын алдын милиция күчтөрү тосуп, кайра артка сүрүп, суу менен аткылап, иттерди айдактап кубалап чыга баштады.
Митингге эки миң ашуун киши катышканы айтылды. Чыгып сүйлөгөндөр Садыр Жапаровду бошотуу талабынан сырткары, "Баш мыйзамды реформалоо", "өкмөттүк отставкага кетирүү" талаптарын айтышты.
Митингге чогулгандар арасында жыныстык азчылыктарга байланыштуу чакырыкты кармап турган кишилерди күч менен сүйрөп чыгышты. Айрымдар муну чагымчыл аракет катары баалады.
Акциянын алдында өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн эскерткен. Бир күн мурун камактагы саясатчы Садыр Жапаров тарапкерлерин митингге чыкпоого чакырып кат жолдогон.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталган.
Биринчи Май райондук соту 2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси, тактап айтканда "бийлик өкүлүн барымтага алуу" боюнча айыптап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте камакка алуу өкүмүн чыгарган. 17-сентябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Ушул жылдын апрелинде Жогорку Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартты.
Жапаровдун ишин караган сотторго өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы атайын өкүлү Эмилбек Каптагаев такай катышып, Жапаровдун пайдасына көрсөтмө берген:
"Бул иш боюнча айыпталып жаткан Садыр Жапаровдун күнөөсүн тастыктаган далил жок. Мен муну биринчи отурумдан бери эле айтып келе жатам. Сүрмө топ кылып, бир беренеге тактап соттой берген болбойт. Менин түшүнүгүм боюнча бул саясий буюртма эле болуп калды»,-деген Эмил Каптагаев.
Садыр Жапаров өлкө сыртында жүрүп, 2017-жылы 25-мартта өлкөгө келип, чек арадан өтүп жатканда кармалган. Аны колдоп митингге чогулгандар таратылып, "коомдук тартипти бузган" деп бир нече киши кармалып, 12 киши "бейбаштык", "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" сыяктуу беренелер менен айыпталган. Камакта кармалып турган учурда Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Садыр Жапаровдун жактоочулары муну саясый куугунтук катары баалап, ага адилетүү чечим чыгарууну талап кылып келишүүдө. (AbA)
*