Кыргыз-тажик чек арасынан аскердик техника чыгарылды

Published

Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жетишкенин билдирүүдө. Эң оболу эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алынды. Чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштери токтотулду. Би-Би-Си кыргыз-тажик чек арасындагы эң түйүндүү маселелер жөнүндө сурап, Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Раззаковго кайрылды.

Би-Би-Си: Кыргыз-тажик чек арасында чечилбеген түйүн болуп жаткан кайсы маселелер?

Ж. Раззаков: Алар көп.

Би-Би-Си: Сырттан караганда сүйлөшүү жүрбөй жаткандай эле көрүнүп жатат.

Ж. Раззаков: Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок жер тилкелери боюнча ар тараптан ар кандай ой-пикирлер болуп жатат. Ар ким өзүнүн таламын талашып атат. Ошондуктан жылышы кыйыныраак болуп жатат бир аз.

Би-Би-Си: Ворух анклавынын айланасында болуп жатабы негизги маселе?

Ж. Раззаков: Ал бир эле маселе, андан башка да көп маселе бар.

Би-Би-Си: Кыргызстан сүйлөшүүнүн стратегиясын өзгөртүүнү зарыл деп эсептебейби, балким, жаңы сунуштар керектир?

Ж. Раззаков: Стратегия, чек ара кандай болот эртең, анын баары купуя маселе. Аны айта албайбыз, эртең кандай болот аны кудай билет.

Би-Би-Си: Ал түшүнүктүү. Анда чырдын чыныгы себептери эмне?

Ж. Раззаков: Себептери прокуратура тарабынан иликтенип жатат.

Би-Би-Си: Ɵзбекстан менен чек араны тактоодо жылыш болду, эмнеге Тажикстан менен жылбай атат?

Ж. Раззаков: Мына силер айтып атасыңар эртең кандай болот деп? Аны кудай билет кандай болорун.

Би-Би-Си: Кыргыз тараптын позициясы так болбой жатпайбы?

Ж. Раззаков: Кыргызстандын позициясы - ар бир жер тилкеси боюнча өзүнүн сунуштары бар, талашып атабыз биздин кызыкчылыкты. Алар өзүнүн кызыкчылыгын талашат, пикир келишпестиктерден бир аз кармалып, акырын жылып атат.

Би-Би-Си: Ошон үчүн жаңы жолун табуу аракети барбы деп жатам?

Ж. Раззаков: Биз булар менен активдүү сүйлөшүп иштейбиз...