Түркияда динаятчы Гүлендин бир тууганы камалды

Фетхуллах Гүлен төңкөрүш аракетине тиешеси жок экенин айтып келет

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фетхуллах Гүлен төңкөрүш аракетине тиешеси жок экенин айтып келет
Published

Түркиянын полициясы АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлендин бир тууганын камады. Түрк бийлиги Гүленди ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракети үчүн айыптап келет.

Кутбеттин Гүлен бозгундагы динаятчынын камакка алынган биринчи жакын тууганы болуп калды.

Полициянын терроризмге каршы бөлүмү аны туугандарынын биринин көрсөтмөсү менен тапканы кабарланды.

Фетхуллах Гүлен өзү президенти Режеп Тайип Эрдоганды бийликтен кулатуу аракетине тиешеси такыр жок экенин айтат.

Түркиянын улуттук коопсуздук кеңеши шаршембиде өлкөдөгү чукул кырдаал режимин узартууга чакырган.

Кеңештин айтымында, бул режим өлкөдөгү демократияны коргоого, мыйзамдарды калыбына келтирүүгө жана жарандардын эркиндигин сактоого жардам берет.

Түркияда чукул кырдаал режими 15-июлда ишке ашпаган төңкөрүш аракетининен кийин 20-июлда киргизилген. Ал башында айтылган боюнча үч айга созулуш керек болчу.