Кытай АЭСтин курулуш боюнча Британия менен мамилеси бузулушун эскертти

Сүрөттүн булагы, Getty
Кытайдын Британиядагы элчиси Лю Сяомин эки өлкө арасындагы мамиле Сомерсет аймагындагы Hinkley Point атомдук электростанциясынын курулушу тууралуу чечимдин кармалышынан улам начарлашы мүмкүн деди.
Financial Times басылмасындагы макаласында дипломат АЭС курулушунун башталбай жатышы ансыз да “тарыхый критикалык учурга” алып келди деген.
Анын сөзүнө ылайык, эгер британ өкмөтү келишимди колдобосо, эки тараптуу ишеним коркунуч алдында калышы ыктымал.

Сүрөттүн булагы, PA
“Мен Британия Кытайга эшигин ачык боюнча калтырат жана британ өкмөтү Hinkley Point долбоорун колдоп, чечимди болушунча эрте чыгарып берет деп үмүттөнөм”, - деди Лю Сяомин.
Кытай 18 млрд фунттук (23,5 млрд доллар) долбоордун үчтөн бирин төлөөнү пландап жатат.
Июлда негизги инвестор EDF француз компаниясы курулушту баштоонун чечкен. Бирок Британиянын бийлиги капыстан долбоорду күзгө чейин кайрадан карап чыгаарын айтты.
Айрым маалыматтарга ылайык, курулуштун токтошуна Британиянын премьер-министри Тереза Мэйди долбоорго Кытайдын катышуусу кабатыр кылганы себеп болгон. Премьердин тегерегиндегилерде да ушундай кабатырлануу бар.
























