Иранда Израилге кол салуудан кийинки маанай кандай?

Many supporters of the Islamic republic took to the streets in celebration

Сүрөттүн булагы, Morteza Nikoubazl/NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ислам жумуриятынын көптөгөн тарапкерлери майрамга карата көчөгө чыгышты.
    • Author, Джияр Гол
    • Role, Би-Би-Си перс кызматынын кабарчысы
  • Published

Иран биринчи жолу өз аймагынан Израилге түз чабуул жасады. Мындай кадам Иран Ислам Республикасынын Ислам революциясынын сакчылары корпусу (IRGC) үчүн аймактагы союздаштары жана ички колдоочулары арасында өзүнө карата ишенимди сактап калуусунда өтө маанилүү болуп эсептелет жана муну менен алар Ирандын эркин жана анын ракеталары менен учкучсуз учактарынын кыйраткыч күчүн көрсөтүүнү көздөштү.

Иран Революциясынын сакчылары корпусу IRGC 45 жыл мурун өлкөнүн ислам системасын коргоо жана кадимки куралдуу күчтөргө каршы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Ошондон бери ал Ирандагы жана аймактагы негизги аскердик, саясий жана экономикалык күчкө айланды.

Ишембиге караган түнү болгон кол салуудан кийин Палестинанын символдорун алып жүргөн Иран Ислам Республикасынын көптөгөн жактоочулары Тегерандын көчөлөрүнө майрамга чыгышты.

Би-Би-Си Перс кызматына жиберген үн катында 20 жаштагы Иран өкмөтүнүн жактоочусу: "Мен Сирияда жана башка жерлерде ирандык командирлердин мындан ары өлтүрүлүшүнө жол бербөө үчүн Израилге карата кол салуу туура чечим болду деп эсептейм" деди.

Бирок Ислам Республикасын сындаган көптөгөн ирандыктар бул режим Ирандын бардык калкынын көз карашын билдирбейт деп айтышат.

"Биз Ислам Республикасы эмеспиз, биз чыныгы Иранбыз. Биз, ирандыктар, өзүбүз азыркы режим менен согуш абалында турабыз. Бизде эч бир улутка, анын ичинде Израилге жек көрүү сезими жок", - деп билдирди 40 жаштардагы бир адам Би-би-си Перс кызматына бөлүшкөн үн катында.

50 жаштардагы дагы бир аял кол салуу регионалдык согушка айланып, Иран, Израил жана анын батыштагы союздаштарынын ортосунда толук кандуу тирешүүгө алып келиши мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

Мындай маанай Иран валютасынын АКШ долларына карата өз наркынын андан ары төмөндөшүндө да байкалды.

Өч алуу коркунучу - узун кезек жана дүрбөлөң

Long queues form in front of gas stations after Iran announced the attack on Israel, In Tehran, Iran on April 14, 2024

Сүрөттүн булагы, Fatemeh Bahrami/Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран Израилге кол салганын жарыялагандан кийин май куюучу жайлардын алдындагы узун кезек.

Ишембиге караган түнү чыңалуу күчөдү, анткени ирандыктар чабуулдан кийин Израил жана анын союздаштары өч алат деп кооптонушту. Жарандар тамак-аш жана күйүүчү май сыяктуу керектүү нерселерди камдап алуу үчүн дүрбөлөңгө түштү.

Тегерандагы жана башка ири шаарлардагы май куюучу жайларда узун кезектер пайда болуп, супермаркеттер сатып алуучуларга толуп кетти.

Израил өз аймагына карай учурулган 300 ракета жана учкучсуз учактын 99 пайызын атып түшүргөнүн айтканына карабастан, Иран бийликтери кол салууну ийгиликтүү деп белгилеп, чыныгы жоготууларга карабастан анын символикалык таасирин баса белгилешти.

An anti-Israel billboard carrying a sentence reading in Persian 'Next slap will be harder' in Tehran, Iran, 14 April 2024.

Сүрөттүн булагы, Haydar Sahin/Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы Палестина аянтында Ирандын Израилге жасаган чабуулун чагылдырган "Кийинки муштум катуураак болот" деп жазылган жаңы дубал сүрөтү пайда болду.

Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багери Израилдин ичиндеги буталар арасында эки апта мурда Израилдин F35 учактары учкан Израилдин Нотам аба күчтөрүнүн базасы болгонун, натыйжада Ирандын Дамасктагы консулдугунда 7 IRGC командири каза болгонун билдирди. Ал Иран өз максатына жеткенин жана операцияларды улантуу ниети жок экенин ырастады.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси ар кандай жаңы чабуулдарга Иран кыйла күчтүү жооп кайтарат деп эскертти.

Ирандагы маанай деэскалацияга жана чыңалууну басаңдатууга багытталганы айдан ачык болуп калды. Аскер кызматкерлери да, өкмөт өкүлдөрү да кечээги чабуулга ыраазы болуп жаткандай туюлат.

Кыязы, Иран Израилге коргонуу чараларын көрүүгө жетиштүү убакыт берип, зыян же жоготууларды алып келүүнү көздөгөн эмес.

Легитимдүүлүк кризиси

Көптөгөн ирандыктар Ислам революциясынын сакчылары корпусунун (IRGC) аймакка кийлигишүүсүнө каршы.

Ирандагы соңку нааразылык акцияларында "Газага эмес, Ливанга эмес, Иран үчүн өзүмдү курман кылам" деген өңдүү ураандар кеңири резонанс жаратты.

Көптөгөн ирандыктар чет өлкөдө элдик кошуундарды уюштурууга, окутууга жана куралдандырууга сарпталган миллиарддаган долларды өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө жана келечектеги гүлдөп-өнүгүшүнө жумшаса жакшы болмок деп эсептешет.

Ирандын аймакка кийлигишүүсү аны санкцияларга жана обочолонууга кириптер кылып, өлкөнүн экономикасын аксатты. Экономика солгундап, инфляция асманга чыкты. Атүгүл ирандык орто класстын жашоосу барган сайын кыйындап баратат.

Биз Ирандан угуп жаткан үндөр азыркы режимге, өзгөчө, согуш чыгып кетсе, элдин көбүнүн колдоосуна ээ болбой жатканын айгинелейт. Азыркыдан айырмаланып,

1980-жылдары Ирак менен болгон сегиз жылдык кагылыш учурунда миллиондогон ирандыктар Саддам Хусейндин режимине каршы өз өлкөсүн жалындуу коргогон.

Азыр шал болуп калган Иран-Ирак согушунун ардагери, өкмөттүн башкача ой жүгүрткөндөрдү катуу кысымга алып жатканына каршы экенин билдирип, "мен мындан ары алар үчүн эч качан согушпайм" деп чечкиндүү түрдө билдирди.

Режимдин туура эмес саясаты аны атүгүл мурдагы колдоочуларынан ажыратып, кырдаалды кескин өзгөрттү.

Иран Ливандагы, Сириядагы жана Ирактагы шиит кошуундарынын, ошондой эле Йемендеги хусилердин күчтүү колдоосуна таянып, ракеталык жана учкучсуз учактардын чабуулдарынын оор комбинациясын жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бирок бул Израилге каршы эң аз жоготууларга алып келүү үчүн атайын жасалган окшойт.

Согуш маалында Иран Ислам Республикасы Израилдин жана анын күчтүү өнөктөшү АКШнын аскердик күчүнөн гана кабатырланбастан, ошондой эле мүмкүн болуучу ички толкундоолордон да тынчсызданууда.

A woman without wearing a hijab beside other protesters gathers around burning dumpsters during a protest. The nationwide protests started after the death of Mahsa Amini, a 22-year-old girl who died under the custody of the Islamic Republic's Morality Police on September 16th, 2022 in Tehran, Iran.

Сүрөттүн булагы, Anonymous / Middle East Images / Middle East Image

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Митингге чыккандар менен бирге хиджабсыз аял да таштанды өрттөлгөн контейнерлердин жанында турат. Жалпы улуттук нааразылык акциялары 2022-жылы Ирандын Тегеран шаарында Ислам Республикасынын Адеп полициясынын көзөмөлүндө каза болгон 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыздын өлүмүнөн кийин башталган.

2022-жылы Махса Аминин полициянын абагында каза болушунан кийинки нааразылык акциялары режимдин алсыздыгын көрсөттү.

Иран Ислам Республикасындагы маанилүү чечимдерди кабыл алуучу көп адамдар алардын эң башкы максаты ар кандай мүмкүн болгон көтөрүлүштү көзөмөлдөө экенине карабай, Израил жана АКШ менен согушуп жаткан учурда Ирандын коопсуздук күчтөрүн жана Иран революциясынын сакчылары корпусунун командачылыгын жана байланыш борборлорун бутага алуу, нааразылык акцияларын кайра тутандырып, режимдин каршылаштарын кайра көтөрүлүүгө үндөйт деп кооптонушат. (МА)