Газадагы согушка алты ай: сандар жана фактылар

Palestinians look on at the site of an Israeli strike on a house in the southern Gaza Strip on 4 April 2024

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Соха Ибрагим
    • Role, BBC News Arabic
  • Published

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өткөн айда Газа тилкесиндеги "ок атышууну токтотууну жана барымтадагылардын бардыгын дароо эч кандай шарт койбой туруп бошотууну" талап кылган резолюциясына карабастан, акыркы алты айдан бери бул аймакты бомбалоо басаңдаган жок. Ошол эле учурда курман болгондордун жана жаракат алгандардын саны азайган жок.

Создуккан согуш Газа секторунун инфраструктурасына олуттуу зыян келтирди, имараттар урандыга айланды жана тургундар түштүктөгү Рафах шаарына көчүүгө аргасыз болушту.

Бул жакындап келе жаткан ачарчылыктын коркунучу боюнча тынчсызданууну күчөттү, деп айтылат БУУнун соңку билдирүүсүндө.

Согуш Хамастын болуп көрбөгөндөй чабуулунан кийин, 7-жылдын 2023-октябрында, Израилдин айтымында, 1200 адам негизинен карапайым адамдар курман болгон күндөн бери токтой элек.

Улуу Британия, АКШ жана ЕБ ХАМАСты тыюу салынган террордук уюм деп атап келатат.

Кол салууда 253 адам барымтага алынган. Газа тилкесинде дагы эле 130га жакын адам туткунда кармалууда, алардын кеминде 34 тирүү эмес дейт израилдик расмий өкүлдөр.

Израиль армиясынын маалыматы боюнча, 7-октябрдагы чабуулдардан кийин 600гө жакын израилдик аскер курман болду, октябрдын аягында Газа тилкесинде аскердик операция башталгандан бери кеминде 256 адам каза тапты.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, согуштун 175-күнүнө карата кеминде 32 623 адам курман болуп, 75 092ден ашуун адам жаракат алды.

ХАМАС башкарган Газа секторунун саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдын 178-күнүнө карата кеминде 32 916 адам курман болду, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар.

Газадагы жоготуулар

БУУнун 1-мартта жарыялаган отчетуна ылайык, Газа тилкесинде Израилдин аскерлеринин колунан тогуз миңдей аял ажал тапты. Билдирүүгө ылайык, урандылардын астында каза болгондор дагы көп.

БУУнун балдар агенттиги ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде согуш башталгандан бери 13 миңден ашуун баланын өмүрү кыйылды.

АКШнын президенти Жо Байден сыяктуу айрым саясатчылар буга чейин Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги берген сандардын тактыгынан шек санап жатты, бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул сандарды ишенимдүү деп эсептейт.

Ачарчылык коркунучу

БУУнун маалыматы боюнча, курчоого алынган сектордун калкынын 85% - 2,3 миллиондон ашууну - Газа тилкесиндеги инфраструктуранын кыйрашы жана тамак-аш, суу, күйүүчү майдын тартыштыгынан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Өткөн айда азык - түлүк коопсуздугунун фазаларын изилдеген отчетто Газа тилкеси ачарчылыктын оозунда турганын эскертти.

"Газа секторунун калкынын жарымы (1,11 миллион адам) азык-түлүк коопсуздугуна келгенде катастрофалык абалга туш болушу күтүлүүдө жана ачарчылыкка дуушар болот",-деп айтылат баяндамада.

Израиль БУУнун билдирген маалыматын туура эмес жана БУУнун агенттиктери күн сайын келип жаткан жардамды жакшы бөлүштүрө алган жок дейт.

Израилдин коргоо министрлигинин Жарандык иштерди координациялоо тобу - оккупацияланган Батыш Жээкте жана Газа тилкесинде жарандык саясат үчүн жооптуу израилдик орган:" Газа тарабындагы Керем Шалом өткөрүү пунктунда жүздөгөн жүк ташуучу унаалар кармалып турат",-деп билдирди.

Ошондой эле, "Израиль Газа тилкесиндеги согуштун карапайым калк үчүн кайгылуу кесепеттерин түшүнөт" деп баса белгилеп, Газа тилкесиндеги карапайым калкты атайылап ачка калтырат деген ырастоолорду четке кагууда.

Гуманитардык уюмдар

БУУнун маалыматы боюнча, күн сайын согушка чейин кеминде 500 жүк ташуучу унаа келип турган Газага көзөмөл пункттарын ачуу жана аймакка жардамдын агымын тездетүү чакырыктары көбөйдү.

Газа тилкесиндеги эң ири жардам операциясын жүргүзүп жаткан БУУнун палестиналык качкындар агенттигинин маалыматы боюнча март айында аймакка күн сайын орто эсеп менен 161 жүк ташуучу унаа кирген.

Израилдин айтымында, Газа тилкесине гуманитардык жардамдын көлөмүнө эч кандай чектөө болгон жок.

Журналисттер менен гуманитардык кызматкерлердин өлүмү

Эл аралык журналисттер Федерациясынын (ЭФЖ) маалыматына караганда, 99 палестиналык журналист жана медиа кызматкер, төрт израилдик жана үч ливандык журналист курман болду.

Курман болгон журналисттер

Журналисттерди коргоо комитетинин (ЕККУ) отчетуна ылайык, 16 журналист жаракат алып, төртөө дайынсыз жоголуп, 25и Газадагы согушту чагылдыруу учурунда кармалган.

Газа тилкесинен отчет берүүгө аракет кылган журналисттер Израил армиясына кошулганда жана алар тарабынан коюлган шарттарга макул болгондо гана кире алышат.

АКШ каржылаган гуманитардык кызматкерлердин коопсуздук маалымат базасынын маалыматы боюнча, октябрь айынан бери Газада 196дан ашуун гуманитардык кызматкер өлдү.

Кургактагы операция коркунучу

Бир нече апта бою Израиль Түштүктө Египет менен чектешкен Рафахта кургактагы операцияны баштай турганын айтып коркутуп жатты. Ал тарап азыр жабык. Бул райондо бир жарым миллион палестиндик баш калкалап турат. Алардын көбү башка райондон качып баргандар.

БУУнун расмий адамдары эгерде Израил армиясы Рафахка ири масштабда басып кирсе, чоң гуманитардык кырсык чыгып кетет деп кооптонуу билдирүүдө.

Ищраилдин өзүндө болсо премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга ок атышуунун токтотуу, Газа тилкесиндеги ондогон туткундарды бошттуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылгандар тараптан кысым күчөп жатат.

Октябрда согуш башталгандан берки болгон өкмөткө каршы эң ири жүрүштө борбордук Иерусалим он миңдеген израилдиктерге толду. Алар согуштун жүрүшүнө нааразылык билдирип, өкмөттүн барымтадагы адамдарды куткара албаганын сындашты. Бир нече апта бою Израиль Түштүктө Египет менен чектешкен Рафахта кургактагы операцияны баштай турганын айтып коркутуп жатты. Ал тарап азыр жабык. Бул райондо бир жарым миллион палестиндик баш калкалап турат. Алардын көбү башка райондон качып баргандар.

БУУнун расмий адамдары эгерде Израил армиясы Рафахка ири масштабда басып кирсе, чоң гуманитардык кырсык чыгып кетет деп кооптонуу билдирүүдө.

Ищраилдин өзүндө болсо премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга ок атышуунун токтотуу, Газа тилкесиндеги ондогон туткундарды бошттуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылгандар тараптан кысым күчөп жатат.

Октябрда согуш башталгандан берки болгон өкмөткө каршы эң ири жүрүштө борбордук Иерусалим он миңдеген израилдиктерге толду. Алар согуштун жүрүшүнө нааразылык билдирип, өкмөттүн барымтадагы адамдарды куткара албаганын сындашты. (МА)

Калктын көбү Рафахта жашайт