“Эми мени ким ата дейт?” 103 жакынын жоготкон газалык атанын көз жашы

Ahmad al-Ghuferi
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахмад аль-Гуфери Батыш жээкте оккупацияланган Иерихон шаарынан чыга албай калган учурда анын үйүнө ракеталык чабуул болуп, апасы, аялы, балдары жана жакындары дээрлик бүт курман болду.
    • Author, Люси Уильямсон
    • Role, BBC News, Jericho
  • Published

7-октябрда ХАМАС Израилге кол салганда, Ахмад Тель-Авивде курулушта иштеп жаткан. Согуш дүрт этип, Израилдеги аскердик блокададан аялы менен кенедей үч кызына дароо кайтып бара албады.

Ал аялы, бала-чакасы менен телефондон күнүгө сүйлөшүп турду. 8-декабрда каргашалуу кол салуунун алдында эле аялы Ширин менен сүйлөшкөн болчу.

"Ал өлөрүн билди",-дейт ал. "Ал мен эгер бир көңүл калтырган иш кылган болсом, баарын кечир деп айтты. Мен ага кой, андай сөздү айтпа дедим. Бул биздин эң акыркы сүйлөшкөнүбүз болуп калды".

Ошол каргашалуу кечте анын үйүнө бомба түшүп, аялы жана чиедей кыздары - Тала, Лана жана Найла курман болду.

Бул чабуулда анын апасы, төрт эркек бир тууганы, ошондой эле ондогон жакын ага-инилери, эже-карындаштары каза тапты. Бардыгы жүздөн ашык адам. Андан бери эки ай убакыт өтсө да алардын кээ биринин сөөгү урандылардын алдында жатат.

Өткөн аптада ал өзүнүн кенже кызынын туулган күнүн белгиледи. Найла экиге чыкмак. Ахмат бүт үй-бүлөсүн, бала-чакасын жоготконуна дагы эле ишенгиси келбейт.

Балдарынын сөөгүн көрбөй, аларды шашылыш жерге берген учурда катыша албагандыктан, ал дагы эле учур чак менен сүйлөйт, көзүнөн жашы куюлуп, кайгы баскан жүзү сенейет.

"Менин кыздарым - менин чымчыктарым",-дейт ал. "Мен мунун баары түшүмдө болуп жатабы деп сезе берем. Мен болгон ишке азыркыга чейин ишене албай турам".

Ahmad and his daughters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахмад кыздары Тала, Лана жана Найла менен

Ал бомба жарылганда аман калган адамдардан сурап билип, кандуу окуянын чоо-жайын тактады.

Көрсө, ракета эң биринчи алардын үй-бүлөсү жашаган үйдүн кире беришине түшүп жарылыптыр.

«Алар чуркаган бойдон менин жакын турган байкемдин үйүнө барышыптыр», - деди ал. «Ошондон он беш мүнөт өткөндө бул үйгө ракета келип түшкөн».

Бир-бирине тууганчылыгы бар жүздөй адам жашаган төрт кабаттуу үй Газа шаарында Сахаба районунда медициналык борбордун артында турган эле.

Азыр ал жерде сапырылып талкаланган бетон үймөлөктөшүп, айрым жеринде жашыл пластик стакан менен чаң баскан кийимдер чыгып турат.

Анын катарындагы салаңдап турган бетондо маңдайкы айнеги быркырап сынган күмүш түстүү машинанын рамасы оркоюп көрүнөт.

Picture of destroyed house
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахмаддын үй-бүлөсү курман болгон үй

Ахмаддын аман калган туугандарынын бири Хамид аль-Гуфери Би-Би-Сиге калайман күндөр башталганда тоо таянып качып кеткендер аман калганын, үйүндө калгандар ажал тапканын айтты.

«Бул алоолонгон өрт болду»,-дейт ал. «Биздин үйдүн жанындагы төрт үйдү бомбалашты. Алар үйлөргө ар бир он мүнөт сайын сокку уруп жатышты».

"Ал жакта Гуферинин үй-бүлөсүнөн 110 адам бар эле, бала-чакабыз, туугандарыбыз ", - деди ал. «Айрымдары эле тирүү, калганын бүт өлтүрүштү».

Курман болгондордун эң улуусу 98 жаштагы чоң эне болчу, ал эми эң кенжеси туулганына тогуз күн эле болгон эркек наристе эле.

Ахмад деген аты окшош дагы бир тууганы асмандан түшкөн эки бомбанын жарылган учурун айтып берди.

«Эч кандай деле эскертүүлөр болгон эмес. Кээ бир адамдар бул райондон чыгып кетпегенде курмандыктар мындан да көп болмок. Азыр бул район такыр башка. Бул жерде автоунаа токтогон жай, суу сактагыч, үч-төрт үй бар эле. Жардыруудан бүт район талкаланды».

Хамиддин айтымында, аман калгандар жакындарынын сөөгүн урандылардын алдынан алып чыгыш үчүн түнү бою ок астында жүрүштү.

«Учактар үстүбүздө дүңгүрөйт, ал эми квадрокоптерлер бизди көздөй ок атып жатышты», - дейт Ахмаддын жакын тууганы.

"Биз үйдө отурганбыз, урандылардын алдында калдык", - деп айтып берди Би-Би-Сиге Умм Ахмад аль-Гуфери. «Мени эки жакка ыргыта баштады. Мени кантип алып чыгышты билбейм. Биз ажалдын көзүн көрдүк».

Андан бери эки жарым ай өттү, алар дагы деле урандылар алдында калган адам денелерине жетүүгө аракет кылууда. Туугандар чогулуп акча чогултуп, урандыларды тазалоого бир экскватор жалдашты.

«Биз бүгүн төрт адамдын сөөгүн алып чыктык»,-деди Ахмад Би-Би-Сиге. «Байкемдин аялы менен жээним Мухаммед. Алар уранды алдында 75 күн жатты».

Алардын убактылуу мүрзөсү жакын жердеги бош аянтчада. Таяктар жана пластик пленка менен белгилеп коюшкан.

«Мени энемден, аялымдан, балдарымдан, бир туугандарымдан ажыраткандай, менин эмне жазыгым бар? Алардын баары карапайым жашоочулар эмес беле»,- -дейт Ахмат кайгы жутуп.

Residents continue to search the rubble
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жергиликтүү жашоочулар урандыны кол менен тазалап, адамдардын сөөгүн алып чыгууда

Биз аба соккуларынан курман болгон үй-бүлөнүн окуясын Израил армиясынан сурадык. Алар кандай чабуул жөнүндө сөз болуп жатканын билбей турганын, Израил армиясы ХАМАС менен согушта жарандык калкка болгон зыянды жумшартуу үчүн зарыл чараларды көргөнүн айтып гана жооп кайтарды. (МА)