"Жоолукту башыман түшүрбөйм". Казакстандагы мектепте хиджабды тыюуларга каршы күрөш

Girl in a headscarf
    • Author, Айсымбат Токоева
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы, Караганда
  • Published

2016-жылы киргизилген бул тыюу азыр да талаш-тартыш жаратып, кээ бир динчил ата-энелер балдарынын билим алууга болгон конституциялык укугун коргоого аракет кылып жатышат. Талкуулар Казакстандагы иденттүүлүк изденүүнү чагылдырат: өлкө жетекчилиги ислам динине берилгендигин көрсөткөнү менен дагы деле совет доорунан калган динге көзөмөлдү басаңдатууну каалашпайт.

Карагандалык 7-класстын окуучусу Анеля 13 жашында өзүнүн кыялын ишке ашырды - ал абройлуу деп эсептелген Назарбаев интеллектуалдык мектебине (НИМ) окууга өттү. Бул мектепке Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылган эле жана Анелянын кыялы да анын жолун жолдоп, өлкөнүн биринчи аял президенти болуу болчу.

Узун бойлуу, сымбаттуу Анеля жергиликтүү жана республикалык академиялык сынактарда жакшы көрсөткүчкө жетип, дээрлик 800 талапкерлердин ичинен 16-орунду ээлеп, жакшы жыйынтыкка ээ болгон. НИМ анын сүйүктүү предметтерин тереңирээк окуп-үйрөтүүгө убада берди.

Август айында ал даярдоо класстарына барган, бирок биринчи эле күнү анын ата-энесин мектепке чакырып, кызы ал жерде окуй албай турганын айтышкан.

Буга анын 13 жашынан баштап жоолук салынганы себеп болгон, анткени мусулман салты боюнча бойго жеткен кыздар башын жаап жүрүшү керек.

"НИМде жоолугумду башыма салынып жүргөндө башкалардан айырмаланчу эмесмин - бул жөн эле кийим, аксессуар катары эсептелчү. Бул менин окуума жана башка окуучулар менен болгон мамилеме эч кандай таасир этпейт. Классташтарым да жолугумду жактырчу", - дейт ал.

Drawing of a girl with a notebook

Казакстанда калктын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт - 2022-жылдагы эл каттоого ылайык, калктын 69% өздөрүн мусулман деп эсептешет, бирок башка изилдөөлөр боюнча, динчил казактардын үчтөн биринен азырагы өздөрүн динге өтө берилген катары көрсөтүшөт.

Ал эми президент Касым-Жомарт Токаев ислам динине берилгендигин ачык айтып келет; ал 2022-жылы Меккеге ажылык сапарга барып, былтыр жазында өзүнүн резиденциясында расмий жана коомдук ишмерлер үчүн кечки Рамазан тамагын берген. Анткен менен Конституция боюнча Казакстан светтик өлкө болуп саналат.

Калкынын басымдуу бөлүгү орус тилдүү болгон өнөр жайлуу Караганда шаарында Анеля сыяктуу ондогон окуучулар ушундай көйгөйлөргө туш болушкан. Октябрь айында ал жердеги 47 окуучу кыздын ата-энеси «Казакстан Республикасынын билим берүү мыйзамдарында каралган» милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жарандык иштер боюнча жоопко тартылганы аныкталган.

2016-жылы Билим берүү министрлиги "мектеп формасына ар кандай конфессиядагы диний кийимдин элементтерин киргизүүгө жол берилбейт" деген буйрук чыгарган.

Drawing of a teacher and covered girls

Ата-энелер жана укук коргоочулар үчүн мектеп жетекчилеринин жарандардын мамлекеттик мекемелерде бекер билим алуу укугун кепилдеген Казакстандын Конституциясынан министрликтин көрсөтмөсүнө артыкчылык берүүсү таптакыр түшүнүксүз.

Анелянын атасы прокуратурадан жана билим берүү министрлигинен түшүндүрмө берүүнү суранган, бирок эч кандай жооп алган эмес.

Кызынын жоолук салынганы үчүн ата-энеси жазага тартылып жаткан өңдүү көрүнүштөр көп жылдардан бери кайталанып келет жана ушу тапта бүтүндөй өлкөнү каптады. 2018-жылы Актөбө облусунда ата-энелерге "мектеп формасынын талаптарын сактабагандыгы үчүн" айып пул салынса, Акмоло облусунда ошол эле жылы ушундай эле маселени чечүү үчүн райондук администрациянын алдында комиссия түзүлгөн.

«Мектеп жетекчилигинин кысымы астында кыздар жоолугун чечип салган учурлар көп», - дейт динчил үй-бүлөлөргө жардам берип жүргөн укук коргоочу Жасулан Айтмагамбетов. "Кээ бирлери каршылык көрсөтүп, сабакка барбай жатышат. Кысым - бул мектептердеги динге ишенгендердин санын азайтуунун бир жолу". Казакстандын өкмөтү мектептеги жоолук маселесин чечүүдө мамлекеттин светтик мүнөзүнө басым жасайт - бул Конституция тарабынан да кепилденет.

«Мектеп биринчи кезекте балдар билим алуу үчүн келген билим берүү мекемеси экенин дайыма эстен чыгарбашыбыз керек», - деп октябрда президент Токаев айткан.

"Балдар чоңоюп, дүйнө таанымы пайда болгондон кийин өз тандоосун жасаганы дурус деп эсептейм», - деди ал.

«Светтик мамлекеттин» маанисине бийликтегилер арасында да, эксперттер арасында да так жана конкреттүү аныктама жок», - деп белгилейт дин таануучу илимпоз, Алма-Ата шаарындагы Философия, саясат таануу жана дин таануу институтунун илимий кызматкери Асылтай Тасболат.

"Биздин коом али бышып жетиле элек, талкууда ар бир тарап "секуляризмди" өз билгенинче чечмелеп жатат. Кээ бир жарандар секуляризмди атеизм деп түшүнүшөт".

Drawing of a covered girl at school

Бир катар өлкөлөр коомдук жайларда мусулман аялдардын кийимдеринин айрым түрлөрүн кийүүгө чектөө киргизген. Адатта, бул чектөөлөр хиджаб сыяктуу баш кийимдерге эмес, никаб сыяктуу бетти жапкан паранжыларга тиешелүү. Мусулмандардын басымдуу бөлүгүн түзгөн мамлекеттерде мындай тыюу салуулар сейрек кездешет, бирок чектөө киргизген мамлекеттердин катарына Казакстандын коңшулары, мурдагы советтик өлкөлөр — Өзбекстан менен Тажикстан да кирет.

Казакстанда динди мамлекеттик көзөмөлгө алуу практикасы СССР доорунан бери сакталып калган. Ал кезде Борбор Азиянын беш республикасын 1943-жылы диний агымдарга бөгөт коюу максатында түзүлгөн Борбордук Азия мусулмандарынын дин башкармалыгы (САДУМ) көзөмөлдөп турган.

Эгемендүүлүк алгандан кийин казак бийлиги динчилдерди куугунтуктоону токтоткон. Диний бирикмелер гүлдөп, мечиттер курула баштады - совет мезгилинде болгону ондогон мечиттер болсо, азыр алардын саны дээрлик 3000ге жетти.

Бирок САДУМдун ордуна ДУМК - Казакстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы - казак маданиятына жана светтик мамлекеттин принциптерине туура келген исламдын салттуу версиясын жайылтуу милдетин алган мамлекет тарабынан колдоого алынган орган түзүлдү.

Казак өкмөтү үчүн динди көзөмөлдөө улуттук коопсуздук маселеси болуп саналат. Иликтөөчүлөр 2005-жылдан бери Түндүк Кавказ, Ооганстан-Пакистан чөлкөмүндө, Сирия менен Иракта исламчыл кыймылдардын таасири астында өлкөдө диний экстремисттердин зомбулук фактылары көбөйүп жатканын белгилешет.

Drawing of a teacher and covered schoolgirls

2011-жылы Казакстан биринчи жанкечтилик жардырууну башынан өткөрсө, 2016-жылы курал саткан дүкөндөргө жана аскерий базага жасалган куралдуу кол салуудан 25 адам каза болгон. Ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев кол салгандарды исламдын фундаменталист салафи агымынын жактоочулары деп жарыялаган.

Кийинки жылдары өкмөт диний чөйрөдө ар кандай чектөөлөрдү киргизди, анын ичинде диний жамааттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамдык милдет жана жеке үйлөрдө диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салынды.

Бирок өкмөт мындай чараларды өлкөнү «радикал» диний идеялардан коргоо деп актаганы менен, укук коргоочулар мыйзамдар динге ишенгендердин укуктарын чектеп, мамлекетке диний бирикмелерди катуу көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берерин айтышат.

Өткөн жылдын октябрь айында өкмөт терроризмди жана диний экстремизмди пропагандалоого каршы мыйзамды иштеп чыгуу ниетин билдирген. Маданият жана маалымат министри Аида Балаеванын айтымында, мыйзам жеке адамдарды аныктоо үчүн никаб жана башка бет каптарды кийүүгө тыюу салат. Бирок ал жоолукка тыюу салуу ниети жок экенин айткан.

Drawing of a girl sitting by the entrance to a school

Ал эми Анеля болсо, диний баш кийим кийгени үчүн бир нече жолу сөгүш алгандан кийин, мектептен чыгарылды. Анын атасы Болат Мусин кызынын окуудан чыгарылышын мыйзамга каршы келет деп эсептейт: ал диний ишенимдин символдорун тагынууга тыюу салган мектептин буйругун жокко чыгарууну, кызын кайра окууга алууну жана моралдык зыяндын ордун төлөп берүүнү талап кылып сотко кайрылган.

"Бийлик бизди бир бюрократиялык органдан экинчисине жөнөтүп жатты, же түз эле жоолукту чечкиле,"- деди ал. "Бизге мамлекеттен так жооп керек. Диний адамдар катары биз эмне кылышыбыз керектиги боюнча көрсөтмө бергиле. Бизди "Биздин коомдо жашагың келсе, диниңди ташта" деген тандоо менен калтырбагыла".

Карагандадагы НИМ мектебинин жетекчилиги Анелянын окуудан чыгарылганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Макала жарыяланган учурда Билим берүү министрлигинен Би-Би-Синин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп келген жок.

ДУМК этияттык менен билдирүү жасап, өкмөттүн тыюу салууларын тикелей сындабай, бирок шарият кыздар балагатка жеткенден кийин хиджаб кийүүнү талап кылаарын белгиледи. Анда өкмөт алардын ой-пикирин эске аларына үмүттөнөрү айтылган.

Укук коргоочу Жаслан Айтмагамбетов Карагандадагы динчил үй-бүлөлөрдүн кыздарына билим берүү мүмкүнчүлүгү жок дейт. Өлкөнүн башка аймактарында жеке менчик кыздар мектептери бар, бирок алардын баасы жылына 700 000 теңгеге чейин - 1500 доллардан (1200 фунт) ашат. Казакстанда дагы тогуз медресе - исламдык окуу борборлору бар, бирок алардын бардыгына эле аялдар кабыл алына бербейт.

"Биз бул маселени быйыл да, былтыр да кайра-кайра көтөрүп келебиз. Алар жоолукка тыюу салуу тууралуу айтып жатышат, бирок билим берүүнүн альтернативдүү ыкмасын сунушташкан жок", - дейт Айтмагамбетов.

НИМден окуудан чыгаргандан кийин Анелянын ата-энеси интернеттен орус тилдүү мугалим таап алышкан. Бирок атасы Анеля мектепке кайтып барам деп жоолугун чечсе, үй-бүлөсү аны колдой турганын айтат.

"Мени тааныган көп адамдар: "Жоолугуңду чеч, ошол да кеп бекен? Канчалык жакшы экенин эске алып мектепке кайт!" дешти", - дейт Анеля. "Бирок бул менин оюма да келген эмес. Жоолук — менин башыман түшпөйт". (МА)

Иллюстрациялар - Махаррам Зейналовдуку