Израил Газанын борборундагы качкындар лагерине чабуулун кеңейтти

An Israeli tank fires towards Gaza from southern Israel (27 December 2023)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин армиясынын өкүлү ХАМАС менен согуш дагы көп айга созуларын билдирди
    • Author, Дэвид Гриттен
    • Role, BBC News
  • Published

Газанын ХАМАСка баш ийген саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин Газадагы аскерий операциясы уланып, акыркы 24 саатта кеминде 195 киши каза болгонун билдирди.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас бул согушту анын элине каршы "оор кылмыш" деп атады.

Израилдин армия башчысы Герци Халеви ХАМАС менен кагылышуу "дагы көп айларга" созула турганын айтты.

Израил шейшемби күнү миңден ашуун объектиге сокку урганын билдирди, ал арада Газанын борбордук бөлүгүндө аскердик операция улана турганы жөнүндө кабарлар келүүдө.

Шаршемби күнү таңга маал Израил менен чек араны бойлоп, Газа тилкесинде катуу жарылуулар угулган.

Оккупацияланган Батыш жээкте Палестин медициналык булактары Израилдин дрондорунун Тулкаремдеги Нур Шамс качкындар лагерине түн ичинде жасаган чабуулдан алты палестин каза болгонун билдирди.

Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги ошол эле 24 сааттын ичинде 382 киши жарадар болгонун маалымдады.

Министрликтин маалыматы боюнча, 11 аптадан ашык жүрүп жаткан салгылашууларда кеминде 20 915 палестиналык курман болду, алардын көбү балдар жана аялдар.

Согушуп жаткан тараптардын дооматтары көз карандысыз булактар аркылуу ырастала элек.

Согуш 7-октябрда Хамас Израилдин ичиндеги жамааттарга кандуу кол салууларды жасагандан кийин башталган. Анда 1200дөй адам, негизинен карапайым тургундар набыт болгон. 240ка жакын адамды Газага барымтага алып кетишкен, кийин алардын бир тобу бошотулган.

Displaced Palestinians walk along a road after fleeing Bureij, Maghazi and Nuseirat camps in central Gaza (26 December 2023)

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израиль Газанын 150 миңден көп адам жашаган борбордук бөлүгүндөгү райондорду эвакуация кылууга буйрук берди

Согуш жүрүп жаткан ландшафттын татаал экенин моюнга алган генерал ХАМАСтын жетекчилигин канча убакыт кетсе да камоого же жок кылууга убада берди. Ал Израилдин Газанын түндүгүндөгү ХАМАСтын бардык батальондорун жок кылышына аз калганын кошумчалады.

Израил жана араб маалымат каражаттары Египет ок атышпоо планын сунуштаганын айтышууда.

Кабарларга караганда, аталган планда бардык израилдик барымтадагыларды жана Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган белгисиз сандагы палестиналык туткундарды этап-этабы менен бошотуу жана акыры Израилдин чабуулду токтотуусу каралган.

Буга чейин Катар тарабынан түзүлгөн убактылуу жарашуу келишими боюнча Газада барымтада жаткан ондогон израилдик палестин туткундарга алмаштырылып, бошотулган. Азырынча Израил дагы, Хамас дагы ок атышууну токтотуу чакырыктарына каршылык көрсөтүп жатышат. (ДО)

Видеонун түшүндүрмөсү, Топ-тобу менен көмүлүп жаткан палестиндиктер