Израил-Хамас согушу: Израилдин аба соккусунан Газадагы лагерде 70 адам өлдү
- Author, Шайма Халил, Иерусалим жана Юсеф Таха, Лондон
- Role, BBC News
- Published
ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлиги Израилдин Газа тилкесине урган аба соккусунан качкындар турган Аль-Магази лагеринде 70 адам өлгөнүн билдирди.
Расмий өкүлдүн айтымында, курмандыктары саны дагы көбөйүшү мүмкүн, анткени бул райондо жашаган үй-бүлөлөр абдан көп.
Израилдин аскердик өкүлдөрү аба соккусунан болгон курмандыктар жөнүндө билдирүүлөрдү иликтеп жатышканын айтууда.
Израил жана араб ЖМКлары Газа тилкеси менен чектешкен Египет Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушту токтотуу боюнча жаңы сунуш көтөргөнүн кабарлашууда.
Аль-Магазиден ондогон жарадар адамдар жакын турган Аль-Акса ооруканасына жеткирилди. Кадрларга караганда кээ бир балдардын бети-баштары канжалаган, сыртта өлүк салынчу мешокторду көрүүгө болот.
Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде күүгүмдө болгон чабуулдан үч үй талкаланганын билдирүүдө.
Министрликтин өкүлү Ашраф аль-Кудра адамдар жыш жашаган квартал талкаланганын айтууда.

Сүрөттүн булагы, AP
"Өлүп берели деп келдик"
Израилдин аба чабуулунда кызы менен неберелеринен айрылып кайгыга батып турган бир адам үй-бүлөсү Газанын борборуна жан соога издеп келгенин билдирди.
«Алар бул имараттардын биринде үчүнчү кабатта турушту»,-деди ал. «Аларды дубал басып калды. Менин неберелерим, менин кызым, анын жолдошу - баары курман болду».
«Биз баарыбыз кол салууга туш болуп жатабыз. Карапайым адамдарды дагы куугунтукка алышууда. Коопсуз жер калбай калды. Бизди Газа шаарынан чыгып кеткиле деген. Биз болсо эми өлүп берели деп Газанын борборуна келдик».
Палестиндин Кызыл жарым ай коому Израилдин үстөкө-бөстөк соккулары Магази менен качкындар турган Аль-Бурейдж жана Аль-Нусейрат лагерлеринин ортосундагы негизги жолдордун жабылышына алып келгенин, тез жардам машинасы менен куткаруучулардын ишине тоскоолдук кылып жатканын билдирүүдө.
Би-Би-Сиге берген маалыматында Израилдин армиясы «Магази лагеринде болгон инцидент жөнүндө кабарларды алганын» билдирди.
«Газанын эл жашаган райондорунда Хамастын террорчулары жасап жаткан көйгөйлөргө карабастан, ЦАХАЛ эл аралык укуктарды карап иш алып барууда, анын ичинде жарандык калкка зыянды минималдуу кылуунун практикалык чаралары көрүлүүдө»,-деп билдиришти.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ХАМАС жана палестиналык башка топтор Израилге кол салып кирген 7-октябрдан бери Газада 20 миңден ашык адам өлдү (алардын көбү балдар жана аялдар). 54 миңден ашык адам жаракат алды.
Премьер-министри Биньямин Нетаняху жекшембиде сүйлөөн сөзүндө бул согуштун куну анын өлкөсүнө абдан кымбат болуп жатканын билдирди. Израилдин армиясынын кабарына караганда, Газада 7-октябрдан бери 154 согуштук операция болду.
Ишемби ажал арбаган абдан оор күндөрдүн бири болду, бирок Нетаняху күрөштү уланткандан башка жол жок дейт.
Египеттин сунушу
Египеттин согушту токтотуу тууралуу сунушу үч этап менен аткарылышы керек:
- Биринчи этапта жети күндөн он күнгө чейин гуманитардык тыныгуу керек, бул убакыт аралыгында ХАМАС туткундагы бардык адамдарды бошотуп, Израилдин түрмөсүндөгү палестин туткундарына алмашат.
- Экинчи этапта ХАМАС барымтадагы израилдик бардык аял жоокерлерди туткундардын көп санына алмашууга тийиш. Ошондой эле курман болгондордун сөөгүн алмашуу иши аткарылышы керек.
- Үчүнчү этап бир айга созулат, анда барымтада калгандар жана палестин туткундары баары бошотулуп, Израил Газа тилкесинен кетип, кургактагы бардык операцияларды токтотот.
Сүйлөшүүлөр түз эмес, Египеттте Катар менен АКШнын катышуусунда өтөт.
Израилдин булагы «Маарив» гезитине Египет демилгеси сүйлөшүүлөргө алып келиши мүмкүн деп билдирди. ХАМАС бул сунушту карап жатканын айтууда.
Ватиканда Ыйык Петр базилигинде Рождество майрамында Папа Франциск Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка чакырган сөз сүйлөдү.
Израил менен Хамастын согушуна токтолуп, Папа Иусустун тынчтыкка үндөөсү анын өзү төрөлгөн өлкөдө «согуштун дүңгүрөк логикасынан» улам угулбай калды деп айтты. (МА)

Сүрөттүн булагы, Reuters
























