Милдет коркуудан жогору. Британ дарыгерлери Газага кайтууга даяр турушат

- Author, Тим Додд
- Role, BBC England
- Published
Ооруканаларга толгон миңдеген жарадар жана оорулуу адамдарды дарылоо үчүн дүйнө жүзүндөгү медиктер Газага барууну үмүт менен күтүп жатышат. Алардын бири профессор Ник Мейнард.
2010-жылдан бери Ник дээрлик жыл сайын жаш дарыгерлерди жана студенттерди окуткан врачтардын тобун жетектеп Газага барып келүүдө.
Май айында Израилдин Газа тилкесине жасаган аба соккуларынан кеминде 15 палестиналык, анын ичинде "Ислам жихады" тобунун үч командири набыт болгон окуяга ал өз көзү менен күбө болгон.
Газа курчоого алынып, төрт күн бою "тынымсыз" бомбалоо жүргөндөн кийин Ник БУУ тарабынан эвакуацияланган.

Сүрөттүн булагы, Nick Maynard
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышуу токтоп, аймак коопсуз деп жарыяланары менен Ник "Палестиндерге медициналык жардам" кайрымдуулук уюму менен бирге Палестинага барып иштөөгө даяр турат.
Ал ошол жерге барып, колунан келгенин жасоону өзүнүн милдети деп билет жана ал бул иште жалгыз эмес экенин айтат.
"Коркуу, кооптонуу же эмне күтүп турганын билбей чочулоо менде бар деп ойлойм. Бирок, ал жакка баруунун негизги себептери ушунчалык күчтүү болгондуктан, мендеги коркуу сезими артка чегинет," - дейт ал.
"Жардамга муктаж болгон бул адамдарга кол сунуу мен үчүн чоң сыймык. Аны көбү түшүнбөшү да мүмкүн."
"Мен жөн гана туура иш кылып жатканымды сезем … Ал жакта менин абдан жакын досторум бар. Учурда биз менен кошо үйдө газалык досторум жашап жатышат."
Ал өзү окуткан газалык жаш дарыгер Энастын окуясын айты берди. Ник аялы экөө аны "асырап алган ата-эне" болуп калышты.
Ал кыз Англияда окуу үчүн стипендия алгандан кийин сегиз жыл мурун Газадан чыгып кеткен, бирок кайра кайта алган эмес.
Палестиндерге өтө сейрек учурларда гана, анын ичинде адам өмүрүнө коркунуч келген шарттарда же соодагерлердин чектелген тизмесинде болсо гана Газага кирүүгө жана чыгууга уруксат берилген. Израиль Газаны курчоого алгандан кийин ушундай шарттарды киргизген.
Энас турмушка чыкканда, анын үй-бүлөсүнө Газадан чыгууга уруксат берилген эмес. Ник тойдо Энастын атасынын ордуна болгон.
Акыркы жумаларда байланыш улам өчүрүлүп жаткандыктан Энас үй-бүлөсү менен дээрлик сүйлөшө албай жатат, кээде алардын тирүү же өлгөнүн бир нече күн билбей калат.
"Алар өлүмгө даяр болуп эле жүрүшөт. Эгерде өлтүрүлсө, ким экенин аныктоо оңой болсун деп баары колдоруна жана буттарына өчпөс сыя менен аты-жөнүн жазып алышкан."
Палестинанын жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министрлигинин маалыматы боюнча, Ник сабак берген Газа Ислам университети менен Аль-Азхар университети - экөө тең октябрь айында бомбалоо учурунда "олуттуу зыянга учураган".

Сүрөттүн булагы, EPA
Израилдин Коргоо күчтөрү Газа Ислам университети "Хамастын инженерлери үчүн башкы окуу борбору катары кызмат кылат" жана "курал-жарактарды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча окуу мекемеси катары иштейт" деп ырастаган. Ник буга ишенбейт.
"Мен бул окуу жайларга ар кандай себептер менен көп жолу баргам. Андан да маанилүүсү, мен көп жылдардан бери тааныган жана кынтыксыз ишенген адамдар ошол имараттарда ондогон жылдар бою иштеп келишкен жана (алар) андайга такыр ишенишпейт" дейт ал.
"Ошол адамдар ал жерде күнү-түнү иштеп жатып Хамастын штаб-квартирасы катары колдонулушун билбей калмак беле. Бул мен үчүн акылга сыйбаган нерсе".

Сүрөттүн булагы, EPA
Түркия, Иордания жана Египет сыяктуу өлкөлөр, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму жана анын бардык негизги мекемелеринин жетекчилери ок атышууну токтотууга чакырып жатышат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтада калган израилдиктерди бошотмоюнча ок атышуу токтобостугун билдирген. Бирок ал анклавга жардам жеткирүү жана барымтадагыларды чыгаруу үчүн гуманитардык тыныгуулар болушу мүмкүн экенин айтты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы ок атышууну токтотуу чакырыктарына каршы. Андай нерсе 1200 израилдикти өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини барымтага алган Хамаска 7-октябрдагы чабуулдарын "күчтөнүп, кайра кайталоого" мүмкүнчүлүк берет деп билдирди.
Никтин айтымында Газадагы бейтаптарга жардам берүү үчүн "48 сааттык убактылуу тыныгуу эмес", толук ок атышпоо керек, ошондой эле бир нече, анын ичинде Израилден дагы жардам коридорлорун ачуу зарыл.
Ал Газанын түштүк чек арасындагы Египеттен гуманитардык жардам өтүүчү жападан жалгыз өткөөл пункт тууралуу айтып жатып, "Бардыгы (жардам) Рафах аркылуу кире албайт" дейт.
"Газанын баш-аягын бириктирген негизги жол талкаланды ... ошондуктан, бейтаптарды түндүктөн Рафахка жеткирүү мүмкүн эмес деп ойлойм."
"Ал бейтаптардын көбү жасалма дем алдыруучу аппараттарында болушу мүмкүн. Албетте, ал үчүн ооруканаларда электр жарыгы болушу зарыл, ал болсо тез-тез өчүп калып жатат".

Хамас башкарган Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Газада 10 800дөн ашуун адам набыт болду, анын ичинен 4 400дөн ашууну балдар - бирок Ник бул сандар айсбергдин учу гана болушу ыктымал деп эсептейт.
"Бомбалоонун натыйжасында дарыланбаган рак, дарыланбаган кант диабетинен улам өлүмдөрдүн саны дагы да көп болот," - дейт ал.
"Инсулин ойлоп табылганга чейин кант диабетинен эч ким аман калчу эмес. Эми аларда инсулин түгөнгөн болсо ... кант диабети адамдарды өлтүрө баштайт.
"Эгерде аларда электр тогу жок болсо, диализ бере алышпайт, анын себебинен бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган бардык бейтаптар өлүшөт, ошондуктан жакынкы бир нече ай ичинде кошумча өлүмдөрдүн саны абдан көп болот, бул чындыгында олуттуу жагдай."
Өткөн аптада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Газада массалык жер которгондордон, адамдын ашыкча көптүгүнөн жана суу менен санитардык инфраструктуранын бузулушунан улам "коомдук саламаттыкты сактоо катастрофасы" болоорун билдирди.
Мындай шарттар холера сыяктуу жугуштуу оорулардын тез таралышы үчүн эң ыңгайлуу болот, деп кошумчалайт Ник.
"Учурда алар кир сууну ичип жатышат. Чоң коркунуч - жугуштуу оорулардын калкка жайылып кетиши ... бул көптөгөн, миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келет."































