Кыздар өлүмүнүн кайгысы израилдик жана палестиналык аталарды бириктирди

Сүрөттүн булагы, Rami Elhanan
- Author, Сунет Перера
- Role, BBC World Service
- Published
Палестиналык мусулман Бассам Арамин менен израилдик жөөт Рами Элханан экөө тең өз аймагында болгон зордук-зомбулукта кыздарынан айрылышты. Бирок алар өч алуунун ордуна тынчтыкты, ынтымакты бекемдеген достук жолун тандашты.

Сүрөттүн булагы, Bassam Aramin /Rami Elhanan
Алар экөө тең Израилде жашайт, ал жакта көптөгөн адамдар мындай трагедиядан кийин бул адамдар кастык аракеттерге өтүшөт деп күтүшү мүмкүн. Бирок Бассам менен Рами өч алуунун ордуна башка жолду: тынчтыкты жана достукту тандашты.
Израилдин полициясы Бассамдын 10 жаштагы кызы Абирди атып өлтүргөн. Раминин 14 жаштагы кызы Смадар ХАМАСтын жанкечтисинин жардыруусунан набыт болгон.
Алардын айтымында, "киши чыдагыс азап" аталарды ажырагыс достукка алып келди - алар өз ара мамилесин "бир туугандардай" деп сыпаттайт.
"Биз айбан эмеспиз, башыбызды иштетсек болот. Анан өзүңө "кимдир-бирөөнү өлтүрсөм кызым кайтып келеби?" деген суроону бере баштайсың," — дейт Рами.
"Эгерде мен Израилде гана эмес, жер бетинде бардык жөөт калкын өлтүрсөм дагы, кызым менен эми эч качан жолукпайм," - деди Бассам.
Ата-энелер ийрими
Кыздары каза тапкан эки ата тең конфликт учурунда балдарын жоготкон адамдар үчүн тынчтык жана элдешүү максатында түзүлгөн ата-энелердин бирикмесине кошулушту.
Израил армиясында мурда жоокер болгон Рами Бассамды лидер катары көрөт.
"Ал мага жер жүзүндөгү эң жакын адам ... Бизге бири-бирибизди түшүнүү үчүн сөздүн да кереги жок... Мен ага карап, андан кубат алам", - деди Рами Би-Би-Сиге.
Жаш кезинде израилдиктерге кол граната ыргытканы үчүн түрмөгө кесилген Бассам азыр Рамиге өзүнүн бир тууганындай мамиле кылат.
"Биз бир тууганбыз. Биздин мамилебиз бул жаңжалдан жогору турат, анткени биздин баалуулуктарыбыз окшош. Биз демократияга, эркиндикке, адамдарга жана карапайым тургундарга кам көрөбүз", - деди Бассам Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Rami Elhanan
"Зордук-зомбулук чынжыры"
Израилде 1400 кишинин өмүрүн кыйып, 239 кишини барымтага алган ХАМАСтын 7-октябрдагы чабуулунан бери Израил Газаны бомбалап жатат.
ХАМАС башкарган Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил жооп кылып сокку ура баштагандан бери 10 миңден ашуун палестиналык набыт болгонун билдирди.
Бул аталар токтобой жаткан бул жаңжалды ондогон жылдарга созулган "зордук-зомбулуктун чынжырынын" уландысы дейт.

Сүрөттүн булагы, Bassam Aramin
Смадардын өлүмү
1997-жылдын 4-сентябры болчу. Смадар достору менен Иерусалимде соода кылып жүргөн кезде бомба жарылган. Рами жубайы Нурит менен бир нече саат бою аны издешкен.
"Ооруканадан ооруканага, полициянын бир бөлүмүнөн башка бөлүмүнө бардык" деп эскерет Рами.
"Акыры, түндө өлүкканага жеттик, ошол жерден токтодук. Ошентип, өмүр бою, эч качан, таптакыр унута албай турган көрүнүштү көрдүк."
"Киши чыдагыс ыза. Ошол күйүттүн эң негизги өзгөчүлүгү ал эч качан жоголбойт. Ар бир мүнөттүн 59 секундасында ал сени менен болот."
Хамастын бомбасы жана Израилдин огу
Рами менен Бассам биринчи жолу 2005-жылы эки тараптын тынчтыкты көздөгөн мурдагы согушкерлеринен турган "Согушкерлер тынчтык үчүн" уюмунун жыйынында жолугушкан.

Сүрөттүн булагы, Bassam Aramin
2007-жылдын 6-январында Бассамдын 10 жаштагы кызы Абир Батыш жээкте, мектебинин алдында Израилдин чек ара офицери аткан желим октон катуу жарадар болгон. Ал эки күндөн кийин ооруканада каза тапкан.
"Мен ушул күнгө чейин күйүр тартам, анткени биз баарыбыз адамбыз жана бул табигый нерсе",- деди Бассам.
'Өч алуу ооруну баспайт'
"Бирок менде ыйман бар, мен өч алуу эч нерсени чечпей турганын билем. Ал кызымды кайтарып бербейт".
Рами аялы экөө ата-энелер бирикмесинен келип, ооруканада Бассам жана анын үй-бүлөсү менен бирге болушкан.

Сүрөттүн булагы, Rami Elhanan
"Мен ошондо кызымды экинчи жолу жоготкондой болдум" деди Рами.
Эки күндөн кийин Бассам да ата-энелер бирикмесине кошулган.
"Зордук-зомбулуктун чынжырын" үзүү
Бассам менен Рами азыр митингдерде жана конференцияларда бир команда болуп сүйлөшөт.
"Эгерде оккупация болбогондо, биз бири-бирибизди өлтүрбөйт элек. Бизге өз ара согушуунун кереги жок болмок. Бул согуш толкун артынан келген толкун сыяктуу. Деңиздей кан төгүлдү. Жетер чегине жетти", - дейт Бассам, 1948-жылы Палестина өлкөсүнүн ордуна Израил мамлекети түзүлгөнүнө шилтеме жасап.
Рами ата-эне бирикмесинин чыр-чатакты азайтуудагы ролу жөнүндөгү суроого "оккупация" тууралуу сөз менен жооп берет. Бул израилдик жөөт үчүн адаттан тыш көрүнүш.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бир элдин экинчисине үстөмдүк кылуусу туура эмес. Израилдин (Палестинаны) басып алуусу туура эмес. Биз ушул кырдаалдан улам балдарыбыздан ажырадык, аны өзгөртүү керек".
Эки ата жаштар, анын ичинде жогорку класстагы окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, алардын алдында сөз сүйлөп жатышат.
Рами аны "атылып жаткан жанар тоонун оозуна өзүңдү таштаганга окшош ... Бул, эки элдин ичиндеги канга толгон деңиз, көптөгөн эмоциялар болот," - деп сүрөттөйт.
"Алардын жообу шумдуктуу. Кээде аларды угуу өтө оор болушу мүмкүн, билесизби, айыптоолор, кээде (сөгүнүүлөр), кээде агрессия менен жооп беришет".
"Бирок ошол сабактын аягында бул сөздөргө бир бала болсо да макул болуп башын ийкеп жатса, ошол керемет. Демек биз бир тамчы канды сактап калган болобуз. Билесизби, иудаизмде бир тамчы кан бул бүткүл дүйнөгө барабар."
Кечиримдүүлүк
Хамастын соңку чабуулунан жана Израил жооп кылган чабуулдан кийин Рами тынчтыкты талкуулоо өзгөчө татаал экенин айтты.
"Жагдай абдан оор."
Ал кастык менен жазылган көптөгөн каттарды алып жатканын Би-Би-Сиге билдирди.
"ХАМАСты чымындай же чиркейдей кылып жок кылуу мүмкүн эмес. ХАМАС бул идея. Чиркейлерди өлтүргөндүн ордуна сазды кургатуу керек". — деди Рами.

Сүрөттүн булагы, Rami Elhanan
Туруктуу тынчтык
Эки ата тең өмүрү өткөнчө түбөлүк тынчтык орногонун көрсөк деп үмүттөнүшөт.
"Мен кызымды өлтүргөн адам менен сотто жолуктум. Мен аны бирөөнүн курмандыгы болду деп эсептейм. Мен ага... "Сен душманды же террористтерди өлтүргөн жоксуң, сен жөн гана 10 жаштагы бейкүнөө кызды өлтүрдүң" деп айттым," - дейт Бассам.
- Ал бирөөдөн алган өз билиминин, окуясынын, тарыхынын курмандыгы болду.
Анын билдирүүсү израилдиктерге жана палестиндерге гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү кагылышууларга жана согуштарга катышып жаткан бардык адамдарга багытталат.
"Сен бул жек көрүүдөн, өч алуудан өзүңдү бошоткондо эркин адам болосуң. Ошондо сени эч ким басып ала албайт, жеңе турган душманың да жок болот. Болбосо, мен деле коркок эмесмин. Мен ырайымсыз түрдө өчүмдү алсам болмок, бирок андан эмне өзгөрөт? Эч нерсе өзгөрбөйт." (ДО)































