"Ашынган аферист". Опокшош аялдар, уу кошулган чизкейк

Сүрөттүн булагы, Facebook
Нью-йорктун соту теги россиялык 47 жаштагы Виктория Насырованы украин таанышы Ольга Цвикти ууландырып өлтүрүүгө аракет кылып, анын документтерин уурдап алганы үчүн 21 жылга түрмөгө кести.
Бийликтин маалыматтарына караганда, Бруклиндеги Шипсхед-Бейде жашаган 47 жаштагы Виктория Насырова 2016-жылы Квинсте турган өзүнүн косметологуна барган. Ага чизкейк алпарып берип, абдан күчтүү дары кошуп койгон. Эки аял орусча сүйлөшкөн. Анын үстүнө экөө тең бири-бирине опокшош болушкан.
Косметолог десертти жегенден кийин өзүн начар сезип, эс учун жоготкон. Ооруканадан чыккандан кийин паспортун жана жумушка уруксат берген кагазын, башка кымбат баалуу буюмдарын таппай калган. Аны өз жанын кыюуга аракет кылган деп ойлошсун дегенби, таблеткалар жерде чачылып калган болот.
Өкүм чыгып жатканда округдун прокурору Виктория Насырованы "ашынган аферист" деп атады.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Нью-Йорктогу журналист Владимир Козловский Би-Би-Сиге билдиргендей, өзүнө опокшош таанышын уу кошулган чизкейк менен өлтүрүп, анын ордун басууга аракет кылган орус келиндин окуясы Нью-Йоркто дүңгүрөгөн сөзгө айланды.
Ага өкүм 21-мартта эле чыкмак, бирок артка жылдырылып келди. Анткени россиялык аялдын коргоочусу Кристофер Хойт анын кийимдерин сотко алып келатып, түрмөнүн сакчыларынын колуна марихуана менен түшүп калган экен
Хойт өзү алып келаткан туфлилердин ичинде марихуана катылганын билген эмесмин деп мойнуна алган эмес. Бирок баары бир баңгизат алып жүргөнү жана аны абакка алып кирүүгө аракет кылганы үчүн ага айып коюлууда.
Насырова болсо өзүнө башка адвокат издеп тапты.
Бул аял 2017-жылдын март айынан бери абакта жатат. Адегенде аны Интернеттен таанышкан үч эркектин мээсин айландырып, тоноп кеткени үчүн айыпташкан. Ал эми Цвикти өлтүрүүгө кийин айыпталды.
Насырова ага чейин атактуу Манхеттендеги Сentury 21 дүкөнүнөн жалпы наркы 531 доллар турган эки кымбат кийимди уурдагандыгы үчүн кармалган болчу.
Ал түрмөдө да жөн жатпай, абактагы кара түстүү аялдар менен мушташып, токмок жеп, ачкачылык жарыялап, аны сабагандарды сотко берип, ашык-кеми жок 5 миллион доллар талап кылган.
Насырова жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин өзүнүн мекенине экстрадиция болушу мүмкүн. Анткени аны мекенинде 54 жаштагы таанышы Алла Алексеенкону өлтүрүп, анын мүлкүнө ээ болууга аракет кылган деп айыпташууда. (КС)































