Димаш Алжанов: Казакстан персоналисттик автократия бойдон калды

Сүрөттүн булагы, ABDUAZIZ MADYAROV
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Казакстанда кандуу окуяларга бир жыл болду. 2022-жылдын январь айынын башында социалдык-экономикалык жана саясий реформаларды талап кылган эл бир топ шаарларда көчөгө чыгып, бийлик жамааттык коопсуздук уюмунун аскерин киргизип, массалык каршылык акцияларын күч менен баскан. Бул окуялар бийликтин транзитин тездетип, отуз жылдан ашык бийликте турган Назарбаевдин кланы көмүскөгө кетип, элбасынын доору бүтүп, бийлик тизгини анын мураскору Касым-Жомарт Токаевдин колуна тийди. Ал кезексиз президенттик шайлоо өткөзүп, саясий бийликтин реформасын баштаганын жарыя кылды. Би-Би-Си Казакстандагы бир жылдын ичиндеги болгон өзгөрүүлөрдү жана азыркы саясий климаттын өзгөчөлүгүн сурап, Алматыдагы саясат таануучу Димаш Алжановго кайрылды.

Сүрөттүн булагы, Alganov
"Саясий система өзгөргөн жок"
Д. Алжанов: Концептуалдуу алганда саясий кырдаал өзгөргөн деле жок. Казакстан кандай персоналисттик автократия болсо, ошол бойдон эле калды. Токаев бардык бийликти колуна алды, өткөн бир жыл ичинде аны консолидация кылуу аракетинде болду, бирок ал коомго эч кандай жакшы нерсе алып келген жок. Токаев өткөн жылы жарыя кылган саясий реформалар кандайдыр бир билдирүүлөргө негизделди, бирок анын саясий маани-мазмуну жок болду. Ошондуктан саясий система өзгөргөн жок. Убагында Назарбаевге коомдун, парламенттин көзөмөлүнөн сырткары болуп, бийликтен кыянат пайдаланууга жардам берген бардык ыйгарым укуктар азыр Токаевдин колунда. Токаев бүгүн иш жүзүндө Конституциялык соттун судьяларына, негизги саясий кызматтарга өзүнө жакын кишилерди коюу жолу менен баратат. Сот бийлигинен сырткары кеп областтардын, шаардын акимдерине, аскердик тармакта өзүнүн кишилерин коюуда.
Өткөн жылы январда кырдаалдан пайдаланып, каршы чыккандарды жаманатты кылып, ошол эле убакта өзүнүн бийликтеги позициясын бекемдеп алганы Казакстандын эли үчүн эч кандай жакшылык алып келген жок. Саясий күрөш жөнүндө айтканда, ким кимге каршы жүргөнү азыркыга чейин бизге табышмак. Назарбаев жактан реванш аракети болгону жөнүндө Токаевге гана ыңгайлуу версияга таптаза эле ишенүүгө болбойт деп ойлойм. Анткени эки тарап тең иштеген, бул кырдаалда орус аскеринин жана Россиянын колдоосу астында Токаев гана беневициар болуп калды. Ошондуктан бул биз, казакстандыктар үчүн дагы далай иликтөөнү талап кылган маселе. Чындыктын көзүн таап, даана түшүнүүбүз керек.

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA
Би-Би-Си: Ошол кыйын кырдаалда Токаев куралданган 20 миң террорчу жөнүндө айтпады беле, анын кандайдыр бир далили болдубу?
Д. Алжанов: Бул Токаев көп калпынын бири болчу. Ажал чачкан куралдар менен ашыкча күч колдонууну акташ үчүн 20 миң террорист дегенге жамынып алышты. Эч кандай 20 миң террорчу жок болуп чыкты. Кыргызстандын жаранынан террорчу жасоого болгон копол аракет толугу менен күм-жам болду. Адамдарга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук, мен жаңылбасам, 7-январда берилди. Ал учурда көчөдө чоң каршылык акциялары жок болчу. Кайсы бир жерде айрым бир кылмыштуу топтор же мародерлор болгон болсо, алар мындай буйрук бергидей олуттуу коркунуч жараткан эмес. Ошондуктан олуттуу далилдүү базасы жок болгондон кийин бул нарратив жарабай калды. Эки-үч айдан кийин Токаевдин өзүнүн риторикасы да өзгөрдү. Анда сөз удулу 20 миң террорчудан ошол учурдагы Карим Масимов менен байланыштагы айрым адамдардын мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине өзгөрдү. Акыркы чыгарылган маалыматтарга карасак, , бир катар документалдуу фильмдерди тарткан россиялык журналист Млечин чакырылып, баары жашыруун болуп, биз казакстандыктар чындыкка жетпей атканда, ал бир топ маалыматтарга ээ болгон окшойт. Ал Акордонун өтүнүчү менен окуянын Токаевге гана пайдалуу версиясын алып чыкты. Анда Назарбаев менен Масимовдун ортосундагы байланыш көрсөтүлөт. Бирок бул алардын коомдун аң-сезимине жакшы киргизе албаган чоң калпы болуп калды, ошон үчүн ал дароо эле ирип жок болду.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Күч органдары, Башкы прокуратура, коопсуздук кызматы дагы өзүнүн январдагы окуялар боюнча иликтөөлөрүн жүргүзбөдүбү. Алардын негизги корутундусу кандай болду?
Д. Алжанов: Биз эчтеке билбейбиз, баары жашыруун, кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Бул жерден дароо эле саясий контекстти көрүп турабыз. Анткени, иликтөөнүн мыкты практикасынан алып карасак, мамлекеттик сырга түздөн түз тийиштүү маселелер гана жашыруун болуш керек. Эгерде Токаев январдагы окуялардын ийне-жибине чейин иликтенип ачылышына кызыкдар болсо, анда ал иштин баарына жашыруун деген гриф коюп, тоскоолдук кылбайт эле. Органдардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы жөнүндө коомчулукка эч кандай маалымат жеткирбей, иш жүзүндө чындыкты жашырып, анын ордуна Токаев гана баатыр, куткаруучу болуп көрүнгөн конструкциядагы версияны сунуш кылууда. Буга ишенүү кыйын, бул Токаевдин бул окуядан өзүн таптаза алып чыгуу гана аракети. Анткени, дагы бир жолу кайталайын, ал өзү элге ок атууга буйрук берди. Азыр ал эмне гана кылбасын, андан кете албайт, бул коомдук аң-сезимде орноп калган чындык.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
"Токаевдин эки коркок-билиши бар"
Би-Би-Си: Назарбаевдин убагында реалдуу оппозиция күч менен басылып, жок кылынды. Бийлик алмашкандан кийин Казакстанда Токаевдин тушунда саясий оппозицияга болгон мамиле өзгөрдүбү?
Д. Алжанов: Бийлик алмашты деп айтканга болбойт, Токаев Назарбаевдин мураскору болуп келди. Ошондуктан ал өзүнүн бийлигин чоңойтуп же өзүнөн мурдакы башкаруучунун таасиринен, көзөмөлүнөн кутулду десек болот. Саясий климаттагы өзгөрүүлөргө келсек, анчалык олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Назарбаев сыяктуу эле Токаев дагы оппозициялык топтордун мобилизациялык ар кандай формасынан же биригүү аракетинен кооптонот, ошондуктан аларга саясий партия катары каттоодон өтүп, саясий бийлик үчүн күрөшкө катышууга жол ачкан легалдуу форманы бергенге кызыкдар эмес. Анын ордуна ал президенттин администрациясы аркылуу эки лоялдуу партияны түзүп, эл аралык коомчулуктун сынына жооп катарында конструкцияланган түрдөгү, көзөмөлдөгү мультипартиялуулук идеясын алып чыкты.
Олуттуу саясий өзгөрүүлөргө жол берилбейт, себеби Токаевдин өзүнүн олуттуу коркок билиши бар бар. Эгерде оппозициялык саясий топторго жол ачылса, анда бул анын өзүнө каршы колдонулары калетсиз. Анын бирин айтып кеттим, ал элге ок атууга буйрук берген, анын колу канга боелгон. Экинчиси анын Россия менен болгон байланышы. Булар өз кезегинде андан бийликти талашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондуктан ал максималдуу түрдө коопсуз жол менен барат. Назарбаев кандай башкарган болсо, ошондой оппозициясыз, көзөмөлдөгү шайлоо, көзөмөлдөгү партиялык система менен. Бул анын бийлигинин жашап кетишине көбүрөөк шанс берет.

Сүрөттүн булагы, ALEXEY DANICHEV
"Путинден катуу көз каранды"
Би-Би-Си: Украинадагы согуштун контекстинен алып караганда, Токаев өзүнүн саясатында Москвадан өзүн окчун кармагандай болуп жатат.
Д. Алжанов: Ал мындай дистанцияны кармаганга мажбур. Эсиңизде болсо, башында Казакстандын өкмөтү, Токаевдин өзү дагы кол салуу, согуш жөнүндө унчукпай турушту. Россиянын чабуулу токтоп калганы ачык айкын болуп, согуштун жүрүшү өзгөрө баштаганда, пландар тез ишке ашпай калганда гана, январдагы окуялардан жаңы эле оңолгон Казакстандагы коомдук пикир дагы Украина тарапка ооп турганда, ошондой шартта баланс кармаш үчүн кайсы бир деңгээлде кандайдыр бир формада Путиндин жаманатты имиджинен окчундашка туура келди. Башында Казакстан гуманитардык жардам да жөнөткөн жок, аны бул жактагы волонтерлор аткарды. Бир нече айдан кийин гана ал белгилүү саясий кадамдарга барды.
Путинден катуу көз каранды болгондуктан ал башкача саясатты жүргүзө албайт деп ойлойм, маанилүү учурларда Кремлдин талабын аткарып турганга аргасыз. Казакстан расмий түрдө БУУнун резолюцияларына добуш бергенде четте турат же Россиянын пайдасына берет. Казакстан паралель импортту токтотпой, Россиянын экономикасына санкцияларды айланып өтүп сырттан товар алганга ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Андан сырткары Токаевдин өткөн жылы январда Путинден жардам сураган адам катары жеке түрдөгү саясий көз карандылыгын эске алыш керек. Ошондой эле Казакстандын фундаменталдуу көз карандылыгы да бар, бул мунайдын Россия аркылуу жеткирилиши, бул дагы Кремлдин колундагы Казакстандын чечимине таасир көрсөтө турган рычагдардын бири.
Би-Би-Си: Бир жыл мурдагы окуялар Мангыштауда суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына каршы чыккан кенчилердин социалдык-экономикалык талаптарынан башталбады беле. Азыркы азык-түлүккө, энергя ресурстарына баалар өсүп жаткан кымбатчылык менен каатчылык шартында өкмөт Казакстандагы элдин турмушуна кандай карап жатат?
Д. Алжанов: Чындыгында анчалык жакшы болгон жок. Казакстандын акчалай жаздык түрүндө жардам көрсөтө турган Улуттук фонду бар. Эгер кайсы бир жерде көйгөй чыга турган болсо, Казакстандын өкмөтү бул фонддун акчасын тикелей пайдаланып, жыртык-тешикти бүтөгөнгө, бааларды кармаганга же акчанын курсун кармаганга колдоно алат. Бирок бул жагынан дагы Токаев тарабынан экономиканын иштешин орчундуу өзгөртүү үчүн кандайдыр бир олуттуу аракеттер болгон жок. Себеби бул жакта чоң кичине олигархтар мыкчып турган өзүнчө секторлор калыптанып калган, алар бийликтеги адамдар менен өз ара байланышта турат. Муну өзгөртүү үчүн олуттуу чаралар көрүлгөн жок, ошондуктан Токаев мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөргөндөн кийин ал чыгып сүйлөгөндө келерки жыл экономикалык жагынан мурунку жылдан жаман болот деп белгилеген. Алар элди маалымат жагынан алдын ала даярдап жатышат, себеби экономикада кырдаал өзгөрбөйт.

Сүрөттүн булагы, ALEXANDR BOGDANOV
Бир эле учурда кандайдыр бир саясий толкундоолорго да даярдык көрүлөт сыяктуу, эгер элде кандайдыр бир нааразылыктар болуп, митингге чыга турган болсо, ага Казакстандын режиминин бир эле жообу бар - ал репрессиялык чаралар. Ошол себептүү ар кандай каршылыктар жөнүндө айта турган болсок, алар болбой койбойт, анткени азыр экономикалык кырдаал бир топ эле кыйчалыш болуп турат. Өзүн орто класста сезип келген коомдун катмарына дагы баалардын азыркы өсүшү катуу тийди. Бул бардык категорияга тийиштүү, анын ичинде турак жай ижарасы, коммуналдык кызматтар, эң биринчи керектүү товарлар. Азыркы убакта микрокредиттер калктын жакыр катмарына жеткиликтүү болуп калганын эске алганда, ошондуктан, балким, бул чечимдердин эмнеге алып келерин биз бир нече айдан кийин, эффект коомдун көбүрөөк бөлүгүнө жеткенде гана көрөбүз. Ошондуктан мен мындай шартта каршылыктар болбой койбойт деп ойлойм.































