Афганистан: талибдер аялдарга университетте окуганга тыюу салды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афганистанды башкарып турган "Талибан" кыймылы афган аялдарга университеттерде окууга таптакыр тыюу салды.
Министрликтин билдирүүсүндө аялдар университтерде окуганга болбойт деген тыюу чечими дароо күчүнө кирери айтылат.
Афганистандагы аялдар ошентип бара-бара билим берүү укугунан ажыратылууда.
Талибдер өткөн жылы өспүрүм кыздарга орто мектепке барууга тыюу салышкан.
Талибдер бир жыл мурда бийликке келгенде аялдардын укуктарын «афгандардын каада-салты жана ислам баалуулуктарына» ылайык урматтай турганын убада кылышкан. Бирок натыйжада өлкөдө аялдарга катаң тыюулар салынды жана алардын саны барган сайын көбөйүүдө.
Жалаң эркектерден турган Талибан өкмөтү түзүлдү, Аялдардын иштери боюнча министрлик жоюлду, анын ордуна шарияттын талаптарын таңуулап талап кылган башка министрлик түзүлдү.
Азыр аялдарга коомдук жайларга же шаар сыртына эркектердин коштоосу жок чыгууга болбойт. Май айынан тарта аялдар көчөдө хиджап кийип, бетин жаап жүрүшү керек болуп калды. Буга баш ийбеген кыз-келиндердин атасы же жакын эркек туугандары түрмөгө салынат.
"Мен дарыгер болууга окуп жаткам, өткөн жылы аякташым керек эле. Бирок талибдер келип мени зордоп күйөөгө беришти. Эми күйөөм мага үйдөн чыгууга тыюу салды. Жашоом аңтарылды да калды. Боюмда бар, күйөөм мени көп бала төрөсүн деп жатат. Качайын дейм, аргам жок. Акыркы убакта өлүп алгым келип жүрөт. Ушу кантип жашоо болсун»,-деп ыйлады 24 жаштагы Айша.

Сүрөттүн булагы, AFP
Талибдер бийликке келгенде кыздарга мектептен окууга уруксат берилет деп билдиришкен, бирок аны аткарышкан жок. Азыркы убакта кенже кыздарга гана башталгыч мектепке барууга мүмкүнчүлүк беришти (үч-төрт жыл окушат). Ошол эле убакта мектеп программасы өзгөрдү, азыр негизинен исламды окуганга көп саат бөлүндү.
БУУнун эсебинде Афганистанда 1,1 миллиондон ашык кыздар мектепке барбай калды. Талибан аял мугалимдер жетишпей турганын, кыздарды өзүнчө бөлүп окутканга имарат карап жатышканын айтууда. Бирок бул жүйөлөргө көбү ишенбейт.
Расмий түрдө аялдарга башталгыч мектепте иштегенге уруксат бар, бирок алардын көбүнө экономикадагы кыйынчылыктан улам эмгек акы төлөнбөй калды.
Өткөн жылы ноябрда талибдер актрисалар катышкан телефильмдерди көрсөтүүгө тыюу салып, телеканалдардагы аял алып баруучуларга «ислам хиджабын» кийип чыгууга буйрук берди.
"Талибдердин саясаты көп аялдар менен кыздардын үйдө камалып отурушуна алып келди, мамлекет эң баалуу ресурсунан - аялдардын таланты менен тажрыйбасынан айрылды»,-дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Хезер Барр. "Афганистанда кыз-келиндер үчүн кризис курчуп баратат, анын аягы көрүнбөйт". (КС)































