Тоо стратегиясы: мөңгү менен жайыт көйгөйүнө кандай жооп болот?

Сүрөттүн булагы, David Lugmayr
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын демилгесин колдоого алып, тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады. Би-Би-Си ушуга байланыштуу Кыргызстандагы эң курч турган экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн мамлекеттик стратегиясын сурап, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоартүрдүүлүк жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары департаментинин директору Эмил Ибраевге кайрылды.
Би-Би-Си: "Кумтөрдө" үстүнө өндүрүштүк таштанды төгүлө берип, эбегейсиз мөңгү аянттары жок болгону эң чоң экологиялык зыян катары каралып, миллиарддаган доо коюлду. Ансыз деле мөңгүлөр жылдан жылга азайып жатканда, экологиялык чоң кырсыктын алдын алуунун кандай чаралары каралууда?
Э. Ибраев: Мөңгүлөрдүн эриши бир эле кен иштетүүнүн эмес, жалпы эле климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети. Климаттык өзгөрүүлөр мөңгүлөрдүн эришин тездетип атат десек болот.
70-жылдарда эсепке алынган мөңгүлөрдүн жалпы аянты азыркы учурда 17-20 пайызга кыскарды деген божомолдор бар. Эми мунун божомолдобой, аларга байкоо салып, алдын алуу иштерин жүргүзүү керек. Мисалы, токой отургузуу, токойлордун санын көбөйтүү. Азыр мөңгүлөргө өзгөчө коргоодогу статусту берүү менен аларга байкоо салуу, алдын алуу иштерин жүргүзүү абзел.
Ал эми кен иштетүүдө жаңы технологияны пайдаланып, жер алдынан казууга өтүү керек.

Би-Би-Си: Мөңгүлөр эле эмес, жайыттар дагы деградация болууда. Мал көбөйдү, кээ бир жерде кен казылып, рекультивация иштери жакшы аткарылбай жатат. Деградация болгон канча жайыт аянты бар?
Э. Ибраев: Кыргызстанда тогуз миллион гектарга жакын жайыт болсо, акыркы изилдөөлөр боюнча анын 40-45% деградацияга учурады. Бул биринчиден жайыттарды туура эмес пайдалануудан болуп жатат. Малдын саны көбөйдү деген менен алыскы жайыттарды пайдаланбай атабыз. Ар ким өзүнө жакын, ыңгайлуу жайыттарга барып эле, ошол жактан чыкпай тегеренип туруп атат.
Мисалы, Советтер союзунун убагында деле мал көп болгон, бирок жайыттарды ротациялап пайдалануу жакшы жолго коюлган болчу.
Азыр биз көрүп атабыз, сентябрда мал келип түшөт да айылдын айланасында чыкпай жаткандыктан, жердин чаңы чыгып калууда.
Азыр бул багытта дагы иштер жүрүп атат, жайыттарды жана тоо-токойлорду калыбына келтирүү боюнча эки-үч долбоор бар.
Би-Би-Си: Тоо арасындагы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү да өзүнчө бир маселе болуп көптөн бери келатат. Азыркы учурда аңчылык кылуунун эреже-тартиби кандай болуп калды?
Э. Ибраев: Мораторий мурунтан эле келатат. Ар жылы эки областта үч жылга токтотуп, мергенчилик ресурстарды калыбына келтирүүгө шарт түзүлүүдө.
2023-жылдан баштап Ысык-Көл жана Нарын областтарында үч жылга мораторий кирет.
Мындай караганда бул дагы казынага түшкөн каражат болуп жатат. Экинчиден, жаратылышты кайсы бир жаныбардын түрү көп, ашыкча болуп баратса, жаратылыш өзү да тескейт.
Мисалы, Казакстанда бөкөндөрдү Кызыл китепке киргизиш керек деген маселе болуп, аларды аябай коргоого алышкан. Мына былтыртан бери алардын саны ашыкча көп болуп кетип, казактын экосистемасына зыян алып келе баштады. Анткени, алар жердин баарын тебелеп-тепсеп, айыл чарба багытындагы жерлерге да кирип кетүүдө.
Кыргызстандын экосистемасынын деле өзүнүн сыйымдуулугу бар, мынча тоо теке болуш керек дегендей. Ошол баланс кармалып туруш керек. Бул жагынан биздин Илимдер Академиясы да иш алып барууда, ошолор берген квотага гана аңчылык болот. Бирок баары кагазда жазылгандай такпы деген суроо кабыргансынан турат.
Жайыт кенен, бирок жарактан чыгып калбайбы?
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дагы жайыттардын кунары качып жатканын Би-Би-Сиге айтып берди. Ал Кыргызстан өтө маанилүү артыкчылыгынан кол жууп бара жатат деп сыпаттады.
"Жайытыбыз 9 034 000 гектар жер жалыпысы. Ошонун 60%ын колдонуп жүрөбүз. Мал жайганга жарактуу дегеним. Эми бүгүнкү күндө жайытыбыздын акыбалы кандай? Биз ар кандай жол менен, каалаганыбыздай пайдаланылып келип, бүгүнкү күндө жайыттарыбыздын кунардуулугу аябай түшүп кетти. Жазында кеткен малдарыбыз күзүндө илгерки Союз убагындагыдай ынтыгып, семирип келбей эле. Аны көрүп жатасың. Ал чоң өзгөчөлүгүбүз бар эле, артыкчылыгыбыз бар эле, мына андан дагы акырын ажырап баратабыз"- деди министр Аскарбек Жаныбеков.
Жайытка кадимкидей кам көрбөсө болбойт
Жайыттар негизинен алыскы жана жакынкы жайыттар деп бөлүнөт. Жыл өткөн сайын малдын башы көбөйгөндүктөн жайытка муктаждык күч. Бир кездери каралбай калган жайыттар эми айылдар, ал тургай райондор ортосунда дагы талашка түшкөн мисалдар бар.Мындан сырткары жайыт пайдалануунун эң жөнөкөй, өтө маанилүү эрежелери сакталбай келет. Маселен күн жылымдаганга эртелеп жайыты жарамду болгон аймактарда мал сугарар суунунун жоктугунан жетиле элек чоң жайлоого мөөнөтүнөн эрте көчкөн мисалдар көп. Натыйжада ал жактын жайыты жаңыдан бой көтөрүп келе жатканда эле тебеленип, желип андан ары жетилбей да калат. Бул жер кыртышына, тоо чөбүнүн жетилип, урук чачышына чоң кедергисин тийгизет. Экинчи жагынан жер кыртышынын нымы тоборсубай турган учурда барган төрт түлүк аны оңой эле жууруп, жайыттын кунарын качырат. Мындай жараян2-3 жыл катары менен кайталаган шартта жайытка зыяны чоң. Мунун алдын алуу максатында жасалма мөңгү ыкмасы акырындап жайылууда. Бирок аздык кылат. (KC)
Жасалма мөңгүнү төмөнкү шилтемеден көрүңүз:































