"Орус чалгындоосуна стратегиялык сокку". МИ-5 башчысы Москва Украинадагы согуштан улам жүздөгөн тыңчыларын жоготконун билдирди

Сүрөттүн булагы, PA Media
МИ-5 башчысы Кен Маккаллум Россия Украинага каршы согуш баштагандан бери анын чет өлкөдөгү чалгынчыларынын тармагына оңбогондой сокку урулганын билдирди. Маккаллум ошондой эле Британия Россиянын агрессиясына дагы көп жылдар бою даяр болушу керек дейт.
Өзүнүн жылдык отчетунда контрчалгындын башчысы бүт дүйнө боюнча Россиянын элчиликтеринен 600 кызматкери чыгарылганын, анын кеминде 400 тыңчы болушу мүмкүн деп билдирди.
"Бул Россиянын чалгындоосуна Европанын тарыхында болуп көрбөгөндөй эң күчтүү стратегиялык сокку болуп калды",-деди.
Бир эле Улуу Британиядан дипломатиялык кызматка жашынган 23 россиялык тыңчы куулуп чыгарылды дейт МИ-5 башчысы. Ал эле эмес, кеткен дипломаттардын ордуна Москва сунуш кылган жүздөгөн россиялыктарга дипломатиялык визага уруксат берилген жок, бул улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн жасалды.
"Бирок бизге камаарабай отурган болбойт- деп кошумчалады британиялык контрчалгындын башчысы, - биз Россиянын ачык же кыйыр агрессиясына жакынкы жылдары даяр турушубуз керек".
Британиялык контрчалгындын башчысынын айтымында, Россия мындан ары дагы Британия үчүн тыңчылар жана киберчабуулдар менен гана эмес, ал түгүл энергия булактарына бааны көтөрүп, элге тараткан дезинформация түрүндө да коркунуч келтире берет.
"Алар дагы өзүнүн ишин кыянат ишин уланта берет", - деп эскертти.
Иран менен Кытайдын коркунучу
Британиялык коопсуздукка коркунуч туудурган өлкөлөрдүн ана башында, Маккалумдун айтымында, мурункудай эле Иран менен Кытай турат. Бул жылы МИ-5 Иран тараптан Британияда жашаган адамдарды уурдап же өлтүрүп кетүүгө болгон кеминде он аракеттин бетин ачты. Ошондой эле сегиз террордук кол салуунун алдын алууга мүмкүн болду.
Өткөн аптада британ полициясы өлкөдө жашап жаткан ирандык журналисттерди алардын өмүрүнө абдан чоң коркунуч бар экенин эскертти. Маккалум буга байланыштуу МИ-5 өлкө ичиндеги жана сырттагы кесиптештери менен "ашынган аракеттерге" бөгөт коюу үчүн иштеп жатышканын кабарлады. Иран "акылга сыйбаган аракеттерин" бүт Европа боюнча улантып жатат деди.
Дагы бир чоң жана туруктуу коркунуч, МИ-5 башчысынын айтымында, Кытай болуп келатат. Ал режимдин душмандарын аңдууга, керек болсо коркутуп-үркүтүүгө каражат аябай иштеп жатат. Мисал катары Манчестердеги кытай консулдугунун кызматкери демократиялык кыймылдын бир катышуучусуна кол салып жибергенин айтса болот.
"Биз мындай репрессиялардын улам жаңы көрүнүштөрүн көрүп жатабыз", - деди МИ-5 башчысы, Пекин керек болсо чет өлкөдө өзүнчө бир полициялык участкаларды түзүүгө чейин аракет кылып жатканын белгилеп. Бул участкалар кытай жарандарына администрациялык маселелерди чечүүгө жардамдашат деп расмий айтылган менен, кээ бир маалыматтарга караганда, алар режимге баш ийбеген жарандарын ар кандай амал менен, анын ичинде опуза астында мекенине кайтууга аргасыз кылууда.
"Биз британдык жарандарды же Британияны жашоо үчүн тандап алгандарды коркутуп-үркүткөн же артынан түшкөн аракеттерге эч качан карап турбайбыз", - деди Маккаллум.
Январь айында эле МИ-5 Кытайдын британ саясатына таасир көрсөтүүдөгү демейдегиден башкача аракеттерин эскертип чыккан. Контрчалгындын башчысынын айтымында, кытайдын атайын кызматтары коомдук же саясий карьерасын жаңы баштаган же парламентке талапкер болгон потенциалдуу агенттерди азгыруу, колго алуу сыяктуу жол менен өлкөнүн коомдук жашоосуна кийлигишүүгө аракет кылууну токтотпой келатат.
Теракттар жана 3-D принтер жасаган курал
Терроризм мурдагыдай эле олуттуу коркунуч бойдон калууда, бирок мурунку жылдардагыдай курч турган жок.
2017-жылдан бери МИ-5 полиция менен биргеликте исламчылар жана ашынган экстремисттер тарабынан даярдалган 37 террордук чабуулдун алдын алып токтотуп калышты.
Маккаллумдун айтымында, МИ-5 эл аралык террордук топтордун кайра уюшуу аракеттерин байкоого алууда. Атайын кызматтар ошондой эле жалгыз иштеген террористтер боюнча өзгөчө оор проблеманы чечүүнүн жолун издөөдө. Жалгыз иштеген террористтерди табуу жана алардын кыянат иштерине бөгөт коюу абдан татаал маселе болуп келатат.
Маккалум ошондой эле ок аткан куралдарге ээ болуу аракеттери күчөп жатканын айта кетти, анын ичинде 3-D принтерде курал жасоо аракеттери бар. (КС)































