Уурулардын колу чабылат: Талибдер шарият жазаларын киргизип баштады

Сүрөттүн булагы, Afghan Islamic Press
Талибдердин лидери Хайбатулла Ахундзада соттордо шарият мыйзамы боюнча жазалоо ыкмаларын киргизүүгө буйрук берди. Тоноо, адам уурдоо, козголоңго тукуруу сыяктуу кылмыштарды жасаган айыптуулар колу кесилип, таш бараңга алынып жазаланат.
Талибдердин басма сөз катчысы Забихулла Муджахид "Твиттерге" жазган кабарында судьяларга ыйык ислам мыйзамдарын бузган кылмыштардын бетин ачууга буйрук берилгенин кабарлады. Бул биринчи кезекте ууруларга, козголоңчуларга тийиштүү экени айтылат.
Талибдер баштап жаткан иш жаңы деле эмес, алар 1996-2011-жылдары бийликкке келгенде жүргүзгөн саясатындагы практикага кайтышууда. Алар бийликте турганда аябай катаал жазаларды элдин алдында ишке ашырышкан эле.
Афганистанда 20 жыл бою турган америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин өлкөдө зордук-зомбулук деңгээли кыйла эле төмөндөдү.
Аялдар үйдүн бурчунда
Өткөн жылы августта бийликке кайтып келген талибдер бул жолу жумшагыраак башкарууну убада кылышкан, бирок иш жүзүндө эркиндик басылып, биринчи кезекте аялдардын укуктары басмырланууда.
Өткөн аптада алар аялдарга Кабулдагы парктарга кирүүгө тыюу салышты, аялдар ошентип коомдук турмуштан таптакыр четтеп баратат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ошондой эле өткөн аптада баш калаанын кыз-келиндерине коомдук мончолорго жана спортзалдарга барууга тыюу салынды. Бул жайларга кирүү ансыз деле гендердик белгилер боюнча болуп жаткан эле.
Эми бул жайлар айымдарга таптакыр жабык болот. Талибдер мындай жайларга аялдардын барганы ислам мыйзамдарына туура келбейт деп түшүндүрүүдө.
Аялдарга ошондой эле алыскы жолго эркектердин коштоосуз чыгууга болбойт. Өспүрүм кыздар дагы деле өлкөнүн көп аймактарында мектептерге бара албай жатат.
Саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактарда гана саналуу аялдар иштеп жатат. Көптөрү талибдер бийликке келгенден кийин ишке чыгууну токтотту.
Аялдарга көчөгө жүзүн ачып чыгууга тыюу салган жарлык жазында эле чыккан.
Кабулда аялдар өздөрүнүн укуктарын коргоп, бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышты, бирок күч менен кууп таркатылды.
Афганистанда оппозиция өкүлдөрү, журналисттер жана батыш уюмдарында иштегендер, НАТОго котормочу болуп иштегендер дагы катуу куугунтукка кабылууда.
Афганистандын чет өлкөдө сакталган миллиарддаган доллар активдери тоңдурулган.
Эл аралык коомчулук талибдерден коопсуздук жана адам укуктары жаатындагы берген убадаларын атканууну талап кылууда. (КС)


































