Менструация тактасы Индиядагы табу теманы ачыкка чыгарды

Сүрөттүн булагы, Shahbaz Anwar
"Мен жакында эле эшикке менин айызым келчү күндөрдү белгилеген кагазды илип, үйдөгүлөргө этек кирим качан келерин алдын ала билдирейин дедим. Атам менен байкем аны биринчи жолу көргөндө ыңгайсыз абалда калышты. Бирок эми алар буга көнүп калышты", - дейт Алфишан.
Ал Индияда өзүнүн айызы келчү маалын ачык айтып чыккан жалгыз кыз эмес. Ал жашаган шаарда ондогон кыз-келиндер Алфишадай эле этек кири тууралуу маалыматты ачыктай башташты.
Алфишан Индиянын түндүгүндөгү, Нью-Делиден батышты көздөй 100 километр алыстыкта Мээрут шаарында жашайт.
Түштүк Азиянын көп эле бөлүгүндө аялдардын этек кири жабык тема тейден калууда. Өзгөчө элет жана уруу-уруу болуп жашаган аймактарда айызы келгенде аялдар өзүнчө бөлүнүп жашап, үй-бүлөсүнөн оолак тамак ичүүгө мажбур.
Этек кирдин календары
Мындай тажрыйба буга чейин болгон эмес. Эми бул кампаниянын жактоочулары аялдарды этек кири тууралуу теманы ачык айтып, ал үчүн айызы качан келет көрсөтчү диаграмманы илип коюуга үндөп жатышат.
Алфишан мындай тажрыйба анын жашоосун жомоктой өзгөрткөнүн айтат.
"Айыз келген маалда аялдар көп көйгөйлөргө туш болот. Кыз-келиндер андай убакта чыртылдап, эчтеке жактырбай, өзүн алсыз сезип баштайт. Бирок мен этек кири тууралуу маалыматты иле баштагандан бери, баары кайсыл күндөрү менде андай маанай болот билип калышты".
Алфишан аялдардын бул маселеде ачык болушу эркектерде аялдарга карата түшүнүүнү, боор ооруну пайда кылат деп үмүттөнөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмоционалдык колдоо
Алима кыз-келиндер баштаган мындай өнөктүктүн дагы бир өкүлү. Аны мугалими Алима айызы тууралуу маалыматты ачыктай баштаганы анын үй-бүлөсү ага мурункудан да жылуу колдоо көрсөтүп калганын айтып берди.
"Мен иши бар аялдар этек кири келген маалда кандай кыйынчылыктарга туш болорун жакшы билем. Бирок бул тууралуу ачык айтуу менен биз үй-бүлөбүздөн көбүрөөк колдоо тапсак болот экен. Мен үчүн бул абдан жагымдуу тажрыйба болду" деди Алима Би-Би-Сиге.
Ал дагы Мээрутта жашайт, бул шаарда эки миллионго жакын киши бар. Алардын ичинен болгону 70 аял, анын ичинде турмушка чыкканы, бойдогу да бар, бул долбоорго катышты.
"Кызың менен селфи" өнөктүгү
Мындай ачыктык индус айымдарында кантип пайда болду?
Сунил Джаглан - "Кызың менен селфи" фондусунун директору, бул бейөкмөт уюму. Мээруттагы аялдардын айыз күндөрүн ачыктоо кампаниясы 2021-жылы декабрда башталган. Анда шаар боюнча бул туурасында плакаттар илине баштаган эле.
"Айызы келген аялдар кандай көйгөйлөргө туш болору тууралуу мурдатан эле ойлонуп келгем. Өз үйүмдө деле этек кири келген аялдар кандай көйгөйлөргө туш болорун көргөм".
"Бул көрүнүшкө карата бирдеке кылбаса болбойт дедим. Догдурлар менен сүйлөшүп анан бул өнөктүктү баштадым", - дейт Сунил Джаглан.

Сүрөттүн булагы, Sunil Jaglan
Харьяна штатында аялдардын этек кири тууралуу баракчалар биринчи Нух жана Джинд райондорунда пайда болду.
Андан бери өнөктүк жети штаттагы аялдарга жайылып, ага 1000 кыз-келин катышты.
"Уят комментарийлер"
Ыктыярчылар телефон, коомдук сайттарды колдонуп жана үймө-үй кыдырып аялдарды этек кири тууралуу маалыматты ачыктоого үндөштү.
Айрым учурларда алардын жолу болсо, кээде каршылыкка да кабылып жатышты.
"Адамдар аялдарга карата жакшы эмес сөздөр айтып жатышты, ал тургай өз кыздарына да ошондой мамиле болду. Көп жерде андай баракчаларды сыйрып салышты же кыздарга андайды илүүгө такыр эле уруксат беришпеди", - дейт Яглан.
Индиянын батышындагы көп аймактардай эле Мээрут салт-санаага бекем, консервативдүү аймак. Андыктан аялдарга ал жерде кыйыныраак.
Бирок ыктыярчылар тобу колдоо издеп, диний лидерлерге кайрылышкан. Алар муну менен каршылыкты жоелу дешкен.
Үй-бүлөдө басым эмес, колдоо керек

Сүрөттүн булагы, Shahbaz Anwar
Мурдатан калыптанып калган жүрүм-турумдар дагы бул өнөктуктүн тез жайылышына тоскоол болду. Алия - чоң үй-бүлөдө жашаган үй кожойкеси, андыктан анын түйшүгү да чоң.
"Күйөөмөн башка кайнагам, кайнатам жана башка эркек туугандарым биздин үйгө келип-кетип турат. Андыктан айыз күн календары тууралуу биринчи укканымда мындай нерсени биздин үйдө кыла албайм го деп ойлойдум эле",- дейт ал.
Бирок жолдошу аны колдоп кетти, ошондой эле кайненесин да көндүрүп берди. Эми Алия айызы келген маалда башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн да колдоо таап жатат.
Ачыктыктын күчү
Маниша, менструация тууралуу ачык айтуу өнөктөгүнө кошулган дагы бир келин. Ал бул өнөктүк ага айызы тууралуу эркек туугандары менен ачык сүйлөшүүгө мүмкүндүк берди дейт.
"Бул биздин ден-соолукка байланыштуу нерсе да. Үйдөгүлөрдүн баары айыл маалындагы биздин абалды билиши керек",-дейт Маниша.
"Аялдар мындай кезде өтө урушчаак келет, ал эмнеден улам болуп жатканын билсе адамдар аялдарга карата кичине түшүнүктүү болушат", - деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индияда 2019-жылы жарык көргөн өкмөттүн баяндамасында Индиядагы кыз-келиндердин көбү этек кири келгенде эски кийимдерин айрып, колдонорун аныктаган. Бул үчүн атайын каражаттарды сатып алууга алардын көбүнүн акчасы жетпейт.
Бирок соңку жылдары жергиликтүү өндүрүш жакыр катмарга карап, арзан гигиеналык прокладкалар чыгара баштады, бул аз да болсо аларга көңүл жубатчу иш болуп калды.
Бирок айызы келген аялдарга карата чектөөлөрдөн жана бул тема жабык тейден калып жатканына байланыштуу аялдар ошол арзан каражаттарды да дүкөндөн барып сатып алганган тартынышат.
"Бул уялчу иш эмес"
Өнөктүк коомдогу кандай өзгөрүүлөргө алып келди айтуу кыйын, себеби анын катышуучулары өтө эле аз болду. Бирок Джанланг чачтарач Зубайра Ахмед өңдүү жаңы түшүнүккө келген дамдар болуп жатканына улам, бул өнөктүктүн келечеги бар деп үмүттөнөт.
Ахмед өзүнүн жубайын айыз күнүн келчү календарды илип коюуга сүрөп жатат. Ал колуктусунан каалаган бөлмөнүн эшигине андай баракча илип ал деп айткан.
Зубаирдин эркектерге да, аялдарга да айтчу сөзү бар.
"Аялдар менструация маалында көп нервтенбеши керек. Алар ошондой эле этек кири келип жаткан башкалар эмне дейт деп, акырын азап тартпашы керек". EK































